Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Өкмөт өлкөдө чакан бизнес 80% чейин калыбына келди деп эсептейт

0
Өкмөт өлкөдө чакан бизнес 80% чейин калыбына келди деп эсептейт

Премьер-министр Кубатбек Боронов бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында өкмөттүн ишкерлерди колдоо аракети натыйжалуу болгонун айтып, чакан бизнес 80% чейин калыбына келип калганын билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Бороновдун айтымында, чакан жана орто бизнестин мониторингинин жыйынтыгында 2020-жылдын январь-февраль айларында берилген патенттин саны 95-97 миңге жетсе, март айында анын саны 20 миңге чейин азайган. Учурда 75 миң патент берилди. Ал эми 2020-жылдын сегиз айында салык кирешесинин көлөмү 37,5 млрд. сомго жетти. 2019-жылдын сегиз айында ал 38,9 млрд. сом болгон.

Кыргызстандын өкмөтү экономика артка кетерин быйыл жазда, пандемия башталганда моюнга алган. Ага өлкөдө киргизилген өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал режимдери жана чек аралардын жабылышы себеп болору айтылган. 2020-жылдын январь-июль айында Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 282 миллиард сомду түзүп, 2019-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 6,1% азайды. Кумтөр кенин эске албаганда ИДӨнүн көлөмү жети айда 244 миллиард сомду түзүп, 7,7% кемиди. (TSh)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Арина Соболенко

Соболенко сделала признание о соперничестве с Рыбакиной






Очевидица рассказала, что последний залп салюта на юго-востоке Москвы попал в людей

Интервью с основателем Фонда развития науки и культуры «Таволга» Мариной Бондаревой про выставку «Сны Сибири»

Владимир Ефимов: на выезде с Южной рокады на МСД строят четыре путепровода

Санавиация доставила из Москвы больного мальчика