Аба ырайы: Күн ысык болот
Эртең, 24-августта Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Нарын облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 25...30;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11...16, күндүз 24...29;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17...22, күндүз 32...37;
Талас жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 29...34;
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14...19, күндүз 31...36;
Бишкек шаарында түнкүсүн 17...19, күндүз 34...36 градус болот.