Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Бакир уулу: «Бүтүн Кыргызстан» курултайдагы тизмени өзгөрткөн

0
Бакир уулу: «Бүтүн Кыргызстан» курултайдагы тизмени өзгөрткөн

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу 26-августта Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесине байланыштуу нааразылыгын билдирди. Ал өзүнүн партиядан чыгып кеткени тууралуу маалыматтарды четке какты.

Бакир уулу «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын 19-августтагы жыйынында бекитилген тизмеси өзгөрүп кеткенин, өзү башында алдыңкы сапта туруп, бирок кийинчерээк артка жылып калганын, бул мыйзам бузуу болгонун айтты.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровго кайрылып, жыйында бекитилген тизме менен шайлоого барууга чакырды. Болбосо сотко кайрыла турганын кошумчалады.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров бул айтылгандар боюнча комментарий бере элек. Партиянын өкүлү Айданбек Акмат уулу «Азаттыкка» 19-августтагы жыйында болжолдуу тизме жарыяланганын, лидерге аны өзгөртүүгө убакыт берилгенин билдирди. Анын айтымында, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын 120 кишиден турган акыркы тизмесинде Турсунбай Бакир уулунун ысымы жок.

«Бакир уулу «Бүтүн Кыргызстан» партиясына мүчө болуп кирген эмес. Анын «Эрк» партиясы шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» менен чогуу барышы тууралуу чечим гана кабыл алынган», - деди Айданбек Акмат уулу.

Буга дейре Турсунбай Бакир уулу жетектеген «Эрк» партиясы алдыдагы парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен бирге барары жарыяланган.

Кыргызстанда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо быйыл 4-октябрда өтүшү керек. (NT)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Карен Хачанов

Хачанов проиграл Табило в 1/8 финала «Мастерса» в Риме






«Электронные ресурсы по искусству»

Взмывая ввысь с колесным другом. В Черемушках заработала самокат-школа

Миноблимущество провело встречи с садоводами Подмосковья

Дзержинская больница приглашает на работу специалистов