Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Аба ырайы: Жамгыр жаайт

0
Аба ырайы: Жамгыр жаайт

Кыргыз гидрометеорология агенттиги билдиргендей, 26-27-августта Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.  Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарбасы, жол кыймылы, энергетика жана коммуналдык чарба кызматтарынын иши жана жайыттарда мал багуу үчүн кыйынчылык жаратышы ыктымал.

27-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 15-20 метрге жетет. 

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 13…18;

Таласта түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22;

Баткенде түнкүсүн 13…18, күндүз 21…26;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 21…26;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 9…14, күндүз 16…21;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 16…21;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10 градус болот. 

Бишкекте 27-августта мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 19…21 градус болот.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Хачанов победил Шевченко во втором круге турнира ATP в Риме






Концерт «Моя Москва» покажут на mos.ru

Суд в Москве арестовал обругавшего полицейских американца

Дочь актрисы Анастасии Заворотнюк показала фигуру в купальнике

Синоптик Позднякова: прошедшие заморозки могут стать последними этой весной