Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Өкмөт «Коопсуз шаардан» түшкөн акчага «Тез жардам» автоунааларын сатып алат

0
Өкмөт «Коопсуз шаардан» түшкөн акчага «Тез жардам» автоунааларын сатып алат

Кыргыз өкмөтү күз-кыш мезгилинде COVID-19 пандемиясынын ыктымалдуу экинчи толкунуна каршы көрүлүп жаткан даярдык тууралуу маалымат берди.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, профилактика жана дарылоо, кадрларды даярдоо жана саламаттык сактоо тутумуна маалыматтык технологияларды киргизүү иштери жүрүп жатканын айтты. Бул иштердин бардыгы үчүн каржылоо булагы аныкталды.

Ушул тапта Бишкек шаарында (100 орундуу), Нарын (70 орун) жана Ош (100 орун) үч инфекциялык оорукана курулуп жатат. Аймактарда тогуз саламаттык сактоо объектисин оңдоо жана багытын өзгөртүү иштери жүрүүдө.

Саламаттык сактоо мекемелерине борборлоштурулган суюлтулган кычкылтек системасын жана 29 мекемеге газификаторлорду орнотуу каралган. «Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн каражатка «Тез жардам» автоунааларын сатып алуу, коронавирус менен ооругандарды диспансеризациялоо жана реабилитациялоо системасын түзүү пландалууда. Медицина кызматкерлеринин кадрдык резервин түзүү да мерчемделген. 

Кыргызстанга пандемия келип жеткен март айынан бери коронавирустун курмандыктары 1 491 кишиге жетти. COVID-19 илдети 41 373 кишиге жугуп, анын 33 622си айыкты.

Пандемияда, өзгөчө оору күчөгөн июль айында «Тез жардам» автоунааларынын жетишсиздигинен улам өлкөдө дарыгерлер бейтаптарга жетишпей кыйналды. Айрым ыктыярчылар 24 саат бою тез жардамдын кызматын аткарып, абалы оорлошкон бейтаптардын үйлөрүн кыдырып жүрүштү.

Ооруканаларда орун жетишпей, өкмөт, ыктыярчылар менен ишкерлер күндүзгү жана кечки стационарларды уюштуруп, бейтаптарды тейлеп жатышты. (BTo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Уимблдон

Финалистка юниорского Уимблдона-2023 получила временное отстранение за допинг






420 тысяч рублей может зарабатывать фрилансер в Новосибирске

Ночные рейсы запустят из Читы в Москву с начала лета

Дочь актрисы Анастасии Заворотнюк показала фигуру в купальнике

Альтернатива ипотеки: что такое ссудо-сберегательные кассы и как они работают