Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Минскиде жумушчулар иш таштап, өкмөт имаратына жүрүш жасашты

0
Минскиде жумушчулар иш таштап, өкмөт имаратына жүрүш жасашты

Беларустун баш калаасында Минск трактор заводунун миңдеген жумушчулары шаардын борборун аралап жүрүш жасап, өкмөт имараты жайгашкан Эгемендик аянтына чейин барышты. Алар «Сыртка чык!» деп, бийлик менен диалогду талап кылышууда. Ал жерде аларга милициянын зомбулугуна каршы чыккандар да кошулду.

Имаратты кайтарган ОМОНдун 10 кызматкери тилектештигин билдирип калкандарын түшүрдү. Бул тууралуу «Азаттыктын» беларус кызматы кабарлады.

Жумушчулардын демонстрациясы жума күнү күндүз алар иш таштоону жарыялашкандан кийин башталган. Аларга өкмөт башчы Роман Головченко чыгып, бирок журналисттерсиз сүйлөшөрүн айтты.

Ал тапта 14-августта Беларустун Ички иштер министрлиги нааразылык акцияларынын убагында кармалган эки миңден ашуун киши бошотулганын билдирди. Мекеме кийинки күндөрдө 6 700 киши кармалганын, кармоочу жайлар толуп кеткени маселе жаратканын белгиледи. 

Мурунку күнү беларус бийлиги бир миңдей кишини коё берген. Жана бийлик көчөдө жөн эле жүргөндөргө каршы ашыкча күч колдонулгандыгы үчүн кечирим сурады.

Жума күнү Борбордук шайлоо комиссиясы президент Александр Лукашенко 9-августтагы шайлоону жеңгенин расмий жарыялады. Комиссиянын сайтындагы маалыматка караганда, өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан Лукашенкого добуштардын 80,1%, анын негизги атаандашы Светлана Тихановскаяга 10,1% тийген. Оппозиция шайлоонун баштапкы жыйынтыгын тааныган эмес.

Тихановская ошол эле күнү видео кайрылуу жарыялады. Ал шайлоону жеңгенине ишенерин, жыйынтыкты бурмалоодон баш тарткан ондогон шайлоо участокторунда добуштардын 70-90% жакынын алганын айтты. 10-августта бийликтин басымынан улам Литвага кеткен оппозициячыл талапкер ага добуш берген жарандарга ыраазычылык билдирип, өз чечимин коргоого, дем алыш күндөрү элди тынч митингге чыгууга үндөдү.  

Нааразылык акциялары шайлоо күнүнөн бери токтобой келатат.  Аларды жетектеген бирдиктүү штаб же уюштуруу комитети жок болгону менен, катышуучулар буга чейин кармалган демонстранттарды жана саясий туткундарды коё берүүнү, кыйноо, зомбулук үчүн жооптуу адамдарды жазалоону, Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылышууда.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Карен Хачанов

Хачанов проиграл Табило в 1/8 финала «Мастерса» в Риме






В Богородском округе планируют провести реконструкцию Центра образования № 23

Вендел: «Моя мотивация — максимальное количество трофеев»

Первый театральный фестиваль «Учитель и ученики» посвятят режиссеру Петру Фоменко

Адвокаты Юревича не хотят отдавать "Макфу" быстро