Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Младичтин доо арызы Гаагадагы сотто каралып жатат

0
Младичтин доо арызы Гаагадагы сотто каралып жатат

Босниялык серб армиясынын согуш маалындагы командачысы Ратко Младич Бириккен Улуттар Уюмунун Гаагадагы сотунда 26-августта сөз сүйлөйт. Азыр сотто анын доо арызы каралып жатат.

«Босниянын касапчысы» деп ылакап атка конгон Младич 1995-жылы Сребреница кыргыны жүрүп жатканда геноцидге, адамзатка каршы кылмышка жана согуш кылмыштарына барганы үчүн айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Сот өкүмү 2017-жылы чыгарылган. Младичке он мүнөт берилери күтүлүүдө.

Младичтин адвокаты Драган Иветич 25-августта билдиргендей, Младич сотто сүйлөөгө психикалык жактан жөндөмсүз. Ал 77 жаштагы Младичтин саламаттыгынан кабар алууга чакырды. Өткөн айда юристтер мурдагы генерал деменциянын алгачкы баскычы менен жабыркап жатышы мүмкүн экенин эскертишкен.

Судьялар адвокаттар тийиштүү далилдерди келтирбегенин билдирип, эки күндүк жараянды улантышууда.

​1995-жылдын июлунда Босния сербдери Сребреница шаарында сегиз миңдей мусулман эркек менен балдарды кырып салган. Ал окуя Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эле Европадагы «эң ырайымсыз кыргын» деп таанылган.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Анастасия Потапова вышла во второй круг турнира WTA-1000 в Риме






Появилось видео ДТП, где поезд "Воркута-Москва" протаранил легковое авто

Источник 360.ru: в Южном Медведкове на улице Дежнева машина врезалась в дерево

Байден запретил поставки урана из России в США. Это должно позволить устранить зависимость от РФ в сфере мирной ядерной энергетики

Издательство «Просвещение» будет выпускать детские игрушки