Пакистан кытайлык вакцинаны сыноодон өткөрөт
Пакистандын бийлиги Кытайда чыгарылган COVID-19 илдетине каршы вакцинаны өз жарандарына сыноодон өткөрүүгө макул болду.
Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо боюнча улуттук институту билдирди.
Вакцинаны Бээжин биотехнология институту менен "CanSinoBio" деп аталган кытайлык компания чыгарган. Институт билдиргендей, Пакистанда сыноонун үчүнчү баскычы өткөрүлөт.
Кокустан Кытай вакцинасы ийгиликтүү болуп калса Пакистан аны арзан баада, алгачкылардын катарында алат.
Эксперименталдык вакцина Кытайда, Орусияда, Чилиде жана Аргентинада сыноодон өтүп жатат. Мексика жана Сауд Арабия дагы клиникалык сыноолорго катышууну көздөп жатышат.
Расмий маалыматтарга караганда, Пакистанда 290 миң адам коронавируска кабылган, алты миңден көп киши каза болгон.