Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Темир Сариев парламенттик шайлоого барбайт

0
Темир Сариев парламенттик шайлоого барбайт

«Ак шумкар» саясий партиясынын лидери Темир Сариев «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын катарында парламенттик шайлоого катышуудан баш тартууну чечти. Бул тууралуу ал өзү 23-августта элге, шайлоочуларына кайрылуусунда билдирди.

Темир Сариев мындай чечиминин себебин ачыкка чыгарган жок. 

«Бул чечим мага оңой келген жок. Түшүндүрүү кыйын. Эч кимди күнөөлөбөйм. Күнөө менде. Менин принциптеримде. Менин дарегиме ачуу сөздөр айтылат. Тилдешет, сындашат. Чындыкка жатпаган сөздөр да айтылат. Мен мунун баарын көтөрүүгө даярмын», - деди ал.

Сариев өзүнө ишеним арткан бардык шайлоочуларына ыраазычылык билдирип, кечирим сурады.

Экс-премьер-министр, саясатчы Темир Сариев шайлоонун тазалыгы, жыйынтыгы ар бир жарандан жана бийликтен да көз каранды экенин белгилеп, бийликтин чоң жоопкерчилиги турганын айтты.

Өз айтымында саясатчы мындан ары ишкерлигин улантып, коомдук иштер менен алек болмокчу.

2015-2016-жылдары өкмөт башчы болуп иштеген Темир Сариев алдыдагы парламенттик шайлоого адегенде «Ата Мекен - Жаңы дем» альянсы менен барарын жарыялап, кийин андан чыккан. Анын себебин Сариев расмий түшүндүргөн эмес.

Кийинчерээк «Ак шумкар» партиясынын жетекчилигин Ражап Баялиевге өткөрүп, өзү «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын курамында шайлоого барарын билдирген. Экс-премьер-министр бул кадамын «Бүтүн Кыргызстандын» лидери менен принципиалдуу маселелер боюнча мунаса тапканы менен байланыштырган.

Темир Сариев «Ак шумкар» - саясий партиясынын негиздөөчүсү жана төрагасы. Ишкерлик менен алектенип жүрүп, 2000-жылы, андан кийин 2005-жылы парламенттик шайлоодо бир мандаттуу система менен утуп, Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.

2009-жылы жана 2017-жылы Кыргызстандын президенттигине ат салышкан. (ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Потапова проиграла Остапенко во втором круге турнира WTA 1000






ЦСКА обыграл «Зенит» в чемпионате России

Настя Задорожная впервые станет мамой

Когда владельцам квартир приходится по закону платить за соседей, рассказал эксперт

Блок "Победа" заявил о восстановлении стратегического партнёрства с Россией