Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Орусиядан дагы 300дөй кыргызстандык чартердик каттам менен келди

0
Орусиядан дагы 300дөй кыргызстандык чартердик каттам менен келди

Бүгүн, 15-августта «Урал авиалиниялары» авиакомпаниясынын Санкт-Петербург – Бишкек каттамы менен Кыргызстандын 162 жараны, «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын Новосибирск-Ош каттамы менен Кыргызстандын 150 жараны мекенине кайтты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Кечээ, 14-августта «Авиа Траффик Компани» авикомпаниясынын эки учагы Москва–Бишкек жана Санкт-Петербург – Ош каттамдары менен кыргызстандык 312 жаранды алып келген.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына караганда, 20-марттан 1-августка чейин Орусиянын 21 аймагынан 20 миңден ашуун кыргыз жараны мекенине кайтты. Алар үчүн 80ге жакын авиакаттам жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург, Самара облустарынан 52 автобус уюштурулган.

Мурдараак Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирүү таратып, Бишкек менен Оштон Орусиянын шаарларына 15-августтан баштап авиакаттам ачыларын билдирген. 30-августка чейин 16 каттам болору кабарланган. (ErN)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Александрова не смогла обыграть Саснович и покинула турнир WTA-1000 в Риме






Дипломат Беляев: РФ не имеет морального права закрыть посольства в Прибалтике

Автобус с пассажирами упал в реку с моста в Санкт-Петербурге - семеро погибли

Ради новой жизни. Эксперт рассказала, для чего создается банк спермы

МИД: новым послом Финляндии в России станет Марья Лиивала