Тогуз партия шайлоого катышпай турган болду
Күздө өтчү парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген 44 партиянын ичинен тогузу жарыштан чыкты. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 19-августтагы маалыматына ылайык, Агрардык партия, “Демократ”, Кыргызстан коммунисттеринин партиясы, “Эмгек”, “Бийлик элге”, Кыргызстандын Элдик-демократиялык партиясы, “Бирик”, “Таза коом” жана “Жаратман Эл” партиялары шайлоого катышпай турган болду. Алардын айрымдары башка партияга кошулган, кээ бирлери шайлоо фонду үчүн эсеп ачкан эмес. Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрга белгиленген. Читать дальше...