Тихановская элди тынч митингдерге чакырды
Беларустагы президенттик шайлоодо талапкер болгон Светлана Тихановская жума күнү кайрылуу жаздырды. Ал шайлоону жеңгенине ишенерин, жыйынтыкты бурмалоодон баш тарткан ондогон шайлоо участокторунда добуштардын 70-90% алганын айтты. 10-августта бийликтин басымынан улам Литвага кеткен оппозициячыл талапкер ага добуш берген жарандарга ыраазычылык билдирип, «өз чечимин коргоого», дем алыш күндөрү элди тынч митингге чыгууга үндөдү. Ал шаарлардын мэрлерине кайрылып, 15-16-август күндөрү элдин тынч акцияларын өткөрүшүн камсыз кылууга чакырды. Читать дальше...