Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Новости за 04.01.2022

Маңгыстау облусунда жана Алматы шаарында өзгөчө абал киргизилди

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Маңгыстау облусунда жана Алматы шаарында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Акордонун сайты кабарлады. Өзгөчө абал 5-январь 1:30дан баштап, 19-январь түнкү саат 00:00гө чейин уланат. Атайын режим коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана мыйзамдуулукту, тартипти калыбына келтирүү максатында киргизилип жатканы маалымдалды. Мурдараак Касым-Жомарт Токаев видео кайрылуу жасап, жарандарды тартипке чакырган. Мамлекет башчысы “жарандык... Читать дальше...

Казакстан: “Азаттыктын” журналисти Дархан Омирбек бошотулду

Azattyk.org 

Казакстандын Нур-Султан шаарында кармалган “Азаттыктын” журналисти Дархан Омирбек милиция бөлүмүндө 4,5 саат камоодон кийин бошотулду. Полиция аны 4-январдын кечинде “Асем” базарынын жанында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акцияларын чагылдырып жаткан учурда кармаган. Полиция аны 5-январга караган түнү, саат 2лер чамасында коё берди. Дархан Омирбек өзүн алып кетип жаткан полициянын автоунаасынан түз эфирге чыгып, баяндап жатты. Мурдараак акциялар учурунда Алматы бюросунунун... Читать дальше...

NetBlocks: Казакстанда интернет чектелди

Azattyk.org 

Дүйнөлүк желенин абалына көз салган NetBlocks уюму Казакстанда интернет олуттуу деңгээлде чектөөгө дуушар болгонун билдирди. Уюмдун Твиттердеги баракчасына жарыяланган маалыматка ылайык, мындай чектөө Казакстандагы бир катар интернет провайдерлеринин, өзгөчө “Билайн” сыяктуу мобилдик түйүндөрдүн ишине таасирин тийгизди. NetBlocks белгилегендей, учурда чектөө дагы деле уланып жатат. “Бул чектөө Казакстандын батышындагы Жаңы-Өзөн шаарында энергиянын баасынын кескин көтөрүлүшүнө байланыштуу дем алышта... Читать дальше...

Мухтар Аблязов күч түзүмдөрүн акцияга чыккандарга кол көтөрбөөгө чакырды

Azattyk.org 

Бозгунда жүргөн оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов Казакстандагы соңку кырдаал боюнча билдирүү жасап, “укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин коомчулукка ачык жарыялап, эл тарапка өтүүгө” үндөдү. Ал “эгер бийлик качып кетсе, алар өлкөдө калышарын, кийин элден кечирим сурап каларын” айтты. Саясатчы “элге ок атпоого жана кол көтөрбөөгө” чакырды. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мурдараак видео кайрылуу жасап, жарандарды тартипке чакырган. Мамлекет башчы “жарандык... Читать дальше...

“Нур Отан” партиясынан шайланган депутат өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылды

Azattyk.org 

Бийликтеги “Нур Отан” партиясынын өкүлү, казак парламентинин депутаты Берик Абдыгалиулы Жаңы-Өзөндөн башталып, өлкөнүн ар аймактарында уланып жаткан жалпы нааразылык акцияларын колдоо ниетин билдирип, өкмөттөн “чукул саясий жана экономикалык чечимдерди” талап кылды. "Газды баасынын өсүүсү себеп болгону менен, калктын нааразылыгынынын башкы себеби кымбатчылык, азык-түлүктүн баасы. Элдин талабы кымбатчылыкты токтотуу, токтото албаса маянаны көтөрүү керек. Ошондуктан газдын баасын төмөндөтүү менен гана чектелбөө керек. Читать дальше...

Алматыда полиция көздөн жаш чыгаруучу газ колдонгону кабарланды

Azattyk.org 

Казакстандын Алматы шаарындагы Эгемендик аянтына жакын аймакка чогулган миңдеген демонстрантка полиция көздөн жаш чыгаруучу газга окшогон зат колдонду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундардын айткандарына шилтеме кылып, “Азаттыктын” казак кызматынын Алматыдагы бюросунун жетекчиси Касым Аманжол билдирди. Анын айтымында, эки саат мурдараак Алматыдагы Ала-Тоо театрынын жанында митингчилер менен полиция кагылышты. Андан соң демонстранттар шаардагы Эгемендик аянтына бет алышкан. Учурда Алматыда мобилдик интернет иштебей жатат. Читать дальше...

