Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Беларустагы акцияда жүздөн ашуун адам кармалды

0
Беларустагы акцияда жүздөн ашуун адам кармалды

30-августта Беларустун баш калаасы Минскиде жана башка шаарларда авторитардык лидер Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылып он миңдеген адам нааразылык акциясына чыкты.

Баш калаанын Эгемендик аянтынан жүздөн ашуун кишини полиция кармап кетти. Орусиянын «Риа Новости» мамлекеттик агенттиги резиденциясында автомат кармап, ары-бери басып жүргөн Лукашенконун сүрөтүн жарыялады. Бирок сүрөт качан тартылганы белгисиз.

Жүрүштүн алдында Ички иштер министрлиги жарандарга уруксатсыз митингге чыкпоону эскертип, Минск полициясы журналисттерге акциянын катышуучуларынан 100 метр алыс болууну сунуш кылды.

29-августта беларус баш калаасынын борборуна 10 миңдей киши, негизинен аялдар жүрүшкө чыкты. Алар «Саша, кызматтан бошотулдуң!» - деп ураан чакырып жатышты.

Ал күнү Минскиде жана өлкөнүн башка аймактарында отуздай киши кармалды.

Беларуста толкундоолордун башталганына 22 күн болду. Демонстранттар президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, абактагы саясий туткундардын, митингдер маалында кармалгандардын эркиндикке чыгарылышын, акциянын катышуучуларына зомбулук көрсөткөн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана аткаминерлердин отставкасын талап кылышууда.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Александрова не смогла обыграть Саснович и покинула турнир WTA-1000 в Риме






НПЗ Газпром нефтехим Салават остановил установку каткрекинга после атаки БПЛА

Арестован мужчина, зарубивший женщину топором в ТЦ Москвы в 2004 году

В Томске круглосуточно работают пункты серопрофилактики

12 мая в Москве ожидается облачная погода с прояснениями