Өзбекстандык мурдагы имам 15 жылдан кийин түрмөдөн чыкты
Ташкенттеги «Кожо Нуриддин» мечитинин мурдагы имамы Рухиддин Фахриддинов дээрлик 15 жылдан кийин абактан бошотулду. Ал террорчулук, экстремизм жана Конституцияга каршы аракеттер боюнча айыпталып, 2006-жылы узак убакытка эркинен ажыратылган. Жакындары Фахриддинов абактан 2 жыл 3 айга эрте бошотулганын билдиришти.
Анын эркиндикке чыкканын эл аралык укук коргоочулар кубатташты. Алардын бири, “Human Rights Watch” уюмунун мурдагы кызматкери Стив Свердлоу Фахриддиновдун бошотулганы маанилүү экенин белгилеп, мурдагы имам 15 жыл мурда кармалгандан бери көп кыйноодон өткөнүн “Твиттерге” жазды.
Өзбекстанды маркум Ислам Каримов башкарып турган учурда өткөн соттук териштирүүлөрдө милиция Фахриддиновду “вахабилердин руханий лидери” катары мүнөздөгөн. Ошондой Өзбекстанда “ислам мамлекетин түптөөнү көздөйт” деп айыптаган. Бирок Фахриддинов эч кандай экстремисттик кыймылдарга аралашпаганын айтып келет.