Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Ошто шектүү сегиз кишинин биринен күйдүргү аныкталды

0
Ошто шектүү сегиз кишинин биринен күйдүргү аныкталды

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын күйдүргү жуккан деген шек менен ооруканага түшкөн сегиз жашоочусунун биринен ушул диагноз аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык жугуштуу оорулар борборуна таянуу менен билдирди.

Маалыматка караганда, күйдүргү жуккан деген шек менен Ош облустук ооруканасында жаткан бейтаптар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Абалы канааттандырарлык. Баарынан тең анализ алынып, Ош облустук Чумага каршы бөлүмүнө жеткирилген. 

Эпидемиологиялык иликтөө 25-июлда Тогуз-Булак айылында мал союуга тогуз киши катышканын көрсөттү. Этти Тогуз-Булакта 23 үй-бүлө (217 киши), Талдык айылындагы жети (56 киши), Кызыл-Байракта бир үй-бүлө (үч киши),  Беш-Мойнокто үч үй-бүлө (12 киши) алган. Жалпысынан 285 киши байланышта болгон. 

Тогуз-Булак айылы 4-августтан 18-августка чейин карантинге алынган, мал алып кирип-чыгуу токтотулду.

Күйдүргү - кишиге малдан жугуучу жугуштуу оору. Көбүнчө терини, ичеги-карынды, өпкөнү жабыркатат. Бул оору менен ылаңдаган малдын сөөгү өрттөлүп, терең казылган чуңкурга көмүлүп, бети бетондолуп, айланасы тосулууга тийиш. Оорунун очогу 100 жылга чейин ачылбай, адистер жылына эки ирет дезинфекциялап турушу зарыл. (NT)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Анастасия Павлюченкова

Павлюченкова вылетела с турнира в Риме






«Осиновый кол в дворянский Симбирск»

Предложенный на пост министра спорта губернатор Дегтярев прибыл в Москву

Соблазнять Горбункова должна была Лучко: как снимали фильм «Бриллиантовая рука»

Врач Баланова рассказала, как избавиться от отеков после майских застолий