Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Новости за 26.08.2020

Микробу жок тоолордун арасында

Azattyk.org 

Пандемия шартында ички-сырткы туризм басаңдап тоолор ээн калды. Бирок жергиликтүү эл мурдагыдай эле тиричилигин улап жатканын көрүүгө болот.

Абдыгулов: Улуттук банктын алтын-валюта резерви тарыхый чекке жетти

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуттук банкынын алтын-валюта резерви үч млрд. 82 млн. долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 26-августтагы брифингде билдирди. Ал мындай көрсөткүчтү Улуттук банк түзүлгөндөн берки тарыхый чек катары баалады. Абдыгуловдун айтымында, алтын-валюта резерви мамлекеттин импортунун алты айга чейинки төлөмүн камсыздоого жетет.  Буга чейин коомчулукта пандемиядан улам пайда болгон оор шартта Улуттук банктын карамагындагы алтын-валюта запасын колдонуу тууралуу сунуштар айтылган. Читать дальше...

Ооганстанда белгилүү актрисага кол салуу болду

Azattyk.org 

Ооганстанда таанымал актриса жана аял укуктары үчүн тынымсыз күрөшүп келген Саба Сахарды Кабулда атып кетишти. 44 жаштагы актриса ооруканага жеткирилип, операция жасалганын анын күйөөсү билдирди. Согушкерлер Сахар бараткан автоунааны аткылашкан. Анын жансакчысы жана айдоочусу да жарадар болгон кабарланды. Азырынча эч кайсы топ кол салуу үчүн жоопкерчилик ала элек. Саба Сахар - Ооганстандагы абдан белгилүү актрисалардын бири, кинорежиссёр жана аялдардын укуктарын коргогон өнөктүктөрдүн жигердүү катышуучусу. Читать дальше...

АКШда Республикалык партиянын жыйыны уланууда

Azattyk.org 

АКШда Республикалык партиянын 24-августта башталган төрт күндүк жыйыны уланууда. Экинчи күнкү жыйын «Мүмкүнчүлүктөр жергеси» деп аталып, мурунку күнгө салыштырмалуу жакшы маанайда өттү. Жыйындын биринчи күнүндө жалаң демократтардын талапкери Жо Байден менен демократтардын дарегине сын айтылган. Ак үйдүн Роза багында сүйлөгөн Кошмо Штаттардын биринчи айымы Мелания Трамп «президент силер үчүн жана силердин үй-бүлөңөр үчүн күрөшүүнү токтотпойт» деп билдирди. Ал ошондой эле пандемияда жакынын жоготкондорго көңүл айтты. Читать дальше...

Үсөнбаев: Бишкекте коронавирус боюнча абал кооптуу

Azattyk.org 

Бишкек шаарында коронавирустун жайылышына байланыштуу кооптуу абал сакталууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 26-августтагы онлайн брифингде билдирди. Үсөнбаев баш калаанын жашоочуларына кайрылып, этият болууга чакырды. Анын айтымында, санитардык эрежелерди колдонуу, социалдык аралыкты сактоо, беткап кийүү азыр деле маанилүү болуп турат. Коронавирустан каза болгондордун жана аны жугузуп алгандардын жаңы эсеби боюнча пандемия башталган март айынан бери өлкөдө илдеттин курмандыктары 1058 кишиге жетти.

Милиция: Кантта 12 жаштагы кыз өз өмүрүн кыйды

Azattyk.org 

26-августта Чүй облусунун Кант шаарында 12 жаштагы кыз өз үйүндө асынып алды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Нүргүл Нусупова маалымдады. Баштапкы маалымат боюнча кыз асынып алганы белгилүү болгон. Учурда бул факт Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат. Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда 2019-жылы 46 өспүрүм жанын кыйган. (TSh)

Беларуста Нобел сыйлыгынын лауреаты суракка чакыртылды

Azattyk.org 

Беларус бийлиги Нобел сыйлыгынын лауреаты, 72 жаштагы жазуучу Светлана Алексиевичти өлкөдө болуп жаткан Лукашенкого каршы митингдерге байланыштуу суракка чакырды. Сурак Тергөө комитетинде 26-августта өтөт. Оппозиция түзгөн Координациялык кеңештин эки мүчөсү «уруксатсыз митингдерди уюштурган» деген кине менен дүйшөмбүдө камалган. Координациялык кеңеш саясий кризисти жөнгө салуу максатында бийлик менен диалог түзүш үчүн өткөн аптада негизделген. Президент Александр Лукашенко бул Кеңеш «бийликти... Читать дальше...

Кара-Сууда 81 жаштагы карыяны тепкилеген деп шек саналган адам кармалды

Azattyk.org 

Ош облустук ички иштер башкармалыгы 81 жаштагы карыяны тепкилеп, сабаган деп шек саналган жаран кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, 25-августта үйүнөн кармоо учурунда шектүү качып кетүүгө аракет кылган. Милиция кызматкери денесинен жараат алган. Окуя боюнча Жазык кодексинин 355-беренесинин («Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук») негизинде сотко чейинки териштирүү башталды. Шектүү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынганы кабарланды. Ал сүйлөй... Читать дальше...



