Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Новости за 28.01.2022

"Рахмон бийлигин бекемдеш үчүн чек араны чечпейт"

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал жөнөкөй кагылышуудан алда канча кооптуу экенин көргөзөт. Мындай пикирин Борбор Азия  боюнча орусиялык эксперт Аркадий Дубнов ортого салды. Талдоочу  чырды жөнгө салууда "эң негизги тоскоолдук өз максаттарын көздөгөн Рахмондун режими" деп эсептерин кошумчалады. - Чек арадагы көйгөй бир нече жыл, атүгүл ондогон жылдан бери чечилбей келүүдө. Бирок акыркы жылдары барган сайын курчуп жатат. Былтыр куралдуу жаңжалга чейин жетпедиби. Эки өлкө кырдаалды кантип жөнгө сала алышат? Читать дальше...

Футзал: Дүйшөмбүдө кыргыз кыз-келиндер курамасы коло байге утту

Azattyk.org 

Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер курама командасы Дүйшөмбү шаарында өткөн CAFA Women’s Futsal Championship эл аралык мелдешинде үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол уюму билдирди. CAFA Women’s Futsal Championship эл аралык мелдеши 21-январда башталган. Мелдешке Иран, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын курама командалары катышты. Мелдеш айлампа иретинде өтүп, ар бир команда алтыдан беттеш өткөрдү. Кыргызстан курама командасы алгачкы оюнда (21-январда) Тажикстандын... Читать дальше...

Беларуста камалган саясий туткундардын саны миңден ашты

Azattyk.org 

Бир жылдан бери саясий кырдаалга байланыштуу Беларуста камалган саясий туткундардын саны миңден ашты. Бул тууралуу ушул өлкөнүн жарандарынан куралган эл аралык "Весна" укук коргоо борбору кабарлады. Жаңыланган тизмеге Александр Лукашенкону жана бийликтин башка өкүлдөрүн кемсинткени үчүн камалган тогуз адам кирди. Үч адам кастыкты козутуу беренеси менен соттолгон. Укук коргоо уюму саясий туткундарды куугунтуктоону токтотууну жана бошотууну талап кылды. Беларуста 2020-жылкы шайлоону 26 жылдан... Читать дальше...

Орусия Сириядагы чет элдик күчтөрдү чыгарып кетүүнү талап кылды

Azattyk.org 

Расмий Москва Сириядагы чет элдик күчтөрдү тез арада чыгарып кетүүнү талап кылды. Бул тууралуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин отурумунда Орусиянын бул уюмдагы атайын өкүлүнүн орун басары Дмитрий Полянский билдирди. “АКШ террорчулук менен чакан мааниде да, дүйнөлүк масштабда да күрөшө албай жатканы ачык-айкын болуп турат. “Ислам мамлекети” тобунун жоочуларынын Хасаке шаарындагы түрмөгө жасаган чабуулу буга далил”, - деп кошумчалады ал. Полянский америкалык аскерлердин Сирияда жүрүшү тескерисинче... Читать дальше...

Баткен: тараптар ок атышууну токтотуу боюнча мунасага келди

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында 27-28-январда тутанган жаңжалдын кесепетинен эки тараптан кеминде 20дан ашык адам жаракат алды. Чек ара чырына байланыштуу Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик өкүлдөрү жолугуп, ок атышууну токтотуп, аскер техникалары менен жоокерлерди артка кайтаруу чечимин кабыл алышты. Орусия АКШдан Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча канааттандырарлык жооп албаганын билдирди.

Temirov LIVE каналынын кызматкерлери милицияга сурак берип чыкты

Azattyk.org 

Temirov LIVE деп аталган YouTube каналында иштеген төрт кызматкери Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына сурак берип чыкты. Жактоочу Замир Жоошев алар журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровго байланыштуу иш боюнча суралышканын айтты. Ал сурак эки тараптуу сый мамиледе болгонун, тергөөчүлөр иштин алкагында гана суроолорду узатышканын кошумчалады. “Болот Темировко козголгон кылмыш ишинде төрт журналист күбө катары суракка чакырылган. Күбөлөр жактоочулардын катышуусунда, тергөөчүлөрдү кызыктырган суроолорго жооп берип... Читать дальше...

Temirov LIVE: Иликтөөгө жооп, токтобогон аңдуу

Azattyk.org 

"Кыргыз Петролеум Компани" мамлекеттик ишканасынын башчысы Байгазы Матисаков Temirov LIVE каналына жарыяланган иликтөөгө жооп берип, эч качан коррупцияга аралашпаганын айтты. Матисаков УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган жээни. Ал арада журналист Болот Темиров бийликтин басымына туш болгонун, азыркыга чейин артынан аңдыгандар бар экенин айтууда.

