Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

АКШ элчиси Кыргызстан менен Өзбекстанды Абдуллаевди кое берүүгө чакырды

0
АКШ элчиси Кыргызстан менен Өзбекстанды Абдуллаевди кое берүүгө чакырды

АКШнын Ташкенттеги элчиси Дэниел Розенблюм өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин өзбек бийлигинин өтүнүчү менен Бишкекте кармалганы тууралуу маалыматка катуу тынчсыздануусун билдирди. Элчи 13-августта Твиттерге “Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкмөттөрү Абдуллаевдин эркин жүрүү укугун урматтоого жана ал өзү каалаган жерге кетүүсүнө жол берүүгө тийиш” - деп жазды.

Элчи журналисттин кармалышына байланышкан окуяга жакындан байкоо салып турганын кошумчалады.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери Абдуллаевди Өзбекстандын өтүнүчү менен 9-августта кармашкан. 10-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 8-сентябрга чейин камакта калтыруу тууралуу чечим чыгарган.

Адвокат Тимур Карабаев Өзбекстандын укук коргоо органдары Абдуллаевди Жазык кодексинин 158-беренеси («Өзбекстан Республикасынын президентине зыян келтирүү»), 159-беренеси («Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө зыян келтирүү») менен айыптап жатканын билдирген.

10-августта сотко жеткирилген учурда Абдуллаев журналисттерге өзүнө коюлган айыптарга макул эмес экенин жана мыйзамсыз кармалганын айткан.

Абдуллаев Европада жүргөн жеринен Борбор Азиядагы Америка университетинин чакыруусу менен Бишкекке төрт айлык окууга келген. Коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар жабылып, кайра кете албай калган.

Буга чейин бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары журналисттин кармалышын сындашкан.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Уимблдон

Финалистка юниорского Уимблдона-2023 получила временное отстранение за допинг






«Штрафы не за горами». Пока электросамокатчиков не ловят, но это только пока

В Пензе стартовали соревнования по спортивному ориентированию

Деньги начали "гореть": россиян призывают спасать свои сбережения

В Калининграде «Литературная газета» представит шорт-лист премии «ГИПЕРТЕКСТ»