Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Новости за 29.01.2022

Чек ара: Төрт-Көчө, Ворух, 39-протокол

Azattyk.org 

Кыргыз-Тажик чек арасындагы 27-январдагы куралдуу жаңжалдан кийин 29-январда эки тараптуу сүйлөшүүнүн экинчи айлампасы өттү. Жолугушууга Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Саймумин Ятимов баштаган эки тараптын расмийлери катышты. Жолугушууда эки тарап эч кандай документке кол койгон жок.

Тик-Ток нерв оорусуна себепкерби?

Azattyk.org 

Словакияда жасалган учуучу автоунаа расмий каттоодон өттү. Өспүрүм кыздардын көзү же бети тартылып жатканына TikTok себеп болушу мүмкүн. Робот чочкого өз алдынча операция жасады. “Азаттыкта” “Илим жаңылыктары” түрмөгү. Учкан унаа расмий катталды Словакиялык Klein Vision компаниясы өндүргөн алгачкы AirCar аэроунаасы учууга жөндөмдүү экенин тастыктаган расмий сертификациядан өттү. Компаниянын жетекчилиги билдиргендей, Евробиримдиктин улуттук транспорттук башкармалыгы берген уруксат эми учуучу... Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасы толук чечилгенден кийин ачылары айтылды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 29-январь күнү Тажикстандын расмий делегациясы менен жолугушуудан соң, Баткен районунун Ак-Татыр айылында жергиликтүү тургундар менен жолукканда чек ара качан ачыларын айтты: "Тажикстан менен чек араны чечип алсак, элибизди тынч-аман кармасак деген чоң үмүтүбүз бар. Маселе толук чечилгенде Тажикстан менен чек араны толук ачабыз", - деди Ташиев. Камчыбек Ташиев чек ара чечилбесе, куралдуу жаңжалдар токтобой турганын эскертти. Читать дальше...

Ошто окуучу бала мугалим бутун сындыра тепкенине даттанды

Azattyk.org 

Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндөгү №83 А. Навои атындагы орто мектебинин жетекчиси жана дене тарбия сабагынын мугалими И. У. 15 жаштагы баласы Т. Аны сол бутун сындыра тепкенин айтып, ата-энеси милицияга кайрылган. Бул окуяга байланыштуу 47 жаштагы мугалим кармалды. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) маалымдашынча, бул иш боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Иликтөө иштери жүрүп жатат. Социалдык тармактарда тараган маалыматтарга ылайык, баланы дене тарбия... Читать дальше...

Илим дүйнөсү: Робот өз алдынча операция жасады

Azattyk.org 

Жон Хопкинс университетинин адистери жасаган робот чочконун ичегисине өз алдынча операция жасады. Бул жөнүндө Science Robotics илимий журналына шилтеме жасоо менен The Guardian басылмасы билдирди.

Ташиев өкмөт заманбап аскер техникаларды сатып аларын айтты

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 29-январь күнү Тажикстандын расмий делегациясы менен жолугушуудан кийин Баткен районунун Ак-Татыр айылында жергиликтүү тургундар менен жолукту. Ал сөзүндө эки тараптуу жолугушуунун мазмуну тууралуу кабарлап, 27-январдагы чек ара жаңжалын иликтөөчү биргелешкен комиссия түзүлгөнүн, чек арага эки тараптан тең чогулган аскерлер кайтарылганын айтты. Мындан тышкары Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн жана чек ара кызматын бекемдөө... Читать дальше...

“Акаевге аз добуш алып бердиң деп кызматтан алышкан”

Azattyk.org 

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн коногу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагына эмгек сиңирген ишмер Аскербек Алиев болду. Ал маегинде илимден мамлекеттик кызматка өткөнү, кантип төрт районго аким болгону, шайлоонун айынан кызматтан кеткени, Акаевдин район жетекчисин кабыл албаганы ж.б. маселелер жөнүндө сөз кылат.

"Кыргыз журналистикасы тизгинделбейт"

Azattyk.org 

ИИМ иликтөөчү журналист Болот Темировго жана төкмө акын Болот Назаровго карата Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин биринчи бөлүгү боюнча (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо) кылмыш ишин козгоп, тергеп жатканын билдирди. Муну медиа чөйрө жана жарандык коом журналист менен төкмө акындын кесиптик ишмердигине байланыштырууда. 22-январда камалган Темиров менен Назаров медиа өкүлчүлүктүн жана жарандык коомдун талабынан кийин... Читать дальше...



Кыргызстанда жеке маалыматты уурдаган сайттар

Azattyk.org 

Кыргызстанда сайттардын 80% жарандардын макулдугусуз жеке маалыматтарын мыйзамсыз чогултат. Мындай тыянак жеке маалыматтарды коргоонун эл аралык күнүнө карата жүргүзүлгөн изилдөөдө жарыяланды. Ошол эле кезде Орусия "Яндекс" кызматтарын жарандардын жеке маалыматтарын чогултуп, аларды атайын кызматтар же полиция менен бөлүшүүгө милдеттендирди. Жеке маалыматтарды чогулткан интернет сайттар Жеке маалыматтарды коргоо боюнча изилдөөдө өлкөнүн аймагында кызмат көрсөткөн 500дөн ашуун интернет сайт анализделген. Читать дальше...

