Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Тажикстанда саясий партиялар президенттик шайлоого даярдана баштады

0
Тажикстанда саясий партиялар президенттик шайлоого даярдана баштады

Тажикстандагы саясий партиялар 11-октябрга белгиленген президенттик шайлоого даярдыкты башташты. Мыйзамга ылайык, саясий партиялар, кесиптик кошуундар президенттикке талапкерлерди көрсөтө алышат. Агрардык партия өз талапкерин 15-августтагы жыйында атаганы жатат. Социалисттик партия бир жумадан кийин өз чечимин жарыяламакчы. Башка партиялар, анын ичинде башкаруудагы Улуттук-демократиялык партия качан жыйын өткөрөрүн билдире элек.

Адатта президенттик шайлоо Тажикстанда ноябрда уюштурулуп келген.

Социал-демократиялык партиянын төрагасы Рахматилло Зойиров добуш берүүнү 11-октябрга дайындоо Конституцияга каршы келерин, себеби шайлоо комиссияларын түзүү, кол чогултуу, каражат төгүү, талапкерлерди каттоо мыйзамда каралган белгилүү бир мөөнөттө башталууга тийиш экенин билдирди.

Парламенттин эки палатасы шайлоо күнү тууралуу чечимин 6-августта кабыл алган. Депутаттар быйыл коронавирустун жайылуу коркунучунан улам ушундай чечим чыкканын айтышууда. 

Тажикстанда президент жети жылга шайланат. Талдоочулар бийликтеги партиядан шайлоого өлкөнү 28 жылдан бери жетектеп келаткан азыркы мамлекет башчы Эмомали Рахмон же анын уулу, Дүйшөмбүнүн мэри Рустам аттанары белгисиз деп эсептешет.

Өлкө эгемендик алгандан бери бир да шайлоо Батыш институттары жана ЕККУ тарабынан эч качан эркин жана демократиялык деп таанылган эмес.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Александрова не смогла обыграть Саснович и покинула турнир WTA-1000 в Риме






Источник 360.ru: в Краснопахорском сгорел частный дом, пострадали 2 человека

Мария Багреева: в январе-марте в Москве выдали 8,5 тыс. семейных ипотек

Акция «Возьми друга из приюта» прошла в Наро-Фоминске

У «Балтики» есть шанс: у «Спартака» в Калининград не прилетели Соболев и Бабич