Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Шайлоо 2020: «Ак шумкар» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары сүйлөшүү жүргүзүүдө

0
Шайлоо 2020: «Ак шумкар» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары сүйлөшүү жүргүзүүдө

15-августта коомдук-саясий ишмер, парламенттин мурдагы вице-спикери Кубанычбек Исабеков «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясына кошулганы маалым болду. Ал эми «Ак шумкар» партиясынын лидери, экс-премьер-министр Темир Сариев менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Мунарбек уулу билдирди.

«Бүтүн Кыргызстандын» өкүлү ошондой эле коомчулукта айтылып жаткан маалыматтарды ырастап, аларга мурдараак жети партия кошулганын тактады.

Мунарбек уулунун айтымында «Кыргызстан коммунисттеринин партиясынын» лидери Исхак Масалиев, «ЭрК» партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу, «Эгемен Кыргызстан» партиясынын лидери Бектур Асанов, «СССР» партиясынын лидери Ишенбай Кадырбеков, «Ак калпак» партиясынын лидери Улукбек Маматаев, «Улуу көч» партиясынын лидери Акат Момунов жана «Бүткүл жаштар» партиясынын лидери Чыңгыз Капаров «Бүтүн Кыргызстанга» биригүү тууралуу меморандумга кол коюшкан.

«Бүтүн Кыргызстанга» кошуларын мунун алдында Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев да бышыктаган.

Мурдараак «Жаңы дем» саясий альянсына бириккен Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Рыскелди Момбеков, Наталья Никитенко, ишкер Тилек Токтагазиев баштаган саясатчылар шайлоого «Ата Мекен» партиясынын туусу астында барууну көздөшүүдө. Бул топко кошулган «Ак шумкар» партиясынын лидери, экс-премьер-министр Темир Сариев кийин кайра чыгып кеткен.

Мурдараак «Мекеним Кыргызстан» партиясына «Табылга» жана «Бирик» партиялары кошулган. «Демократ» партиясы келерки парламенттик шайлоого катышуу үчүн «Бир Болго» бириккен.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. Шайлоого барарын жалпысынан 44 партия билдирген. «Кыргызстан коммунисттеринин партиясы» шайлоого катышуудан өз эрки менен баш тартты. Ал эми «Агардык партия» менен «Жаратман» партиясына шайлоо фондун өз мөөнөтүндө ача албаганы үчүн шайлоого катышуу укугу берилген жок. (ErN)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Карен Хачанов

Теннисист Хачанов вышел в третий круг "Мастерса" в Риме






В угольную отрасль Кузбасса в 2024 г. планируют вложить более 135 млрд руб.

«Спартак» обыгрывает «Краснодар» после первого тайма благодаря голу Зобнина

«Спартак» не проигрывает на протяжении семи матчей

В столице на фестивале «Московская весна» на Коптевском бульваре проходят спортивные конкурсы