Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

ИИМ: Акматов улут аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча суракка алынды

0
ИИМ: Акматов улут аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча суракка алынды

Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналист, саясат талдоочу Айданбек Акматов Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») менен тергелип жаткан иште күбө катары суракка алынганын кабарлады.

Бул тууралуу «Азаттыкка» министрликтин басма сөз катчысы Ырысгүл Жайлообекова билдирди. Ал ua.kg деген порталга парламенттик шайлоого байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков жөнүндө туура эмес маалымат чыкканын жана ал боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын айтты: 

«Ал факт Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул маалыматты Интернетке Айданбек Акматов салганы белгилүү болду. Аталган факт боюнча соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалып, ушул жылдын 11-августунда Акматов ИИМде суракка алынды. Азыр сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат жана юридикалык баа берилет».

Айданбек Акматов 22-июнда «Фейсбуктагы» баракчасына «2010-2015-жылдары олигархтар партия түзүп, мамлекеттик саясатка аралашып, мамлекеттин ресурстарын талап-тоноого активдүү киришкенин» жазган. Ал «азыркы президент Сооронбай Жээнбеков олигархтарды колдонуп парламент түптөп жатканын, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да ушундай кылганын» билдирген.

Ал ИИМде сурак берип чыккандан кийин муну саясий көз карашы менен байланыштырган. Азыркы бийликтин ишмердигин сындап келе жаткан Акматов быйылкы парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен бара турганын билдирген.

Кыргызстанда адамдар социалдык тармакка жазган билдирүүлөрү үчүн күч түзүмдөрүнө суракка чакырылган окуялар көп. Жакында эле «Фейсбуктагы» «Меместан» деген баракчанын администратору Арген Бактыбек уулу жана анын аялы милицияга сурак берип чыгышкан.

Буга чейин бишкектик стендап-комик (stand-up comedy) Назгүл Айылчынова 15-июлда УКМКга күбө катары сурак берген. Ал суракка кирип чыккандан кийин «Фейсбуктагы» баракчасындагы бир нече билдирүүлөрдү өчүргөн. Андан мурдараак стендап-комик телефондогу «Doublicat» тиркемеси менен президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөтүн пайдаланып жасаган видеону социалдык тармактарга бөлүшкөн. (BTo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Новак Джокович

Кто транслирует бой Табило против Джоковича на турнире Rome Masters 1000?






Московский таксист опоздал на вызов к пожилому пассажиру и прострелил ему бедро

Посол Антонов: запрет на импорт российского урана ударит по самим США

Пьяный водитель автобуса пытался дать взятку ГИБДД в Бурятии

Харбинский политехнический университет – давняя история сотрудничества с Россией