Карагандыда кырдаал курчуп жатканы кабарланууда

Azattyk.org 

Казакстандын Караганды шаарында Жаңы-Өзөндөгү акцияларга колдоо көрсөткөн жүздөгөн адам суукка карабай топтолуп турат. Алар “Чал кет!” деп кыйкырып жатышат. Чогулгандар таңга чейин тарабай турганын айтышууда. “Азаттыктын” казак кызматы жазгандай, шаарда абал курчуп баратат. Митингчилер топтолгон жерге атайын даярдыктагы аскерлер келди. Жергиликтүү тургундардын бири “алар чогулгандарды курчаганы жатат. Алардын саны топтолгон элден көп”, - деп айтып берди. Маңгыстау облусунда жана Жаңы-Өзөн шаарында... Читать дальше...



Токаев: бийлик кулабайт, бирок бизге диалог керек

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү соңку нааразылыктар боюнча экинчи жолу видео кайрылуу жасап, элди сабырдуулукка чакырды. “Урматтуу мекендештер, баарыңыздарга кайрылып жатам. Ичтен жана сырттан болгон түрдүү кабарларга ишенип, митингдин эйфориясына алдырып, тартипсиздикке жол бербей, парасат жана акыл менен чечим кабыл алууга чакырам. Жарандык жана аскердик максаттагы кызматтык имараттарга чабуул жасоого үндөгөн ураандар мыйзамга каршы келет. Бул кылмыштык аракет. Бийлик кулабайт, бирок бизге өз ара диалог керек. Читать дальше...

Нур-Султан: “Азаттыктын” журналисти Дархан Омирбек кармалды

Azattyk.org 

Казакстандын Нур-Султан шаарында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акцияларын чагылдырып жаткан “Азаттыктын” дагы бир журналисти Дархан Омирбек кармалды. Дархан Омирбек өзүн алып кетип жаткан полициянын автоунаасынан түз эфирге чыгып, баяндап жатты. Омирбекти каякка алып кетишкени белгисиз. “Азаттык” борбордун полиция департаментинен комментарий ала элек. Мурдараак акциялар учурунда Алматы бюросунунун жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Касым Аманжол кармалып, эки сааттан кийин кайра бошотулган. Читать дальше...

Казак президенти Токаев Маңгыстауда газ арзандай турганын билдирди

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү соңку нааразылыктар боюнча билдирүү жасап, аларды “коомдун бүтүндүгүн жана стабилдүүлүгүн бузууга кызыкдар бүлүндүрүүчү (деструктивдүү) адамдарды ээрчип кетпөөгө” чакырды. Ал бул тууралуу пикирин 4-январда “Твиттердеги” баракчасына жазды. Токаев “башка социалдык-экономикалык мүнөздөгү талаптар келерки күнү борбордо өтчү кеңешмеде караларын” билдирди. Президент “калк ичиндеги туруктуулукту сактоо максатында өкмөт Маңгыстау облусунда суюлтулган... Читать дальше...

Tesla компаниясы Шинжаңда көргөзмө залын ачкандан кийин сынга кабылды

Azattyk.org 

Америкалык электромобилдерди өндүргөн Tesla компаниясы Кытайдын уйгур тектүү жарандары куугунтукка алынып жаткан Шинжаң районунда көргөзмө залын ачкандан кийин АКШда сынга кабылды. Миллиардер Илон Маск жетектеген Tesla жаңы жылдын алдында Шинжаң-Уйгур автоном районундагы Үрүмчү шаарында өзүнүн көргөзмө залын ачканын маалымдаган. Бул АКШ президенти Жо Байден Шинжаң Уйгур автоном облусунан товар импорттоого тыюу салган мыйзамга кол койгондон бир аптадан кийин болуп жатат. Кошмо Штаттары, айрым... Читать дальше...

Эсенгулов: тыюу салынган телеканалдар мыйзамды сактаса кайра көрсөтүлөт

Azattyk.org 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов эфирге чыгууга тыюу салынган телеканалдар жөнүндө түшүндүрмө таратты. Ал билдирүүсүн Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырган. Анын айтымында, телеканалдарды текшерүү иштеринин жыйынтыгында, мыйзам бузгандарга 2022-жылдын 20-мартына чейин эфирге чыгуу токтотулган. Алар бардык шартты аткарган учурда кайра уруксат берүү каралган. “Белгилүү болгондой, документ сот чечиминин же арыздын негизинде гана жокко чыгарылат. Читать дальше...

