Президент эч бир партияга таянбай турганын айтты
Президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" курган маегинде алдыдагы парламенттик шайлоого токтолуп, ага катышып жаткан партиялардын бирине да кызмат кылбай турганын айтты:
"Эгемен Кыргызстандын тарыхында мага чейинки президенттер, аларга тирек болот деп партияларды түзүшкөн. Бирок ошол тирек болот деген партиялар эч кимисин сактап калган жок да. Ага тарых күбө. Эл күбө. Буга 1995-жылдан тартып саясатта жүрүп, мен дагы күбөмүн. Мен муну мамлекеттик ишмер катары да, пенде катары да толук түшүнөм. Буюрса, шайлоодо жеңип келген партиялардын кимиси болбосун, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп, чогуу иштегенге даярмын. Кандай партия келбесин — элдин тандоосу. Эл тандагандан кийин мен ал партиялар менен иштешим керек".
Мамлекет башчы саясаттан тышкары коронавирус пандемиясынын күзүндө күтүлүп жаткан жаңы толкуну тууралуу да пикири менен бөлүштү. Президент Жээнбеков акыркы убактарда өлкөдө абал жакшырып баратканы менен илдеттин дарысы табылганча, оорудан сактануунун талаптарын сактоо - ар бир жарандын милдети жана жоопкерчилиги экенин эскертти.
Президент Сооронбай Жээнбеков 1998-жылдан тартып, КСДПнын мүчөсү болгон. Партиядан качан чыкканы тууралуу маалымат жок.
2007-жылы парламенттик шайлоодо КСДПнын тизмеси менен бир тууганы Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.(ZKo)