Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

«Москва иши» боюнча соттолгон белгилүү блогер Жуковду сабап кетишти

0
«Москва иши» боюнча соттолгон белгилүү блогер Жуковду сабап кетишти

Москва шаардык полициясы Егор Жуковдун сабалышы боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдады.

Жуковду жекшембиде түндө үйүнүн жанынан сабап кетишкен. Жарандык активисттин тарапташтарынын бири Евгений Овчаровдун айтымында, ага эки киши кол салып, үн-сөзү жок эле токмоктогон. Ал ушул тапта мээси чайкалган деп ооруканага жаткырылды.

Жогорку экономика мектебинин студенти, 22 жаштагы блогер Москвадагы таза шайлоо өткөрүүнү талап кылган жана бийликтин саясатына каршылык катары былтыр жайында өткөн митингдердин биринде кармалган. Анын алдында активист «YouTube» порталындагы каналына президент Владимир Путиндин саясатын сындаган видеолорду жарыялап, оппозициячыл күчтөрдүн саясий акцияларын жарнама кылып турган. 

Прокурорлор алгач Жуковго «массалык башамаландык уюштурган» деген айып коюп, кийинчерээк ал айыпты өзгөрткөн.

Былтыр жыл аягында Москвада сот аны үч жылга шарттуу кескен. Ал күнөөсүн мойнуна алган эмес жана май айында Жуков Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылган.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Рафаэль Надаль

Рафаэль Надаль первым в истории тенниса выиграл 200 матчей на грунтовых «Мастерсах»






Монсон заявил, что его спортивная карьера практически завершена

На москвича взяли крупный кредит под видом покупки его машины

Лучшие фильмы Международного фестиваля правильного кино назвали в Музее Победы

Историческая реконструкция боев прошла в Дмитровском округе