Штаб: Муфтият жума намазга уруксат берүүнү өтүнүүдө
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабга кайрылып, жарандардан жума намазга уруксат берүү тууралуу өтүнүч түшүп жатканын билдирген. Бул тууралуу штабдын 22-августтагы жыйынында айтылды.
Анда айтылгандай, Мусулмандар дин башкармалыгы диний мекемелердеги санитардык талаптардын аткарылышына көз салуу милдетин өзүнө алууда. Штабдын маалыматына караганда, биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков Саламаттык сактоо министрлигине Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана муфтият менен чогуу санитардык коопсуздук алгоритмин иштеп чыгууну тапшырды.
Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин жума намазы убактылуу токтотулуп, анын ордуна бешим намазын өз алдынча окууга уруксат берилген. Мындай чечимди 9-июлда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы (муфтият) Аалымдар кеңешинин чечиминин негизинде кабыл алган.
Буга чейин марттын этегинен баштап эки ай карантин учурунда жума намазга убактылуу тыюу салынган. Майдын аягында карантин эрежелери жумшаргандан кийин жума намазга уруксат берилген.(ZKo)