Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Евробиримдик Беларуста митингчилерге күч колдонулганын айыптады

0
Евробиримдик Беларуста митингчилерге күч колдонулганын айыптады

Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирип чыккандарга күч колдонулганын айыптады. Ал 10-августта “Твиттерге” жарыялаган билдирүүсүндө Беларус өкмөтүн добуштарды так саноого жана анын жыйынтыгын жарыялоого чакырды.

Ушул эле күнү Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча мекемесинин башчысы Жозеп Боррел жана уюмдун кеңейүү боюнча комиссары Оливер Вархелий да Беларустун күч органдарынын аракетин сынга алган билдирүү таратышты.  

“Эркин шайлоо жана демократия үчүн мурда болуп көрбөгөндөй мобилизациядан кийин Беларус эли добуштарынын так саналышын күтөт”, - деп айтылат ал билдирүүдө.

Дүйшөмбү күнү Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы президент Александр Лукашенко жекшембидеги шайлоодо добуштардын 80,23% алганын билдирди. Расмий маалымат боюнча, Лукашенконун башкы атаандашы Светлана Тихановская 9,9% добуш топтоду. Бирок Тихановская шайлоонун расмий жыйынтыгы бурмаланганын, көпчүлүк добушканалардан чогултулган протоколдордун негизинде өзүн жеңүүчү деп эсептерин айтты.

Кыргызстандын, Орусиянын, Казакстандын, Азербайжандын жана Кытайдын лидерлери Беларустун президенти Александр Лукашенкону мамлекет башчылык кызматка кайра шайланганы менен куттукташты. Лукашенко жекшембинин кечиндеги нааразылык акциялары үчүн “чет өлкөлөрдөгү күчтөрдү” айыптады.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Карен Хачанов

Теннисист Хачанов вышел в третий круг "Мастерса" в Риме






В Химках впервые провели фестиваль колокольного звона

Жители Алтайского края приняли участие в Параде Победы на Красной площади

Молодожены из Татарстана поженились на первом Всероссийском свадебном фестивале в Москве

Свадьбы теряют размах // Какие условия при организации торжества озвучивают пары