Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Коронавирус концерттерде кантип жугары иликтенди

0
Коронавирус концерттерде кантип жугары иликтенди

Германияда окумуштуулар коронавирус концерттерде кантип жугарын иликтеш үчүн эксперимент өткөрүштү. Бул үчүн Лейпциг шаарында үч поп-концерт өткөрүлдү. Галле-Виттенберг университетинин окумуштуулары уюштурушкан иш-чарада ырчы Тим Бенздго ырдады.

Ар бир концерт үчүн өзүнчө сценарий жазылган. Биринчиси пандемияга чейинки концерттердей эле өттү. Экинчисинде көрүүчүлөр коопсуздук эрежелерин көзөмөлдөөгө тийиш эле. Ал эми үчүнчү концертте көрүүчүлөр азайтылып, алардын ортосундагы бир жарым метрлик аралык сакталды.

Концерттерге жалпысынан 1500 адам барды. Алардын баары алдын-ала коронавируска тест тапшырып, беткапчан кирди. Көрүүчүлөрдүн кыймыл-аракеттерин көзөмөлдөш үчүн аларга атайын датчиктер тагылган. Ошондой эле аларга атайын флуоресценттик дезинфекциялоочу суюктук таркатылган. Аны менен окумуштуулар көрүүчүлөр кайсы буюмдарды көп кармаганын аныкташат. Ошондой эле вирусту абада ары-бери алып жүрүүчү аэрозолдордун траекториясын аныкташ үчүн залга атайын түтүн да коё берилип турду.

Иликтөөнүн жыйынтыгы күзүндө жарыяланат. Муну менен илимпоздор математикалык модел түзүп, көп эл катышкан жабык жайларда вирусту жугузуп алуу коркунучу канчалык жогору экенин иликтөөнү көздөшүүдө.

Соңку маалыматтарга ылайык, пандемия башталганы коронавирус 23 миллиондон көп адамдан табылды. Алардын 800дөйү көз жумду.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Новак Джокович

Теннисист Джокович раздавал автографы в шлеме после попадания бутылкой в голову






Самолет Москва — Гуанчжоу сел в Иркутске из-за технической неисправности

Жительница Чувашии прошла всю Великую Отечественную, отпраздновала 99-летие и хочет вырастить арбуз

Глава "Газпрома" Миллер посетил раздевалку "Зенита" после поражения от ЦСКА

Синоптик Вильфанд: в следующие выходные температура приблизится к норме