КТРКнын сайтынын жетекчиси Нурзат Ниязова каза болду
Узакка созулган оорудан улам, Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) сайтынын жетекчиси Нурзат Ниязова каза болду. Бул тууралуу маалымат КТРКнын сайтына чыкты.
Нурзат Ниязова 1981-жылы 12-ноябрда Бишкек шаарында төрөлгөн. 1999-жылы Ишеналы Арабаев атындагы мамлекеттик университетке караштуу Гуманитардык билим институтунун котормочу адистиги боюнча факультетине тапшырып, аны 2004-жылы аяктаган.
2006-жылы Корпорациянын курамындагы Республикалык радиотеле борборуна ишке алынып, КТРКнын сайтынын ишке киришине салым кошкон. 2015-жылдан тартып КТРКнын сайтын колдоо бөлүмүндө жетекчилик кызматта иштеп келген. Артында үй-бүлөсү, эки баласы калды.
«Азаттык» радиосунун жамааты Нурзат Ниязованын жакындарына көңүл айтып, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөт. (BTo/MSd)