Ооганстанда сел 38 кишинин өмүрүн алды

Azattyk.org 

Түнү менен жааган нөшөрдөн улам башталган сел Чарикар шаарында 40тай адамдын өмүрүн алды. Арасында балдар жана аялдар көп экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан билдирүүдө айтылат. Кабулдан 60 чакырым түндүктө жайгашкан бул шаарда жүздөгөн турак-жай жабыркады. Табият кырсыгынан жаракат алгандар да көп. Курман болгондор мындан да көп болуп чыгышы мүмкүн экени айтылууда. Анткени дайынсыз жоголгондор да көп. Ооганстан чыгышындагы Вардак провинциясын каптаган селден дагы беш киши каза болгону кабарланды.

Кыргызстанда жума намазын мечиттен окууга уруксат берилди

Azattyk.org 

Өлкө боюнча жума намаздарын санитардык талаптарды сактоо менен мечиттерде окууга уруксат берилди. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгы «Азаттыкка» кабарлады. Жума намаздарын мечитте окууга келгендер төмөнкү талаптарды сактоо тийиш: - Беткап тагынуу;  - Адамдардын ортосунда 1,5 метрдик аралыкты сактоо;  - Кол алышпоо, кучакташып көрүшпөө;  - Даарат алуу жана сүннөт намаздарын үйдөн окуп келүү.  Мечиттин айланасын дезинфекциялоочу каражаттар жана жарандардын дене табын текшерүү иш-чараларын жүргүзүү талап кылынат. Читать дальше...

Кой-Таш окуясы боюнча сотко айыпталуучулар жеткирилген жок

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кой-Таш окуясы боюнча жараянды 28-августка жылдырды. Бүгүн, 26-августка белгиленген сотко айыпталуучулар алынып келген жок. Айыпталып жаткандардын бири Кундуз Жолдубаева «Азаттыкка» камактагылардын эмне себептен сотко алынып келбегени белгисиз экенин айтты.  Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) айыпталуучулардын сотко келбегени тууралуу комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Мекеменин басма сөз кызматы расмий кат жиберилгенден кийин гана маалымат берерин билдирди. Читать дальше...

Төрт жылда автоунаа номерлерин сатуудан эки млн. сомдон ашуун каражат түштү

Azattyk.org 

Акыркы төрт жыл ичинде автоунаага энчилүү мамлекеттик номерлерди сатуудан казынага эки млн. 400 миң сом түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Сатылган мамлекеттик номерлердин тизмесин бул жактан окуңуз. Энчилүү же башкача айтканда кооз номерлер аукциондо эмес, 100 миң сомдон түз сатылат. Автоунаанын мамлекеттик номерлерин сатуу 2016-жылдан тартып ишке кирген. Ага чейин машинелердин номерлерин жеке менчик ишкана сатып келген. 2016-жылдын 1-июнунан тартып... Читать дальше...

УКМК: ИИМдин подполковниги далил буюм болгон алтындын уурдалышына шектүү катары кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси, подполковник кармалганын маалымдады. Учурда кармалган жетекчи УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Буга чейин ушул факты менен Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын үч кызматкери жана эки жаран кармалган. Буга чейинки атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, июль айында Баңгизаттарды мыйзамсыз... Читать дальше...

Коронавирус дагы 113 кишиден табылып, бир бейтаптын өмүрүн алды

Azattyk.org 

Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында бир киши кайтыш болду. 113 кишиден коронавирус лабораториялык жол менен табылды. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб кабарлады.  Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 26-августтагы брифингде билдиргендей, вирус жугузуп алгандардын 42си Бишкекте катталды. Баткен облусунда - 21, Ысык-Көл облусунда – 16, Ош облусунда - 12, Чүй облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 7, Ош шаарында– 3... Читать дальше...

Бобомурод Абдуллаевдин адвокаттары УКМКга каршы Башкы прокуратурага арызданышат

Azattyk.org 

Өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин адвокаттары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) каршы Башкы прокуратурага арыз беришет. Бул тууралуу анын Кыргызстандагы жактоочуларынын бири Тимур Карабаев «Азаттыкка» билдирди. Жактоочулар Бобомурод Абдуллаев качкын макамын суранып арыз бергенине карабай, атайын кызмат журналистти Өзбекстанга өткөрүп бергенин туура эмес деп эсептешет. Ошондой эле жактоочулар өз арызында УКМКнын журналистти кармаганы мыйзамсыз болгонун жазышкан.... Читать дальше...

Уурдалган алтын, ИИМдеги кадр кризиси

Azattyk.org 

Бишкекте үч милиция кызматкери далил катары алынган үч килограммдай алтынды кымырып алган деген шек менен кармалды. Факт боюнча иш козголду, кызматтык иликтөө башталды.

