Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Беларустагы митингге тилектештик акциялары дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да өтүп жатат

0
Беларустагы митингге тилектештик акциялары дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да өтүп жатат

Грузиянын борбору Тбилисиде активисттер Беларус элчилигинин жанында чынжыр болуп чыгышты.

Латвиянын борбору Рига шаарында 400дөй адам беларустарга тилектештигин билдирип чыкты. Акцияга бул мамлекеттин башчысы Эгил Левитс келип кетти. Катышуучулар колуна Беларустун ак-кызыл желегин жана Латвиянын, Литванын, Эстониянын желектерин кармап турушту.

Литвада 50 миңден ашуун адам Вилнюстун борборунан Беларустун чек арасына чейинки 32 чакырым аралыкта тирүү чынжыр болуп турушту. Аларга Литванын президенти Гитанас Науседа келери күтүлүүдө. Ал жарандарды коңшу өлкөнү алмашуу жолунда колдоого чакырган.

Литвадагы бул иш-чара тарыхта «Балтика жолу» деген аталыш менен калган окуялардын 31-жылдыгына карата уюштурулууда. 1989-жылы 23-августта Молотов-Риббентроп пактына кол коюлганына 50 жыл болгон күнү миллиондон ашуун адамдар Вилнюстан Латвия аркылуу Таллинге чейин тирүү чынжыр болуп тизилип чыгышкан. Алар «Балтика ойгонууда» деген ырдын алдында кол кармашып турушкан.

Ага чейин да, андан бери да Европада андай ири иш-чара боло элек. Балтикалыктардын тынч акциясы Гиннестин рекорддор китебине эң узун чынжыр катары кирген, ошондой эле ЮНЕСКОнун тынчтык тизмесине катталган.

«Молотов-Риббентроп пакты» 1939-жылы 23-августта Москвада түзүлгөн. Анын жашыруун протоколдоруна ылайык, Балтика боюндагы айрым өлкөлөр, Финляндия жана башка айрым аймактар СССРдин таасири астында калмак.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Анастасия Потапова вышла во второй круг турнира WTA-1000 в Риме






Несколько автомобилей столкнулись на 69-м километре МКАД

Посол РФ сообщил о планах властей Маврикия внедрить карты «Мир»

Клуб «Ночные волки» открыли мотосезон в столице

Полиция Тель-Авива использовала водомёты для разгона митингующих