Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

COVID-19дан каза болгондор үчүн «Эскерүү шамы» жагылат

0
COVID-19дан каза болгондор үчүн «Эскерүү шамы» жагылат

29-августта COVID-19 дартынан жана пневмониядан каза болгондордун жаркын элесине арналган «Эскерүү шамы» акциясы болот. Коронавирус инфекциясынан каза болгондорду шам жагып, эскерүү демилгесин Бишкек мэриясы көтөргөн.

Демилгечилер кечки саат 21:30да электр жарыгын өчүрүп, терезени ачып, шам жагып, каза болгондорду эскерүүнү сунушташууда.

Былтыр декабрда Кытайдын Ухань калаасынан чыккан COVID-19 вирусу 2020-жылдын алгачкы айларынан тарта дүйнөнүн булуң-бурчуна тараган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, 29-августка карата жалпы дүйнө жүзүндө 24,9 млн. адам коронавирус илдетине чалдыкты. 842 миңден ашуун адам оорудан улам жарык дүйнө менен кош айтышты. 17 миллиондон ашуун киши илдетти жеңип, сакайып чыкты.

Кыргызстанда бул илдет алгачкы жолу 18-мартта үч адамдан табылган. 29-августка карата коронавирус жана пневмониянын лабораториялык тастыкталган 125 жаңы учуру аныкталды. Жалпысынан пандемия башталгандан бери коронавирус илдетине чалдыккандардын саны өлкөдө 43 712 адамга жетти. 1058 адам оорудан көз жумду. Дээрлик 38 миң адам илдеттен сакайып чыкты.(ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Анастасия Павлюченкова

Павлюченкова вылетела с турнира в Риме






Московские спасатели помогли коту выбраться из щели под лавочкой

Развеяны слухи об уходе Глеба Никитина с поста нижегородского губернатора

Hi-Tech Mail.ru: цена на iPhone 14 опустилась в России до 63 тысяч рублей

Москвичей предупредили о заморозках до утра 12 мая