Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Новости за 25.01.2022

Мамдепартамент Темиров менен Назаров боюнча билдирүү таратты

Azattyk.org 

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс Кыргызстандагы соңку окуяларга байланыштуу “Твиттердеги” баракчасына “Коррупцияга каршы күрөштө эркин маалымат каражаттары өтө маанилүү ролду ойнойт” деп жазды.   Прайс Кыргызстандын жемкорлукту жоюу боюнча ишенимдүү өнөктөшү катары АКШ сөз эркиндигин, мамлекеттик мекемелердин ишинин ачыктыгын камсыз кылууга көмөктөшкөн журналисттерди коргоодогу жалпы милдеттенмелерин эске салды. Кыргызстанда иликтөөчү журналист Болот Темировду... Читать дальше...

"Болот-гейт": айыптоо жана каралоо, бийликке айтылган сын

Azattyk.org 

Иликтөөчү журналист Болот Темиров жана төкмө акын Болот Назаров тууралуу социалдык тармакта жашыруун жаздырылган аудио, видеолор тарап жатат. Ошол эле маалда "журналисттерге, бейөкмөт уюмдарга каршы митинг өткөрүү чакырыгы" ташталууда. Жарандык коомдун өкүлдөрү бул иштерди укук коргоо органдары уюштурган деп эсептешет. Алар бийликти "ыңгайсыз адамдар менен күрөшүүнүн эски ыкмасына түштү" деп сынга алууда. 24-январда иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровдун иши боюнча... Читать дальше...

Си Цзинпин Борбор Азияга 500 миллион доллар бөлүүнү убада кылды

Azattyk.org 

Кытайдын лидери Си Цзинпин Борбор Азия мамлекеттерине алдыңкы үч жылда экономикасын жана коопсуздугун бекемдөө үчүн 500 миллион доллар бөлүп берүүнү убада кылды. 25-январда Борбор Азиянын беш мамлекети менен Бээжиндин ортосундагы дипломатиялык алакалардын 30 жылдыгына арналган онлайн саммит өттү. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да катышты. Кытай лидери быйыл коронавируска каршы 50 миллион доза вакцина берерин  убада кылды. Ал Бээжин вакцина өндүрүү технологиясы менен бөлүшүүгө даяр экенин кошумчалады. Читать дальше...

Парламентте социалдык медиадагы фейк аккаунттарды табуу демилгеси көтөрүлдү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин 25-январдагы отурумунда депутаттар өлкөнүн атайын кызматынан фейк аккаунттарды табууну өтүнүштү. "Ата-Журт-Кыргызстан" фракциясынан депутат Равшан Сабиров мамлекеттик жетекчилерге жалган жалаа жапкан, жарандардын аброюна шек келтирген аккаунттарды тазалоо керектигин айтып, "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамдын аткарылышы тууралуу маалымат угууну, бул маселени атайын күн тартибине киргизүүнү өтүндү. Читать дальше...

Журналист менен акындын кармалышы сөз эркиндигине басымбы?

Azattyk.org 

Иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровдун баңгизат колдонууга айыпталып, кайра бошотулушу коомчулукта кызуу талкууларды жаратты. Бир тобу өлкөдөгү чоң жетекчилердин жакындары тууралуу иликтөөлөр жарыялангандан кийинки бул окуяны "сөз эркиндигине чабуул" деп баалашса, Ички иштер министрлиги катардагы кылмышты иликтөө катары түшүндүрүүдө. Темиров жана Назаровго карата козголгон кылмыш иши эркин басма сөзгө эскертүүбү? Сөз эркиндиги менен мыйзам алдындагы жоопкерчиликтин чеги кайда?

Эрдоганга акаарат келтирген журналист камалды

Azattyk.org 

Түркиядагы оппозициячыл журналист Седеф Кабаш президент Режеп Тайып Эрдоганга "акаарат келтирди" деген жүйө менен камакка алынды. Ал арада исламчыл активисттер поп-жанрындагы белгилүү ырчы Сезен Аксуга беш жыл мурда жазган ыры үчүн кысым көрсөтүп жатат. Эки белгилүү айымдын айланасындагы кызуу талкууну “бийликтин элди алаксытуу үчүн ойлоп тапкан саясаты” дегендер да бар. 15-январда Түркиянын Тele 1 каналынын эфиринде журналист жана медиа эксперт Седеф Кабаш президент Эрдогандын жүргүзүп жаткан саясатына макал менен баа берген. Читать дальше...

