Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

«Супер-Инфо» гезитинин жетекчилиги басымдан улам кызматтан кеткенин билдирди

0
«Супер-Инфо» гезитинин жетекчилиги басымдан улам кызматтан кеткенин билдирди

«Супер-Инфо» гезитинин директору Шаиста Шатманова кызматтан кеткенин 11-августта «Азаттыкка» ырастады. Маалыматка караганда, Шатманова баштаган үч кызматкер «саясий позициялар туура келбей калганына байланыштуу» деген негизде иштен кетти. Алар - Шаиста Шатманова, «Super.kg» сайтынын директору, сайттын башкы редактору.

«Гезиттин негиздөөчүсү Кылычбек Султан жана гезиттин жетекчилиги былтыр соттон, сурактардан башыбыз чыкпады. Ошол кезде Кылычбек Султан гезиттин, жамааттын келечеги үчүн гезиттен четтөөгө аргасыз болгон эле. Андан кийин гезит менин жетекчилигимде оппозициялык багытта ишин улантып келди. Бирок ар кандай басымдарга байланыштуу негиздөөчүлөрдүн катарынан чыгууга аргасыз болдум. Бүгүнкү түзүлгөн кырдаалга байланыштуу толугу менен кетүүгө туура келди», - деген Шаиста Шатманова «Супер Инфо» гезити өз ишин уланта берерин жана ал басылмада көптөн бери иштеп келаткан адамга өткөнүн кошумчалады. Ал кетип жаткан кызматкерлер ким менен саясий позициясы келишпей калганын айткан жок. 

Былтыр Кыргызстандагы көп тираждуу «Супер инфо» гезити менен эң окумдуу Super.kg порталынын юридикалык кожоюндары алмашканы тууралуу маалымат тарап, басылма Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун колуна өткөнүн айрым маалымат каражаттары жазып чыккан. Гезиттин түзүүчүсү, мурдагы элчи Кылычбек Султан муну четке каккан.

Июлдун аягында «Супер Инфонун» негиздөөчүсү, Кыргызстандын Малайзиядагы, Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси менен бир нече ирет сурак берип чыккан.

Султан аны бийликке сын айтканы менен байланыштырган. УКМК Кылычбек Султандын Кыргызстандын Түштүк Кореядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп жүргөндө кызмат абалынан пайдаланышы ыктымал экендигине байланыштуу сотко чейинки териштирүүгө алынган бир катар эпизоддор боюнча «иликтөө-текшерүү иштери жүрүп жатат» деп түшүндүрмө берген. (NT)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Новак Джокович

Открытый чемпионат Италии: Новак Джокович получил сильный удар после выхода в третий раунд после Корантена Муте | Теннисные новости






Непобедимый "Спартак" Слишковича обыграл "Краснодар"

Школьница разбилась насмерть, упав в вентиляционную шахту в Москве

Московская ночь

Старовойта предложили на пост главы Минтранса