Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Абдыгулов: Экономиканы колдоого 6 миллиарддан ашык сом бөлүндү

0
Абдыгулов: Экономиканы колдоого 6 миллиарддан ашык сом бөлүндү

Кыргызстандын Улуттук банкы коронавирус пандемиясынын терс таасиринен арылуу, ишкерлерди жана калкты колдоо максатында жалпы 6 миллиард сомдон ашык каражатты ата мекендик экономиканы жана реалдуу секторду колдоого бөлдү. 

Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 14-августта президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон онлайн кеңешмеде билдирди. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, кеңешмеде  коронавирус пандемиясынын шартында макроэкономикалык туруктуулукту колдоо боюнча чаралар талкууланды.  

Абдыгуловдун маалыматына караганда, 2020-жылдын январь айынан тартып 3 миллиарддан ашык сом  коммерциялык банктарга берилип, калкка 10-14% насыя түрүндө таратылды. Коммерциялык банктар үчүн насыялар 1 миллиард сомго чейин кеңейтилди. Пандемиянын терс таасирин азайтуу максатында коммерциялык банктарга 400 млн. сомдон ашык насыялар берилди. Пандемия шартында ипотекалык, кичи жана орто бизнеске насыя берүүнү кеңейтүү үчүн «Керемет Банкка» 1,5 млрд. сом, ишкерлерди колдоо максатында «Кепилдик фондуна»  1 миллиард сомдук кошумча капитал бөлүндү.

Улуттук банктын 2019-жылдагы 2,5 миллиард сомго бааланган бардык кирешеси 2020-жылдын июлунда мамлекеттик бюджетти колдоого багытталды.  10%  же 256 миллион сому өлкөнүн каржы секторун колдоо үчүн өкмөттүн резервин түзүүгө сарпталды.

 Кыргызстан социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу жана бюджетти колдоо үчүн 2020-жылы чет жактан жалпысынан 742,9 млн. доллар жардам алганы жатат. (NT)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Уимблдон

Финалистка юниорского Уимблдона-2023 получила временное отстранение за допинг






Появилось видео ДТП, где поезд "Воркута-Москва" протаранил легковое авто

Глава департамента информполитики Томской области покидает пост

В Москве исполнят футуристическую оперу 1913 года с новонайденными эпизодами

Мужчина перепрыгивает лужу у торговых рядов, 2000 год, Москва