Алматы: "террорчу" издеген полиция ооруканаларды тинтүүдө

Azattyk.org 

Алматыдагы башаламандыктардан жаракат алгандарды полиция ооруканалардан жалаңкат алып чыгып, кармап кетип жатканы кабарланууда. Алматыда камакка алынгандардын саны 700дөн ашса, Казакстан боюнча 10 миңдей киши кармалган. Абактарда каралбай жаткан бейтаптарды жакындары кайра ооруканага жаткырууну талап кылууда. Оорулууга опурулган ОМОН Интернетке тараган тасмада полиция балдакчан, жылаңаяк , жылаңбаш кишилерди түртүп, имарттан чыгарып жатканы көрүнөт. Алар Алматыдагы митингдер учурунда октон жана токмоктон жаракат алып... Читать дальше...

Иранда франциялык турист сегиз жылга кесилди

Azattyk.org 

Иранда француз туристи Бенжамин Бриер сегиз жылга эркинен ажыратылганын француз маалымат каражаттары анын адвокатына таянып 25-январда жазышты. Ал былтыр жазында түркмөн-иран чек арасына жакын чөлдө чакан тик учакты аралыктан башкарып жүргөн маалда тыңчылыкка жана Тегеранга каршы пропагандага айыпталып кармалган. Иранда тыңчылкка айыпталгандарга өлүм жазасы каралган. Бриердин үй-бүлөсүнүн айтымында, ал 2018-жылы өз автоунаасы менен Скандинавиядан саякатка чыккан бейкүнөө турист. Былтыр декабрь... Читать дальше...



Идрис Кадыркулов Украинадагы элчи кызматына дайындалды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-январда Идрис Кадыркуловду Кыргызстандын Украинадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кылып дайындаган жарлыкка кол койду. Бул тууралуу маалымат президенттин расмий сайтына чыкты. Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 24-январдагы жыйынында депутаттар анын  талапкерлигин колдогон эмес. Эл өкүлдөрү Кадыркуловдун УКМК жетекчилигинен кеткен себебин, атайын кызматты жетектеп тургандагы аракеттери тууралуу суроолорду беришкен. Читать дальше...

"Ош окуясын иликтедик, бирок кийин башка комиссия түзүштү"

Azattyk.org 

"Бийлик сырлары" берүүбүздүн бул жолку коногу "легендарлуу парламенттин" депутаты, коомдук ишмер Ормон Шаршенов болду. Ал маегинде кантип коммунист болгонун, Ош окуясын иликтеген депутаттык комиссиянын иши кантип токтогонун, Чубак ажы эмне үчүн сотко бергенин ж.б. суроолорго жооп берген. - Ормон Шаршенович, сиз парламенттин депутаты болуп турган убакта Ош окуясын териштирүү жана ага баа берүү комиссиясында иштептирсиз. Ошол убакта СССР бар эле, Масалиевдин бийлиги бар эле, сиздердин комиссия ушул окуяга ачык, так, адилет баасын бергенби? Читать дальше...

Депутат Сулайманов УКМКны журналисттердин коопсуздугун коргоого чакырды

Azattyk.org 

Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында "Альянс" фракциясынын депутаты Алтынбек Сулайманов коррупция менен күрөшкө жалпы коомчулук, журналисттерди да  тартууну сунуштады.  "Акыркы күндөрү өлкөдө болуп жаткан окуялардын көпчүлүгү журналисттердин иликтөөлөрү аркылуу бети ачылып жатат. Кыргызстандагы эң чоң байлыктын бири - сөз эркиндиги. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет журналисттердин иликтөөлөрүнө тоскоол болбой... Читать дальше...

Лондон полициясы өкмөт башчынын кеңсесиндеги отурушту иликтейт

Azattyk.org 

Лондон полициясы премьер-министр Борис Жонсондун резиденциясында жана өкмөттүк мекемелерде карантин маалында өткөрүлгөн отуруштарды иликтейт. Бул тууралуу калаанын комиссары Крессида Дик 25-январда билдирди. Бир нече журналисттик иликтөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, карантин маалында Даунинг-стритте (өкмөт башчынын кеңсеси жайгашкан көчө) ар кандай иш-чараларга тыюу салынганына карабастан, ондогон адамдардын катышуусунда отуруш өткөн. Жонсон 2020-жылдын жазында кечеге катышканын моюнуна алып кечирим сураган. Читать дальше...

