Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Навальный Германияга жеткирилди

0
Навальный Германияга жеткирилди

Орусиялык оппозициячы Алексей Навальныйды салган немис медициналык учагы 22-августта эртең менен Германияга конду. Омск шаарынын №1 тез жардам ооруканасы 21-августтун кечинде анын абалы оңоло баштаганын билдирип, орун которууга уруксат берген.

Орус бийлигинин элдешкис каршылашы саналган Алексей Навальный 20-августта Томск-Москва багытындагы учакта эс-учун жоготуп жыгылып, учак Омскиге шашылыш конгон. Дароо ооруканага жеткирилген Навальныйдын комадан чыкканы кабарлана элек.

Омск шаарынын №1 тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Александр Мураховский Навальныйдын негизги диагнозу – “зат алмашуунун бузулушу” деп сыпаттап, «бул балким учакта отурганда канындагы канты кескин азайып кетишинен болушу мүмкүн» деп билдирген.

Мындай бүтүмгө бейтаптын жакындары ишенбей, «аны ууландырышкан» деп жатышат.

Буга чейин Навальныйга Германиянын канцлери Ангела Меркел медициналык жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирип, Берлиндеги Шарите ооруканасы дарылай турганы кабарланган.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О' Брайен 20-августта Fox News телеканалына маегинде Навальный ууландырылышы мүмкүн деген кабарлар “абдан чочулатарын” билдирди. Оппозициячынын абалынын кескин начарлап кетишине орус бийлигинин катыштыгы бар болсо, бул келечектеги АКШ-Орусия мамилесине таасир этерин белгиледи. (MTo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Шнайдер вышла в третий круг турнира WTA-1000 в Риме, победив Самсонову в российском дерби






Две пары со Ставрополья поженятся на Всероссийском свадебном фестивале на ВДНХ

12 мая на выставке "Россия" начнется Всероссийский свадебный фестиваль

Москвичей пригласили на День экологического образования на ВДНХ

Всероссийский фестиваль прогремит в Петрозаводске