Илхам Алиев: Орусия Арменияга аскердик жүк жөнөтүүдө
Азербайжан президенти Илхам Алиев Орусия чек арадагы кагылышуудан кийин Арменияга аскердик жардам берип келатат деген тынчсыздануусун билдирди. Алиевдиин кеңсеси 13-августта жасаган билдирүүдө президент “түшүндүрмө” алуу үчүн алдынкы күнү Орусиянын президенти Владимир Путинге телефон чалганы айтылат.
Баку Москва “Казакстандын, Түркмөнстандын жана Ирандын аба мейкиндиктери аркылуу Арменияга “400 тоннадан ашуун” аскердик жүк жөнөткөн деп эсептейт.
Өз кезегинде Кремль Путин менен Алиевдин телефон сүйлөшүүсү тууралуу билдирүү таратты, бирок аскердик жабдуу тууралуу сөз кылган жок.
Июлдун ортосунда Азербайжан менен Армениянын чек ара аймагында куралдуу жаңжал тутанып, армян тараптан кеминде 5, азери тараптан 12 аскер окко учкан.
Ереван Алиевдин билдирүүсүнө байланыштуу комменатрий жасаша элек.