Байден: АКШ Чыгыш Европага аз сандагы аскер жиберет

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар жакында аз сандагы аскерин Чыгыш Европа жана НАТО өлкөлөрүнө жиберет. Бул тууралуу АКШнын президенти Жо Байден 28-январда маалымдап,, буга Орусия менен Украинанын чек арасына жакын жерде орусиялык аскерлердин топтолушу негиз берип жатканын айтты. "Америкалык аскерлерди жакын арада Чыгыш Европага жана НАТО өлкөлөрүнө көчүрөм. Өтө көп эмес", - деди Байден. Узап бараткан аптанын башында Пентагон 8500дөй америкалык аскерди күжүрмөн даярдыкка келтирген. АКШнын коргоо министри Ллойд... Читать дальше...

"Ишке кирерде өзүңдү мактагандан тартынба"

Azattyk.org 

Ушул тапта жүздөгөн кыргызстандык жаштар чет жакта ар кандай эл аралык компанияларда эмгектенип жүрөт. Абройлуу компанияларга ишке орношуу оңой эмес. Кээ бирөөлөр беш жүздөй ишканага тапшырып, атайын баарлашуудан өтүп араң илинген. Ишке орношууда алгачкы баарлашуу же job интервьюдан кантип өтүү керек? Кандай сырлары бар? Эмнеге басым жасоо зарыл? Дөөлөтбек Журтчу уулу Польшанын Лодзь шаарында жашайт. Ал Philips компаниясында жабдуулар менен камсыздоо боюнча адис болуп иштейт. Европага жаңы келген... Читать дальше...

Былтыр Орусияда 1,04 млн. адам өз ажалынан көз жумду

Azattyk.org 

Бир жылда миллиондон ашуун адам согуш же башка кырсыктардан тышкары, өз ажалы жетип, жарык дүйнө менен кош айтышары Орусиянын тарыхындагы алгачкы катталып жатканын РБК маалымат агенттиги өлкөнүн статистика комитетине таянып билдирди. Ага ылайык, Орусиянын туруктуу калкынын саны 2022-жылдын 1-январына карата 145 млн. 478 миң адамды түздү. Бул былтыркыга караганда 693 миң кишиге аз. 2014-жылы аннексияланган Крымдын элин кошпогондо, бул көрсөткүч 2012-жылдагы көрсөткүчкө (143 млн. 060 адам) чейин кыскарган. Читать дальше...

Түркияда статистика институтунун жетекчиси инфляция тууралуу ачык маалыматтан соң иштен алынды

Azattyk.org 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган мамлекеттик статистика институтунун башчысы Саир Динчерди кызматтан кетирди. Президенттин жарлыгы статистика институтунун Түркияда учурда инфляциянын деңгээли 19 жылдан бери эң жогорку чекке жеткени тууралуу расмий маалыматынан кийин чыкты. Жарлыкта кызматтан алуунун себеби түшүндүрүлгөн эмес. Динчердин ордуна аталган кызматка Эрхан Четинкай дайындалды. Мамлекеттик статистика институту 3-январда Түркиядагы инфляциянын деңгээли бир жыл мурункудан 36,1% өскөнүн жарыялап... Читать дальше...

Аба ырайы: Эртең көпчүлүк аймакта кар жаайт

Azattyk.org 

Синоптиктердин маалыматына караганда, 30-январда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болот. Ойдуң жерлерди туман каптайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 0…+5; Талас облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз -1…+4; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2; Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10; Бийик тоолордо түнкүсүн -23…-28... Читать дальше...

Ташиев эвакуацияланган тургундар үй-жайына кайтып жатканын билдирди

Azattyk.org 

Чек арадагы жаңжалдан улам коопсуз жайларга эвакуацияланган эл толугу менен үйлөрүнө кайтып жатканын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Азаттыкка" билдирди. "Бүгүнтөн калбай бардыгы үйлөрүнө кайтат деп ойлойм. Алардын коопсуздугун камсыздоо Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Ички иштер министрлигине жүктөлгөн. Элди үйлөрүнө жеткирүү иши кечээтен тартып башталган", - деди Ташиев. Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын... Читать дальше...

Ташиев: Чек арадагы эл үйүнө кайта баштады

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кошумча күчтөрдү артка алып кетүү жараяны аяктады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Чек ара кызматы кадимки режимде иштеп жатат. Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирген.

Ташиев: Ворухка жол курууга уруксат берүү маселеси жакында каралат

Azattyk.org 

Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавына жол курууга уруксат берүү маселеси жакынкы күндөрү кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын ишинде каралат. Анын жыйынтыгынын негизинде гана иш жүрөрүн Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия бул маселени жакынкы күндөрү карайт.