Мэрия: таштанды полигонунда 5-январдан тарта завод курууга даярдык көрүлөт

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Бишкек санитардык полигонунда завод курганы жаткан “Эко-Тренд Плюс” ишканасынын өкүлдөрү менен жолукканын мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. Жолугушууда инвестор 5-январдан баштап таштанды полигонунда завод курууга даярдык көрөрү айтылды. Өткөн жылдан 24-декабрында Бишкек мэриясы менен “Эко-Тренд Плюс” компаниясы келишим түзгөн. Ага ылайык, ишкана полигондо таштандыны иргеп, кайра иштетүүчү завод салат. Шаар бийлиги Бишкектин таштанды төгүүчү жайында... Читать дальше...

Мурдагы чех аскери Донбасстагы жикчилдерди колдогону үчүн 21 жылга кесилди

Azattyk.org 

Чехиянын Прага шаардык соту Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдерди колдоп согуштук аракеттерге катышкан чех армиясынын мурдагы кызматкери Мартин Сукупту 21 жылга сыртынан кести. Ал террордук ишмердүүлүккө байланыштуу беренелер боюнча күнөөлүү деп табылды. Соттун мындай өкүмү 4-январда чыккан. Ал азыр толук күчүнө кире элек, соттолуучунун адвокаттары анын күнөөсү далилденбегенин билдирип, апелляциялык арыз даярдап жатат. Novinky.cz басылмасы кабарлагандай, 49 жаштагы Сукуп Украинадан кайтып келген эмес. Читать дальше...

Алматыда нааразылык акциясына чыккан 150дөй адам кармалды

Azattyk.org 

Полиция Алматы шаарынын ар кайсы бөлүгүндө нааразылыкка чыккан адамдарды кармоону улантууда. 4-январда Демократиялык партия куруу жөнүндөгү демилгечил топтун чакырыгы менен жыйналган 100дөй адамды жана “Ойгон, Казакстан!” тобунун үндөөсү менен келген 50дөй адам кармалды. Бул күнү “Алматы Арена” аянтчасына биринчи топтун жетекчиси Жанболат Мамай баштаган миңге жакын адам жыйналган болчу. Чогулгандар бийликти сынга алып, элдин жашоо-шартын оңдоону талап кылышкан. Алар Маңгыстау жана Жаңы-Өзөн аймагында чогулгандарга колдоосун билдиришкен. Читать дальше...

"Асманды" сырткы инвесторлор салат

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусуна салынат деген "Асман" шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысы болуп ишкер Тимур Файзиев дайындалды. Ал Инстаграмдагы түз эфиринде "Асман" шаары тууралуу бийликтин планын азыноолак ачыктады. “Элит Хаус” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү деп таанылган Тимур Файзиевдин айткандарына ишенсек, 10 жылдын ичинде Ысык-Көлдүн жээгинде 1 миллион киши жашап, дүйнөнү кызыктырган шаар түшөт.  Ошол эле кезде анын бул мамлекеттик ири долбоорго башчы болуп дайындалышы көптөгөн суроолорду жаратты. Читать дальше...

Ошто коомдук транспорттун кыймылын көрсөткөн тиркеме иштеп баштады

Azattyk.org 

Ош шаарында коомдук транспорттун кыймылын көрсөткөн тиркеме иштеп баштады. Ал жүргүнчүлөргө каттамга чыккан транспорттордун кайда келе жатканын онлайн көрсөтүп турат. Ош шаардык мэриясы GPS навигатору төрт маршруттук каттамга орнотулганын билдирди. Калган каттамдарга эки ай ичинде коюлары күтүлүүдө. MiniBus тиркемесин Play маркеттен көчүрүп колдонууга болот. Шаардык мэрия эки жыл мурун коомдук транспортторго электрондук билеттерди кабыл алуучу аппараттарды орноткон. Бирок долбоор ийгиликсиз болуп, билеттер жапырт колдонулбай келет. Читать дальше...

Кутманова: Караколдогу карагайларды инспекторлор текшерип келди

Azattyk.org 

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова “Каракол” тоо-лыжа базасында шаарча куруу тууралуу талкууларга жооп берди. Министр "Фейсбуктагы" расмий баракчасына жазгандай,  шаарча салуу багытында экологиялык экспертизанын долбоору түшкөн эмес жана карагайларды кыюуга уруксат жок. "Ал жерге министрликтин инспекторлору барып, текшерип келишти. Учурда эч кандай курулуш жүргөн жок", - деп жазды Кутманова. Бир нече күн мурун "Каракол" паркында шаарча курулары... Читать дальше...