Стамбулдагы ак кар, көк жылгаяк

Azattyk.org 

Катуу жааган кардан улам Стамбул шаарында эки күндөн бери кыймыл чектелди. Миңдеген автоунаа тыгында турат. Жолдо калган жарандар түнү менен эвакуацияланганы белгилүү болду. Ал эми Стамбул аэрпортунун бардык аба каттамдары шейшембиде да толугу менен токтотулганы кабарланды.

"Ош окуясын иликтесек, кийин башка комиссия түзүштү"

Azattyk.org 

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу “легендарлуу парламенттин” депутаты, коомдук ишмер Ормон Шаршенов болду. Ал маегинде кантип коммунист болгонун, Ош окуясын иликтеген депутаттык комиссиянын иши кантип токтогонун, Чубак ажы эмне үчүн сотко бергенин ж.б. суроолорго жооп берди.

Борбор Азияда электр жарыгы өчтү

Azattyk.org 

Борбор Азиянын биргелешкен энергетикалык шакекчесинде авария болуп, Кыргызстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда электр жарыгы жапырт өчтү. Жарык берүү бир нече сааттан кийин калыбына келтирилди. Парламенттеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров ага байланыштуу иш боюнча Башкы прокуратурада тергөө амалдары бүткөнүн билдирди. Анын жыйынтыгы менен тергөөчү кандай чечим чыгарганы азырынча белгисиз. АКШнын президенти Жо Байден Батыш державалары Орусиянын Украинага басып кирүүсүн алдын... Читать дальше...

Майрам Акаева Кыргызстанга келгени айтылды

Azattyk.org 

Мурдагы президент Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева бүгүн, 25-январда Кыргызстанга келгенин "Азаттыктын"  жеке  булактары кабарлады. Маалыматка караганда, Акаева Талас облусунда жашаган 104 жаштагы энесинин тажыясына катышат.  Кыргызстанда канча күн болору белгисиз. Апасынын сөөгү 26-январда коюлат. Майрам Акаева Кыргызстанга 2005-жылдагы март ыңкылабынан бери келе элек болчу. Буга чейин анын келип кеткени тууралуу сөздөр айтылганы менен расмий тастыкталган эмес. Мурдагы президент Аскар Акаев былтыр... Читать дальше...

УКМК мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин дипломун текшерүүдө

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин диплому боюнча "масштабдуу текшерүү иштери башталганын" кабарлады. “Жогорку билими тууралуу жасалма документтерди колдонгондор же алардын келип чыгышынын аныктыгынан күмөн саноолор болсо, адамдарды ыктыярдуу түрдө улуттук коопсуздук органдарына кайрылуусун сунуштайт. Аталган адамдар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат жана анонимдүүлүкө кепилдик берилет,”- деп айтылат расмий билдирүүдө. УКМК жогорку билими тууралуу документтерди мыйзамсыз... Читать дальше...

"Бийликтегилер иликтөөчү журналисттерден коркушат"

Azattyk.org 

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышы Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына, иликтөөчү журналисттердин, жалпы эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн коопсуздугуна байланыштуу тынчсыздануу жаратат. Мындай пикири менен Коррупция жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө борборунун (OCCRP) Борбор Азия боюнча регионалдык редактору Мэттью Купфер бөлүштү. Ал ошондой эле соңку окуялардан кийин Temirov LIVE каналынын популярдуулугунун өсүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш деп эсептейт. - Болот... Читать дальше...

Кыргызстандын бардык аймактарына электр жарыгы берилди

Azattyk.org 

Кыргызстандын бардык аймактарында электр энергиясы берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова кабарлады. Анын айтымында, бүгүн 25-январда кечке маал өлкөнүн бардык аймактарына жарык толугу менен берилди. "Кыргызстандын жети облусуна жарык берилди. Өлкөдөгү бардык подстанцияларга күчөтүлгөн тартипте нөөмөткө чыгабыз. Чакан айылдарда свет жок болушу мүмкүн, бирок баарына электр энергиясы берилет", - деди Зоотбекова. Ал ошондой эле айрым аймактарда электр... Читать дальше...