АКШ мамдепартаменти кыргыз-тажик чек арасындагы зомбулуктун жанданышына кабатыр

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Нед Прайс Америка бийлиги Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында зомбулуктун жанданышына кабатыр экенин билдирди. Ал эки өлкөнүн чек арасына байланыштуу бардык суроолорду тынч сүйлөшүү аркылуу чечүүгө чакырды. Нед Прайс бул тууралуу Твиттердеги баракчасына жазды. 27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта ... Читать дальше...

Ташиев: №39 протокол боюнча Ворухка жол куруу маселеси каралат

Azattyk.org 

Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавына жол курууга уруксат берүү маселеси жакынкы күндөрү кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын ишинде каралат. Анын жыйынтыгынын негизинде гана иш жүрөрүн Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия бул маселени жакынкы күндөрү карайт. "Бүгүн эки тараптуу жумушчу жолугушуу болду. Читать дальше...

Новости России
Москва

Новый транспортный хаб начали строить Казахстан, РФ и Китай


“Төшөк аңдыган бийлик деп тарыхта калуу - өтө уят”

Azattyk.org 

Иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровго карата кылмыш ишинин козголушу – сөз эркиндигине карата болгон чабуулбу? Алардын жеке жашоосун камтыган материалдарды ким таратып жатат жана мындай мыйзамсыз таратуу үчүн ким жоопко тартылат? "Эже-сиңдилер" ушул суроолорго жооп издейт.

Баткен: кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын иши жандантуу чечилди

Azattyk.org 

Чек ара маселеси боюнча бүгүн, 29-январда Баткенде, Достук айылындагы эки тараптуу сүйлөшүү аяктады. Кыргызстандын Министрлер кабинетинин орун басары, Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Саймумин Ятимов баштаган эки тараптын расмий делегациясы эки өлкө чек ара маселелерин, аймактагы кырдаалды талкуулады. Аягында делегация жетекчилери журналисттерге жолугушуунун мазмуну тууралуу маалымат беришти. Читать дальше...

Кара-Сууда ала качууга шек саналып төрт адам кармалды

Azattyk.org 

26-январь күнү саат 22:30 чамасында, Кара-Суу шаарындагы “Кылым-Ордо” чайканасынын алдынан жашы жете элек кызды ала качуу фактысы катталган. Райондук милициянын иликтеп-тергөө бөлүмүнүн кызматкерлери 14 жаштагы Н. Н., аттуу кызды 25 жаштагы И уулу Б. аттуу жаран үч досу менен чогуу никеге туруу максатында мажбурлап машинеге салып, Талдык айылындагы үйүнө алып барышканын аныкташты. Бул факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 172-беренесинин ("Никеге туруу максатында ала качуу") негизинде кылмыш иши козголду. Читать дальше...

COVID-19: 29-январга карата 398 жаңы учур катталды

Azattyk.org 

Акыркы суткада Кыргызстанда 398 адам коронавирус жуктуруп алганы расмий тастыкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкекте - 227 адам, Чүйдө -115, Ысык-Көл облусунда -24, Баткенде -13, Жалал-Абадда 12, Таласта -4, Ош облусунда -2, Ош шаарында -бир адам. Нарында илдет жуктургандар катталган жок. Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалымдашынча, ушул тапта 1086 бейтап ооруканада, 5974 адам үйүндө дарыланып жатат. 2020-жылдын 18-мартынан берки убакта Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 197 845 адамга жетти. Читать дальше...

"Бир айдан бери ооруп жатабыз". "Омикрон" штаммынын кесепети

Azattyk.org 

Акыркы бир суткада Кыргызстанда коронавирустан беш киши каза болду. Ооруну жуктуруп алгандар жана андан көз жумгандар январь айынын экинчи жарымында мурдагы айларга салыштырмалуу бир нече эсе өскөн. Адистер СOVID-19дун кесепетинен жабыр тартып, ден соолугун чыңдай албай жаткандар да барган сайын көбөйгөнүн белгилеп келет. Бишкектин тургуну Элвира Какиева 3-январдан бери вирустун "омикрон" штаммына окшош белгилер менен ооруп жатат. Ал улам айыгып бара жатып эле кайра башы ооруп, тердеп кыйналгандыктан... Читать дальше...

Борбор Азиянын үч өлкөсүн туташтырган энергошакек деген эмне?

Azattyk.org 

25-январда үч өлкөдө: Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстанда электр энергиясынын иштөөсү масштабдуу аварияга кабылды. СССР учурунда бул система кубаттуу транзиттик электр линияларына (энергетикалык шакекчеге) бириктирилген. Иш жүзүндө бир өлкөдө авариялык өчүрүү болсо, жогорудагы система жардамга келмек.


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Вероника Кудерметова завершила выступление на турнире WTA в Мадриде






В конце апреля и начале мая электрички из Твери и Конаково будут следовать только до Зеленограда

Вопросы благоустройства обсудили на встрече с жителями в Рошале

Муромский проект победил в Международном профессиональном конкурсе НОПРИЗ на лучший проект – 2023

В Архангельске подвели итоги конкурса среди специалистов в области коррекционной педагогики