БУУ трибуналы Хариринин өлүмү боюнча бир адамды күнөөлүү деп тапты
Улуттар Уюмунун алдындагы трибунал Ливиянын мурдагы өкмөт башчысы Рафик аль-Харирини 2005-жылы өлтүрүүгө кутум уюштурган деген айып менен “Хезболла” уюмунун мүчөсүн күнөөлүү деп тапты. Ага карата сот өкүмү кийин чыгат.
Бул иш боюнча айыпталып жаткан дагы үч адам далил жетишсиздигинен улам акталды.
Ливандагы “Хезболла” шиит тобунун мүчөсү деп эсептелген төрт адамдын соту 2014-жылы Гааганын жанында атайын Ливан боюнча түзүлгөн трибуналда сыртынан башталган.
Прокурорлордун ырастоосуна караганда, жардыруу уюлдук телефондордун жардамы менен ишке ашырылган. Алардын бири “Хезболланын” мүчөсү Селим Айяшка таандык экени сотто аныкталган.
Ливандын мурдагы премьери Харири жана дагы 22 киши 2005-жылы Бейрутта автоунаанын жарылуусунан мерт болгон жана бул окуя Ливанда шииттер менен суннилердин жиктешүүсүнө шыкак берген. Мурдагы премьер киши колдуу болгондон кийин Сирия Ливандан аскерлерин чыгарып, "Хезболла" буга катыштыгы бардыгын четке каккан. Улуттар Уюму бомба жарылууну иликтөө боюнча атайын трибунал уюштурган.