Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Новости за 19.01.2022

Орусия менен Ирандын президенттери Москвада сүйлөшүү баштады

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Ирандын президенти Ибрахим Раиси 19-январда Москвада жолугуп, кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулашты. Былтыркы жылы президент болуп шайланган консервативдик диний ишмер Раиси Москвага эки мамлекеттин алдыңкы 20 жылдыкты камтый турган стратегиялык кызматташуу жөнүндө долбоорлорду сунуштаганын айтты. Ал Ирандын Орусия менен кызматташуусун кеңейтүүдө чек жок экенин айтты. Путин кызматташуунун уланышын кубаттап, тараптардын  эл аралык маселелерде, анын... Читать дальше...

Time журналы абактагы Навальный менен маекти жарыялады

Azattyk.org 

Оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын абактан берген маеги Time журналына басылып, анын сүрөтү аталган эл аралык басылманын башкы бетине жарыяланды. Материал  “Путин корккон адам” деп аталат. Навальныйдын маеги  интернетке да чыкты. Оппозиционер журналдын суроолоруна бир нече ай бою жазуу түрүндө жооп берип турган. Анда ал АКШ менен Орусиянын “коопсуздук кепилдиги” тууралуу сүйлөшүүлөрүнө комментарий берип, Владимир Путин Батышты катуу санкциялардан баш тартууга мажбурлоо үчүн опузалап жатканын белгилеген. Читать дальше...

Зеленский менен Блинкен Украина маселесин талкуулады

Azattyk.org 

19-январда Киевде АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жолугушуусу өттү. Мамкатчы анда Вашингтон Москвага түшүнүктүү белги бергенин, эгер Орусия Украинага кол салса, АКШ жана анын Батыштагы өнөктөштөрү ага катуу жооп кыларын маалымдады. Зеленский менен сүйлөшкөнгө чейин Блинкен Киевде америкалык дипломаттар менен жолуккан. Анда ал Орусия Украинанын аймагына жакын арада басып кириши мүмкүндүгүн эскертип, ошентсе да Москва чыңалууну тынчтык жол менен чечүүгө барарына үмүттөнөрүн айткан. Читать дальше...

Чек ара протоколу тирешке себеп болдубу?

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги оппозициячыл «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров соңку күндөрү сурак берүүдө. Прокуратура саясатчыга мындан 12 жыл мурда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу суроолору бар экенин билдирүүдө. Бул маселе өлкөдөгү бийлик менен оппозициянын ортосундагы кайым айтышты күчөттү. Адахан Мадумаров баштаган «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын бир нече мүчөсүнүн суракка чакырылышы жана соңку жагдай саясий абалга кандай таасирин тийгизет? Өлкөдөгү... Читать дальше...

Парламент министр кызматына Имановдун талапкерлигин колдоду

Azattyk.org 

Парламент Талантбек Имановду санариптик өнүктүрүү министри кызматына дайындоого макулдук берди. Чек арага байланыштуу протоколдун алкагындагы иш боюнча Башкы прокуратурада "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров менен Малайзиядагы элчи Азимбек Бекназаров беттештирилди. Казакстандын бардык аймагында өзгөчө абал алынып салынды.

Көмүрсүз жашай албаган Бишкек

Azattyk.org 

Бул Бишкектин четиндеги Төмөнкү Ала-Арчадагы көмүр базары. Базарда соода күз келгенде кызыйт. Базарга көмүр көбүнчө Кара-Кечеден келет. Бир кап көмүрдүн баасы 250 сом.

"Октон жөрмөлөп качтым". Казакстанда жакынын жоготкондор жооп издейт

Azattyk.org 

19-январда Казакстандын бардык аймагында өзгөчө абал алынды. Соңку башаламандыкта каза тапкандардын саны кеминде 227 кишиге жетти. "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Талды-Коргондо окко учкандардын таржымалын териштирип келди. 7-январда кечки саат сегизге чукул Талды-Коргондо үч киши түшүп бараткан автоунаага ок атылган. Машинеде айдоочу Кайрат Нургалиев, анын жубайы Лаура Нургалиева жана бул үй-бүлөнүн жакын досу Андрей болгон. Эч эскертүүсүз ок атыла баштаганда автоунаа жол четиндеги арыкка барып урунган. Читать дальше...