Жогорку сот: мурдагы депутат Дамирбек Асылбек уулуна мунапыс колдонулду

Azattyk.org 

19-августта Жогорку сотто парламенттин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун иши жаңы ачылган жагдайлар боюнча каралып, 2019-жылы 15-ноябрдагы Жогорку соттун токтому өзгөртүлгөн. Бул тууралуу Жогорку сот маалымдады. Жогорку сотто мурдагы депутаттын жактоочусунун арызы канааттандырылды. Ага ылайык, Дамирбек Асылбек уулу Жазык кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүмү («Уюшкан кылмыштуу топ түзүү») боюнча кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган. Ал эми Жазык кодексинин 223-беренеси («Экономикалык аткезчилик») менен үч жылга эркинен ажыратылып... Читать дальше...

Новости России
Москва

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» помогает Государственной Думе РФ оптимизировать налоговую сферу. «СВЯТОЙ кибер ЛЕНИН» удаляет налоги: перезагрузка.


БШК «Кыргызстанды» каттабай, документтерин кайтарды

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Кыргызстан» саясий партиясынын парламенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин артка кайтарды. Мындай чечим Боршайкомдун 25-августтагы жыйынында кабыл алынды. Партиянын лидери Канатбек Исаев буга макул эмес экенин айтып, сотко кайрылышарын билдирди.

Финляндиянын өкмөт башчысы жумуш убактысын алты саат кылууну көздөйт

Azattyk.org 

Финляндиянын премьер-министри Санна Марин сегиз сааттык жумуш күнүн алты саат кылып кыскартууну көздөйт. Бул анын алдыга койгон негизги максаттарынын бири экенин «Helsinki Times» басылмасы жазды.  Өкмөт башчы жумуш убактысын кыскартуу тууралуу пикирин Социал-демократиялык партиянын жыйынында сүйлөгөндө айткан.   24-августта сүйлөгөн сөзүндө Санна Марин жумуш күнүн кыскартуу жаатында партия анык план иштеп чыгышы керек экенин белгиледи.  34 жаштагы премьер-министр бул кадам иштин натыйжалуулугуна оң таасир этерине ишенет. Читать дальше...

Бээжинде коронавируска чалдыккандардын баары айыкты

Azattyk.org 

Кытай баш калаасы Бээжинде коронавируска чалдыккан бейтаптардын баары айыкты. Ооруканада жаткан акыркы эки киши айыгып, үйгө чыгарылганын 26-августта ТАСС агенттиги калаанын Гигиена жана саламаттык сактоо комитетинин маалыматына таянып жазды. Ага карабай, коомдук автоунааларда, дүкөндөрдө жана эл көп чогулган жайларда адамдар беткап кийүүгө милдеттүү. Башка аймактарда ооруп жаткандарды дарылоо уланууда.  Бээжинде COVID-19 вирусуна 935 киши чалдыкканы расмий кабарланган.  Кытайдын Ухань шаарында... Читать дальше...

Мамдума Навальныйга кастык кылууда «чет элдин колу бар» деп шек саноодо

Azattyk.org 

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин оппозиционер Алексей Навальныйга байланыштуу окуянын чоо-жайын иликтөөнү Коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөш комитетине тапшырды. Ал «Орусияда чыңалуу жаратуу максатында Навальный ууландырылган жана мында чет мамлекеттин колу болушу мүмкүн» деп күмөн санады. Мамлекеттик Думанын басма сөз кызматы 25-августта билдиргендей, Володин европалык лидерлердин билдирүүлөрү чет элден чагым болушу мүмкүн экенин көрсөтүүдө деп эсептейт. Мурдараак... Читать дальше...

Венадан орусиялык дипломат, Москвадан австриялык дипломат чыгарылат

Azattyk.org 

Австрия өкмөтү орусиялык дипломатты экономикалык тыңчылыкка байланыштуу шек санап, өлкөдөн чыгарды. Буга жооп кылып Орусия да австриялык дипломатты «персона нон грата» деп жарыялады. Австриянын Тышкы иштер министрлиги орус дипломаттарынын бири Вена конвенциясынын эрежелерин бузганын билдирип, мамлекеттен чыгып кетышын талап кылды. Бирок мунун чоо-жайы ачык жана расмий айтыла элек. «Kronen Zeitung» басылмасы ал дипломат көп жылдар бою технологиялык компаниянын ишине тыңчы катары көз салып жүргөнүн жазды. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Азаренко вышла в четвертьфинал турнира WTA-1000 в Риме






Специалист Сырцов отметил спрос на бюджетные новостройки в ЦАО Москвы

Преподаватели из Раменского получили общественные награды

Династия педагогов из Егорьевска стала лучшей на областном конкурсе

Geely, подвинься. Changan впервые вошёл в топ-3 по продажам иномарок в России