Новости России
Москва

Ведущие «Авторадио» исполнили в Кремле культовую песню о самой масштабной стройке XX века


"Тазалыктын" дагы бир жумушчусун машине коюп кетти

Azattyk.org 

Казакстандын Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларында газдын баасын арзандатууну талап кылган эл үч күндөн бери тарай элек. Бишкекте “Тазалык” ишканасынын дагы бир жумушчусу машина коюп кетип мерт болду. Оштун милициясы чек арада кармалган өзбек жаранына байланыштуу түшүндүрмө берди.

Момбеков Биринчи Май округунан депутаттыкка талапкерлигин койду

Azattyk.org 

Парламенттин мурдагы депутаты Рыскелди Момбеков Бишкектин Биринчи Май райондук шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болуу үчүн арыз тапшырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады. 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо Бишкек шаарындагы бир мандаттуу №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдарында баарына каршы добуш бергендер көп болгондуктан 27-февралга кайра шайлоо дайындалды. Эки округдан депутаттыкка талапкерлигин көрсөткөндөрдүн саны 15ке жетти. Рыскелди Момбеков... Читать дальше...

Түштүк Африка Республикасынын парламент имаратын өрт чалды

Azattyk.org 

Түштүк Африка Республикасынын борбору Кейптаунда парламент имаратында чыккан өрттү эки күндөн бери өчүрө албай жатышат. Бийлик шейшембиде кабарлагандай, 4-январга караган түнү өрттү чектеп гана жетишти. Парламенттик комплекстин Улуттук Ассамблея жайгашкан жаңы корпусу төмөнкү бөлүгүнөн чатырына чейин “толук күйүп кетти”. Кейптаундун өрткө каршы кызматынын жетекчиси тилсиз жоо менен күрөшүү үчүн колунан келген аракеттердин баары жасалып жатканын журналисттерге билдирди. Парламенттик комплекс үч бөлүктөн турат. Читать дальше...

Талибдер түркмөн чек арачылары менен кагылышты

Azattyk.org 

Ооган-түркмөн чек арасында талибдер менен түркмөн чек арачыларынын ортосунда куралдуу кагылышуу болду. Ооганстандын Түркмөнстан менен чектешкен Жаузжан провинциясынын Хамяп районунун жашоочулары дүйшөмбү күнү түштөн кийин эки тараптан ракеталарды колдонгон куралдуу кагылышуу болгонун кабарлашты. 3-январда, күндүн экинчи жарымында ооган-түркмөн чек арасында "Талибандын" (Кыргызстанда тыюу салынган) күчтөрү менен түркмөн чек арачыларынын ортосунда куралдуу кагылышуу тууралуу кабарды кийинчерээк ооган маалымат каражаттары да ырасташты. Читать дальше...

Жаңы-Өзөндөгү нааразылык башка аймактарга тарады

Azattyk.org 

Казакстандын Жаңы-Өзөн, Актау, Орол, Актөбө баштаган бир нече шаарларында газдын кымбатташына каршы акция 2-январдан бери уланууда. Акциянын катышуучулары акыркы эки күндөн бери өкмөттүн отставкасын жана башка саясий талаптарды айтып жатышат.Казакстандын Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларында газдын кымбатташына каршы акция 2-январдан бери уланууда. Акциянын катышуучулары акыркы эки күндөн бери өкмөттүн отставкасын жана башка саясий талаптарды айтып жатышат.

Казакстан: митингчилер Самара – Чымкент жолун тосууга аракет кылды

Azattyk.org 

Батыш-Казакстан облусунун Орол шаарында жүздөгөн кишилер экинчи күн катарынан нааразылык акциясына чогулду. Түшкө жуук шаардагы “Дина” дүкөнүнүн алдына кишилер чогула баштаган. Бул гипермаркет шаардын чет жакасында, Самара — Чымкент эл аралык автожолуна жакын жайгашкан. Митинг өтүп жаткан жерге көп сандагы полиция кызматкерлери тартылды. Мобилдик интернет иштебей калганы айтылууда. “Азаттыктын” кабарчысы жеринен билдиргендей, митинчилердин лидерлери деле жок, талаптары дагы башаламан. Алар Жаңы-Өзөндөгү... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Арина Соболенко

Соболенко: я предпочитаю смотреть мужской теннис, а не женский






ЮKassa: число самозанятых россиян в 2023 году выросло на треть

Двор дома на Тверской улице в Дубне благоустроят летом

Мужчины начала в два раза чаще делать покупки на маркетплейсах

В Москве возведут более 160 объектов по программе создания мест приложения труда