Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Кой-Таш окуясы боюнча сот 12-августка жылдырылды

0
Кой-Таш окуясы боюнча сот 12-августка жылдырылды

Айрым айыпталуучулардын жактоочулары сотко келбегендигине байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча кезектеги соттук отурум болбой калды. Райондук соттун басма сөз кызматы кийинки жараян 12-августка белгиленгенин билдирди.

Адвокаттар сотко эмне себептен келбей калганы айтылган жок.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашуун адам жабыркаган.

Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Сотко иши өткөн 14 айыпталуучунун ичинен Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында. Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта.

Парламент депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева үй камагында отурушат. Окуя боюнча ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго байланыштуу соттук иш да өзүнчө өтүп жатат.

Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Жапырт башаламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура айыпталуучулардын көбүн жогоруда аталган фактылар боюнча күнөөлүү деп эсептейт. Атамбаев баштаган айыпталуучулар аны четке кагып жүрүшөт.

Азыр соттук акт менен таанышуу жараяны уланууда. Коронавирус пандемиясынан улам сот 3-августтан тартып аралыктан өтүп жатат.

Биринчи май райондук соту 23-июнда Атамбаевди «Батукаевдин иши» боюнча күнөөлүү деп таап, 11 жыл эки айга кескен. Сот аны сыйлыктарынан, өзүнө жана жакындарына таандык мүлкүнөн да ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. (BTo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублёв в трёх сетах обыграл Маркоса Гирона и вышел в третий круг «Мастерса» в Риме






В Москве лифт оторвал 10-летней девочке средний палец

15-летняя москвичка разбилась при падении с высоты 11 этажа во время фотосессии

Потомственный ученый, соратник Грефа, ценитель живописи: кто такой Андрей Белоусов, новый министр обороны РФ

Как Россия побеждает в Африке: Волна военных переворотов приносит Путину новых союзников