Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Чукул билдирүү: тоо этектеринде сел жүрөт

0
Чукул билдирүү: тоо этектеринде сел жүрөт

18-19-август күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан катуу жаайт. Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда да жаан-чачын болот.

18-августта күндүз жана 19-августта түнкүсүн бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаалардын жүрүшүн, энергетика жана коммуналдык чарба кызматтарынын ишин жана жайыттарда мал багууну кыйындатат. Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 21…26;

Талас жергесинде түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 17…22, күндүз 24…29;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 12…17, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 14…19 градус болот.

Бишкек шаарында нөшөрлөп жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 17…19°, күндүзгү жогорку температурасы 24…26° болот.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Шнайдер вышла в третий круг турнира WTA-1000 в Риме, победив Самсонову в российском дерби






«Весна — время для перемен»: фигурист Игнатов ушёл от Рукавицына и перезапустит карьеру под руководством Плющенко

США внесли в черный список 26 компаний из КНР из-за поставок товаров в РФ

Бурятское ГИБДД обучает безопасности в театр «Ульгэр» - дети и культура, дорога России

Работу Wink и «Кинопоиска» могут приостановить за пропаганду ЛГБТ*