Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

«Кыргызстан» партиясы Бишкектин административдик сотуна арыз берди

0
«Кыргызстан» партиясы Бишкектин административдик сотуна арыз берди

«Кыргызстан» саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз берди. Партиянын мүчөсү Талант Мамытов арыз 26-августта жазылганын «Азаттык» радиосуна билдирди.

«Мыйзам боюнча иш үч күндүн ичинде каралышы керек», - деди Мамытов.

Ал арада партиянын лидери Канатбек Исаев шайлоо штабындагы кызматкерлерге кайрылып, жумушту уланта берүүгө буйрук берди. Анын кайрылуусу «Фейсбуктагы» баракчасына жарыяланды.

Исаев сот БШКнын чечимин жокко чыгарарына ишенерин, партия шайлоого сөзсүз катышарын айтты.

БШК 24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган. Бирок «Кыргызстан» партиясы шарттарды бузган деген негиз менен анын документтери 25-августта артка кайтарылган. (SE)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Новак Джокович

Новак Джокович низко оценил свою готовность к «Ролан Гаррос» и Олимпиаде-2024






В 2026 году в поселке Лесной Пушкинского округа модернизируют ВЗУ № 6

Правила велоезды разъяснили в «Мособлпожспасе»

Молодожены из Ишима представили Тюменскую область на свадебном фестивале

Ассоциация продюсеров кино и телевидения назвала новую дату вручения премии