Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Салянова Батукаев иши боюнча тергөө менен кызматташууну токтотту

0
Салянова Батукаев иши боюнча тергөө менен кызматташууну токтотту

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөө менен кызматташуу келишимин токтотконун анын адвокаты Рабига Сыдыкова ырастады.

Ал Салянова тергөө кызматташуу жөнүндө келишимге чейин жана андан кийин да иш боюнча берген көрсөтмөсүн өзгөртпөгөнүн айтты.

«Тергөө менен түзүлгөн келишим боюнча сотко күбөлөрдү чакырганга болбойт экен. Керек болсо соттун өкүмүнө каршы даттанууга да болбойт. Ошон үчүн Аида Салянова күнөөсү жок экенин толук далилдеш үчүн келишимден баш тартты. Андан тышкары Салянова «Атамбаев мыйзамсыз буйрук берген» деп айткан эмес. Эгер медициналык анализдерди бурмалоо боюнча тергөөдө Атамбаевдин күнөөсү далилденген болсо, Аида Салянованын көрсөтмөсү ошондо гана чоң роль ойнойт».

Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жыл, 8 айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишин Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы 2019-жылдын январында кайра иликтей баштап, сентябрь айында мыйзамга шайкештигин текшериш үчүн Башкы прокуратурага жөнөткөн. Сотко иш ошол жылдын октябрында өткөн.

ИИМ бул иш Жазык кодексинин «Коррупция» беренесинин негизинде тергелгенин, шектүү 19 адамдын 14ү тергөө менен кызматташууга макул болгонун, иш 451 томдон турарын кабарлаган.

Быйыл 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди «Батукаевдин иши» боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл, эки айга кескен.

Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева да күнөөлүү деп табылып, ага беш миллион сом айыппул салынган. Ал мамлекеттик чиндеринен жана мамлекеттик наамынан ажыратылган.

Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов күнөөлүү деп табылып, кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен ага жаза чегерилген эмес.

ЖАМК төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев күнөөлүү деп табылып, эки жылга эркинен ажыратууга өкүм чыккан. Бирок буга чейин камакта отурганын эсепке алганда, жазасын өтөп бүттү деп таанылып, сот залынан бошотулган.

14-августта Бишкек шаардык соту Батукаев иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды.

Свердлов райондук соту тергөө менен кызматташкандардын алтооно 260 миң сомдон, төртөөнө 300 миң сомдон айып салды. Дагы төрт кишинин иши сотто каралып жатат. Алардын бири мурдагы башкы прокурор Аида Салянова. Ал тергөө менен кызматташууга макул болуп кийин андан баш тартты. (BTo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Новак Джокович

Первая ракета мира Джокович получил бутылкой по голове после матча в Риме






Источник 360.ru: в Южном Медведкове на улице Дежнева машина врезалась в дерево

В Волгоградской области на станции Котлубань грузовые вагоны сошли с рельсов

Байден запретил поставки урана из России в США. Это должно позволить устранить зависимость от РФ в сфере мирной ядерной энергетики

Жители столицы: Брянск за последние годы серьезно преобразился