Киев соту экс-президент Порошенкону эркиндикте калтырды

Azattyk.org 

Киевдин Печерск райондук соту Украинанын мурдагы президенти Петро Порошенконун бөгөт чарасын 19-январда карап, анын өз кепилдигин алып эркиндикте калтырды. Андан сырткары жалпы жарандык паспортун тапшырууга милдеттендирди. Айыптоочулар Порошенкону камакка алууну өтүндү, адвокаттар эч кандай чара көрбөөнү талап кылышты. Сот имаратынын сыртында саясатчынын тарапташтары митинг кылып турушту. Петро Порошенко 17-январда Варшавадан Киевдин Жуляны аэропортуна учуп келгенден кийин бөгөт чарасын аныктоо боюнча сотко катышты. Читать дальше...



Назарбаев Коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектеген мыйзам жокко чыгарылды

Azattyk.org 

Өлкө парламентинин мажилиси 19-январдагы олтурумунда “Коопсуздук кеңешинин жана Казакстандын Улуттук ассамблеясынын төрагалык кызматын тунгуч президент Нурсултан Назарбаев өмүр бою аркалайт” деген  норманы жокко чыгарган мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу парламент депутаты Канат Нуров кабарлады. Нуров “Фейсбуктагы” баракчасында жазгандай, бул күнү Назарбаев өзү депутаттар менен жолугуп кызматты тапшырып берүүгө макул экенин айткан. Депутат “Биринчи президент – Элбасы” жөнүндө, “Казакстандын... Читать дальше...

Тергөөдө Мадумаров менен Бекназаров беттешти

Azattyk.org 

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу сурагы уланууда. Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров 19-январда Башкы прокуратурага төртүнчү жолу чакыртылып, бул жолкусунда Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров менен беттештирилди. Адахан Мадумаров сурактан чыккандан кийин журналисттердин суроосуна жооп берип, Бекназаров буга чейин анын дарегине айткан... Читать дальше...

Бажы кызматынын башчысы Кубанычбеков эки айга камакка алынды

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтому менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков 17-мартка чейин Улуттук коопсуздук комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди райондук сот 19-январда чыгарды. Атайын кызмат Адилет Кубанычбековду коррупцияга айыптап, 17-январда кармаган. УКМКнын маалыматына ылайык, Бажы кызматынын жетекчилиги товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, аларга жеңилдетилген шарттарды түзгөн. Бажылык тариздөө мыйзамы одоно бузулуп... Читать дальше...

Алматыда жоголгон кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков табылды

Azattyk.org 

Казакстандын Алматы шаарында башаламандыктар учурунда кармалып дайыны билинбей жаткан Кыргызстандын жараны Чолпонбек Сыдыков 11 күндөн кийин табылды. Бул тууралуу 19-январда “Азаттыкка” Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов билдирди. “Эки буту, кабыргасы сыныптыр. Эртең Кыргызстанга жөнөтөбүз. Ал Бишкекке кетип баратканда (ред: 8-январда) Алматынын чыга беришинде атайын операцияга туш келип кармалып калган. Кийин суракка алынган. Ошондон бери дайынсыз болуп жаткан”. Сыдыковдун... Читать дальше...

Терек-Сай кениндеги алтын чыгаруучу фабрика ишке берилет

Azattyk.org 

Ушул жылдын биринчи кварталында Терек-Сай кениндеги алтын чыгаруучу фабрика ишке берилет. Бул тууралуу “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын жетекчиси Вели Гёкдере Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго жолуккан учурда айтты. Өкмөттүн басма сөз кызматы жолугушууда экологиялык талаптардын жана социалдык милдеттенмелердин аткарылышы да талкууланганын кабарлады. Аталган кен Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылында жайгашкан. “Эти Бакыр Терексай” – биргелешкен ишкана, капиталынын 25% “Кыргызалтын” компаниясына... Читать дальше...