Новости России
Москва

Жёсткие экологические требования решат инновационные энерготехнологии


Орозайым Нарматованын ордуна Айгүл Айдарова депутат болуп келди

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 25-январда "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат Айгүл Айдаровага мандат берди. Ал өткөн жумада диплом чырынан улам мандатынан ажыраган Орозайым Нарматованын ордуна келди. БШК 20-январдагы отурумунда УКМК менен Билим берүү министрлигинин маалыматына таянып Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарган. Атайын кызмат 14-январда маалымат таратып, Орозайым Нарматованы окуу жайга мыйзамсыз кабыл алган деген шек менен Жалал-Абад мамлекеттик... Читать дальше...

Кремл АКШ "чыңалууну күчөтүп жатканын" билдирди

Azattyk.org 

Кремл АКШнын билдирүүлөрү жана аракеттери "чыңалууну күчөтүп жатканын" эскертти. 25-январда орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргендей, Орусия "Американын аракеттерине" тынчсыздануу менен көз салууда. "Кошмо Штаттар чыңалууну күчөтүп жатат", - деди Песков Буга чейин Пентагон 8500 америкалык аскер жогорку даярдыкка келтирилгенин билдирген. Мекеменин маалымат катчысы Жон Кирби билдиргендей, эгер зарыл болсо аскерлер НАТОго мүчө мамлекеттерге жайгаштырылат. Ал эми АКШ президенти... Читать дальше...

Сузактык жеке ишкер чакан ГЭС курууда

Azattyk.org 

Сузактык жеке ишкер үч айылды электр энергия менен камсыз кылуу үчүн чакан ГЭС куруп жатат. Акыркы жылдары Кыргызстанда суу таңкыстыгы пайда болуп, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү кескин азайып, электр энергиясын өндүрүүдө кыйынчылыктар болууда. Ошол себептен өлкөдө чакан ГЭСтерди куруу муктаждыгы айтылып келе жатат.

Бишкек шаарында суу бериле баштады

Azattyk.org 

“Бишкексууканал” башкармалыгы баскыч-баскыч менен шаардагы үйлөргө суу бере баштады.  "Бир мезгилде басымды бардык куурларга берүү кооптуу. Ошондуктан, кечке чейин шаарга толугу менен суу жетет”, - деп билдирди "Азаттык" радиосуна Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын өкүлү Назгүл Жамгырчиева. Мындан тышкары “Бишкек жылуулук”, “Бишкексвет”, “Бишкекшаарлифт” , “Бишкексууканал” кызматтары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Калкты социалдык жактан тейлеген кызматтар, ооруканалар дагы ишин улантууда. Читать дальше...

Электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашын өлкөлөр аралык комиссия иликтейт

Azattyk.org 

Борбор Азия энергетикалык айлампасындагы аварияны өлкөлөр аралык комиссия иликтейт. Бул тууралуу бүгүн, 25-январдагы маалымат жыйында энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди. Анын айтымында, үч өлкөнүн өтүнүчү боюнча (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан - ред.) комиссия түзүлүп, иш жүрөт. Брифинг учурунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров энергосистемадагы кырсык Кыргызстандын аймагында болбогонун айтты. "Үч-төрт жыл мурдагы кырсыктан кийин биздин энергетиктер даяр экенин көрсөттү. Читать дальше...

Казакстан менен Өзбекстанда жарык бериле баштады

Azattyk.org 

Казакстанды электрэнергиясы менен камсыздоочу KEGOC компаниясы жарык акырындан бериле баштаганын билдирди. Компаниянын маалыматына караганда, Алматы жана Алматы облусу электрэнергия менен толук камсыздалды. Өз билдирүүсүндө компания Өзбекстан жана Кыргызстандын энергосистемалары менен биргеликте иш-аракеттер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады. Алдын ала маалыматтарга караганда, жарыктын өчүрүлүшүнө Борбор Азия энергетикалык шакекчесиндеги авария себеп болгон. 25-январда түшкө маал Кыргызстан,... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Ига Свёнтек

Свёнтек: я чувствую, что с каждым годом получаю всё большую поддержку






Аршавин считает, что «Спартак» был ближе к победе, чем ЦСКА

Игру «Юнармия, вперед!» провели в Подмосковье

Кузбасские росгвардейцы написали «Диктант Победы»

Преданный забвению. Как Иван Винокуров отстоял Алдан для Якутии