Шайлоо 2020: 22 саясий партия талапкерлеринин тизмесин бекитти
19-августта Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин бекитүү мөөнөтү бүттү.
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, 20-августка чейин 22 саясий партия курултай өткөрүп, талапкерлеринин тизмесин түзүп, бекитти.
Шайлоого катышуу ниетин билдирип, БШКга 44 саясий партия кайрылган. Алардын ичинен 11 партия шайлоого катышпай турганын Боршайкомго оозеки, ал эми 8 партия жазуу түрүндө маалымдаган. «Кыргызстан патриоттору» жана «Билим Илим ордосу» партиялары эч кандай маалымат берген эмес.
БШКнын билдиргенине караганда, партиялардын курултайлары учурунда шайлоо мыйзамдарына туура келбеген кыймыл-аракеттер катталган жок. Санитардык коопсуздук талаптары сакталды.
Эми шайлоого катышуучу партиялар 24-августка чейин талапкерлеринин акыркы, бекитилген тизмесин, алар тууралуу толук маалыматтарды, шайлоо күрөөсү төгүлгөнү тууралуу документтерди тапшырууга тийиш. Талапкерлердин тизмеси тууралуу маалыматтар электрондук формат менен катар кагаз жүзүндө да берилет. Маалыматтар “Электрондук талапкер” программасына киргизилет. Мындан тышкары талапкерлер тууралуу маалыматтарды “Түндүк” бирдиктүү системасы аркылуу текшерүүгө БШКга мүмкүнчүлүк түзөт.
Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. (ZKo)