Президент 2022-жылдын республикалык бюджетине кол койду

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Мыйзамды Жогорку Кеңеш былтыр 22-декабрда кабыл алган. Документке ылайык, 2022-жылга консолидацияланган бюджет 403,9 млрд. сом деп бекитилди. Мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен быйыл республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 282,1 млрд. сом деп каралды. 2023-жылга 295,8 млрд. сомду, 2024-жылга 295,8 млрд. Читать дальше...

Эң байыркы Homo sapiens канча жашта?

Azattyk.org 

Эң байыркы Homo sapiens канча жашта? Ай-Күндүн гравитациясы Жерге кандай таасирин тийгизет? Геноцид адам ДНКсын кантип өзгөрттү? Илим дүйнөсүндөгү акыркы жаңылыктардын топтомун сунуштайбыз. Чыгыш Африкада табылган Homo sapiens тукумуна таандык эң байыркы адам калдыктары буга чейин эсептелгендей 197 миң жыл эмес, 233 миң жыл мурдагы мезгилге таандык экендиги анык болду. Мындай кайра эсептөөлөр баяндалган илимий иш Nature журналына 12-январда жарыяланды. Omo I деп аталган адам сөөгүнүн калдыгы 1967-жылы Эфиопиянын түштүк-батышында табылган. Читать дальше...

Асман шаарынын курулушуна каршылардын кыймылы түзүлдү

Azattyk.org 

"Асман шаарынын курулушуна жол жок" деп аталган кыймылдын өкүлдөрү 19-январда Бишкекте жыйын өткөрдү. Уюштуруучулардын айтымында, ага 40тай адам катышты. Анда Ысык-Көл менен анын жака-белиндеги жерлер коргоого алынган биосфералык аймакка кирери айтылып, шаар курулса экологиялык катастрофа жаралышы ыктымал экени айтылды. Мындан улам шаар куруу тууралуу долбоорду жокко чыгарууну өтүнүп өлкө жетекчилерине, башкы прокурорго кайрылуу чечими кабыл алынды. Былтыр июль айында президент Садыр Жапаровдун... Читать дальше...

ЖККУ аскерлерин Казакстандан толук чыгарып кетти

Azattyk.org 

Орусия башында турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) бейпилдик орнотуу күчтөрү Казакстандан толук чыгып кетти. Бул тууралуу Орусиянын Казакстандагы элчиси Алексей Бородавкин менен миссиянын жетекчиси Андрей Сердюков 19-январда кабарлады. Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери алгач 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Кийин ал башаламандык жана талап-тоноолор менен коштолду. Эң негизги тополоң Алматы шаарында болду. Читать дальше...

ДССУ: COVID-19 пандемиясы аяктады деп айтканга али эрте

Azattyk.org 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейсус “омикрон” штаммынын ыкчам жайылышына байланыштуу билдирүү жасап, аны жуктургандар рекорддук чекке жетип жатканын эскертти. Уюм жетекчиси атайын басма сөз жыйынында “омикронду” жуктургандар ооруну жеңил өткөрөрүнө алданбаш керектигин, бул адашуунун кесепети оор экенин айтты. Ал штаммдын айынан Бразилиядан баштап Францияга чейин, көпчүлүк өлкөлөрдө ооруканалар толук, жергиликтүү администрацияларга күч келип жатканын кошумчалады. Читать дальше...

Бөлтүрүктүн тууганы алтын куймасы менен түшкөн сүрөтүн түшүндүрдү

Azattyk.org 

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн бир тууган агасынын баласы Данияр Бөлтүрүков алтын куймалары менен түшкөн сүрөтүнө байланыштуу түшүндүрмө берди. Ал 19-январда маалымат жыйында сүрөт мындан тогуз жыл мурда тартылганын айтып, анын азыр тарап жатканын каралоо деп атады. Ал тоо-кен тармагында билим алганын, алгач "Макмалда", андан кийин 2010-жылы "Кумтөргө" жумушка кирип беш жыл иштегенин билдирди. Сүрөттү ошол убакта кенге журналисттер... Читать дальше...

Новости России
Москва

Тема дня: На «Госуслугах» можно будет получить статус многодетной семьи с 2025 года


Автоунаа айнегин күңүрттөө: Киреше маанилүүбү же коопсуздукпу?

