Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Кара-Кеченин жолун калыбына келтирүү боюнча жумушчу топ түзүлдү

0
Кара-Кеченин жолун калыбына келтирүү боюнча жумушчу топ түзүлдү

Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенинин таш түшкөн жолун калыбына келтирүү боюнча жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы 26-августта билдирди. Мекеме он күн ичинде Кара-Кечеге барчу убактылуу жол курула турганын кабарлады.

Маалыматка караганда, премьер-министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен түзүлгөн жумушчу топтун курамына Транспорт жана жолдор министрлигинин, Өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, «Кыргызкөмүр» ишканасынын, Жумгал районунун жетекчилери кирип, Кара-Кечеде иштеп жатышат.

Жолго түшкөн ташты тазалоо, электр зымдарын оңдоо, жүк ташууну калыбына келтирүү боюнча иш планы түзүлдү. Ага ылайык, он күн ичинде убактылуу жол курулат деген план бар.

17-августта Кара-Кече көмүр кенине барган жолго таш жана электр устундары кулап, тосулуп калган. Азыр көмүр ташуу токтоп турат. (NT)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Хачанов вышел в третий круг турнира ATP в Риме






Государственный Кремлёвский оркестр наградили Орденом «Святых Равноапостольных Кирилла и Мефодия»

В Москве прошла Премия Green Awards 23/24, которая объединила более 250 ведущих компаний и экспертов в ЗОЖ/ЭКО индустрии, инфлюенсеров

Большая война с Западом или переговоры? Эксперт РСМД предрёк неожиданный сценарий

Рейды по участкам с нецелевым использованием прошли в Подмосковье