Azattyk.org 

Кыргызстандын Министрлер кабинети автоунаанын айнектерин акы төлөп караңгылатууга уруксат берген долбоорду жактырды. Маселе эми Жогорку Кеңеште каралат. Демилгечилер мыйзам аркылуу мамлекеттик казынага кошумча каражат түшөт деген жүйө келтирип жатышат. Коомчулукта ал ишке ашса "кылмыштуулук күчөшү мүмкүн" деп сындагандар жана пайданын башка жолдорун табууга өкмөттү чакыргандар көбөйдү. Долбоордун демилгечиси болгон Экономика жана коммерция министрлиги айнекти караңгылатууга тыюу салган эреже иштебей... Читать дальше...

Пентагон Өзбекстанды жана Тажикстанды ооган тик учактарын талибдерге бербөөгө үндөдү

Azattyk.org 

АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон) Кабулду оогандар басып алгандан кийин Тажикстанга жана Өзбекстанга келген мурдагы ооган армиясынын тик учактары талибдерге кайтарылбашы керектигин билдирди. Пентагондун позициясын анын расмий өкүлү Жон Кирби 18-январда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып маалымдады. Ал ошондой эле бул боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканына толуктады. Өткөн аптада ооганстандын башында турган "Талибан" кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) мурунку бийлик кулаган маалда... Читать дальше...

Блинкен менен Лавров Женевада жолугат

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 21-январда Швейцариянын Женева шаарында жолугат. Бул тууралуу АКШ президентинин администрациясынын атын атабаган өкүлү бир катар маалымат агенттиктерине билдирди. Блинкен 19-январда Украинага барды.  Киевде анын украин президенти Владимир Зеленский менен жолугушуусу белгиленген.  20-январда Улуу Британиянын, Франциянын жана Германиянын өкүлдөрү менен Берлинде төрт тараптуу жолугушууга катышат. Анда украин-орус... Читать дальше...

Депутат Жумабеков беткап тагынууну жайылтууну сунуштады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков бийлик өкүлдөрүн эл арасында беткап тагынууну жайылтууга чакырды. "Жакында Стамбулга барып келдим, 18 млн. калкы бар шаарда 90% беткап тагынып жүрөт. Бул пропаганда. Бүгүнкү күндө беткап тагынуу, антисептик колдонуу бизде токтогон. Мүмкүн ушул эреже сакталса оору тез өтүп кетеби деген ой", - деди Жумабеков. Депутаттар Министрлер кабинетинин коронавируска байланыштуу өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал тууралуу маалыматын угуп жатат. Жыйында Саламаттык... Читать дальше...

Элмирбексиз эки жыл

Azattyk.org 

Белгилүү төкмө акын, обончу Элмирбек Иманалиев көзү тирүү болгондо 17-январда 44 жашка толмок. Анын туулган күнүн утурлай шакирттери Иманалиев өзү түптөп кеткен “Төкмө келсе төр бошот” долбоорунун негизинде эскерүү концертин тартуулашты. Эмгеги менен элдин эсинде калган таланттын өнөрүн урматтап келгендер филармонияга жык толду.

Жогорку Кеңеште ПЧР-тесттин баасы тууралуу маселе көтөрүлдү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков коронавирусту аныктаган тесттин (ПЧР) баасы жогору экенин айтты. Айрыкча башка мамлекетке кетип жаткан жарандарга оорчулук жаралганын билдирди. Депутат анализдерди алган мамлекеттик лабороторияларды, дарыгерлерди даярдоо зарылчылыгына токтолду. Саламаттык сатоо министри Алымкадыр Бейшеналиев депутаттын суроосуна жооп берип жатып, мамлекеттик лабораторияларда мындай тесттин баасы 1500 миң сомдон 800 сомго чейин арзандаганын билдирди. Монополияны жөнгө... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Елена Рыбакина рассказала о проблемах на турнире в Мадриде






Кузбасские росгвардейцы написали «Диктант Победы»

Владимир Ефимов: Девятый дом по программе реновации построен в Перове

В Сочи поймали гулявшего с мертвым дельфином мужчину

Стасу Михайлову 27 апреля исполняется 55 лет