Назарбаевдин доору бүттүбү? "Нур-Отандын" тизгини Токаевге тийди

Azattyk.org 

“Нур Отан” партиясынын кезексиз курултайында анын жаңы төрагалыгына президент Касым-Жомарт Токаев шайланды.  Ал курултайда ачык жана таза саясий атаандаштыктын кепили болууга сөз берди. 28-январда башкаруучу партиянын саясий кеңеши да өзгөрүп, экс-президент Назарбаевдин жакындары жаңы курамга киргизилген жок. Акорда билдиргендей, Касым-Жомарт Токаевди партия төрагалыгына шайлоону Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев сунуштаган. Курултайдын делегаттары бул сунушту "бир добуштан" колдошту. Читать дальше...



Бүгүнкү дипломдун салмагы кандай?

Azattyk.org 

Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган Оразайым Нарматованы боршайком дипломуна байланыштуу мандатынан ажыратты. Бул коомчулукта дипломдун мааниси, салмагы тууралуу ар кандай талкууларга жем таштады. “Азаттык плюс” билим берүү тармагындагы адистер жана жаштар менен ушул маселени талкуулады.

Түрк мамлекеттер уюму Кыргызстан менен Тажикстанды диалогго чакырды

Azattyk.org 

Түрк мамлекеттер уюму кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга байланыштуу билдирүү жасап, кырдаалдын курчуп кетишине жол бербөө үчүн абалды дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды. Баш катчы Багдад Амреев уюм жай тургундарга аскерий курал колдонууну айыптай турганын, эки өлкө сүйлөшүүлөрдөн кийин чыр-чатактарга жол берилбесине ишеним артаарын билдирди. “Биз Кыргызстандын кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу аракетин колдойбуз жана Кыргызстан менен Тажикстандын өз ара түшүнүшүү, урматтоо, жакшы коңшулук... Читать дальше...

Темир Сариев: Кумтөр боюнча коюлган айып жокко чыкты

Azattyk.org 

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев “Азаттыкка” маек куруп, анда “Кумтөр” иши боюнча камакка алынышынын чоо-жайы, “Кумтөр”, “Жетим тоо” кендеринин, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу” долбоорунун келечеги, президент Садыр Жапаровдун бир жылдык ишинин жыйынтыгы, Июнь окуясына байланышкан кылмыш иши, адам укуктары тууралуу суроолорго жооп берди.

Орусия: элчилик кыргызстандык жарандардын маянасын өндүрүп берди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги "Маник" фирмасынан айлыгын алалбай жүргөн 15 кыргызстандык жарандын маселеси оң жагына чечилгенин билдирди. Анда консулдук бөлүмдүн кызматкерлеринин жардамы менен жалпысынан алардын  1 миллион 195 миң рубль маянасы өндүрүлүп берилгени айтылат. Буга чейин дагы Орусияда жүздөгөн кыргызстандыктар эмгек акысын өндүрө албай, жардам сурап элчиккке кайрылган учурлар катталган. Расмий маалыматка ылайык, жылына Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнө... Читать дальше...

Садыр Жапаровду сынаган бир жыл

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаровдун ант берип, мамлекеттеги эң жогорку кызматты расмий аркалай баштаганына 28-январда туура бир жыл болду. Бул аралыкта өлкөдө Конституция жаңыланды, өкмөттүн түзүмү жана курамы өзгөрдү, Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы ишин баштады. Президенттиктин алгачкы жылында эле Жапаровду катуу сынаган учур - жазындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал болду. Былтыр 10-январда өткөн шайлоодо Садыр Жапаров добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 80% жакынынын колдоосун алып, мамлекет башына келди. Читать дальше...

Жаңылыктар: Чек арада кырдаал тынчыды, Төрт-Көчө ачылды

Azattyk.org 

Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында чыккан жаңжалда курал колдонулуп, эки тараптан кеминде 20дан ашык киши жараат алды. Чек ара чырына байланыштуу Баткен, Лейлек райондорунун 11 миңден ашуун тургуну эвакуацияланды. Кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын чек ара кызматынын башчысы Раджабали Рахмонали сүйлөшүү өткөрүп жатканы кабарланды.

"Москва чек арага кийлигишип, аброюна көлөкө түшүргүсү келбейт"

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал тутангандан көп өтпөй эле Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Станислав Зась Кыргызстан жана Тажикстандын бийлигин чек арадагы ок атышууну токтотууга чакырды. Зась ЖККУ чатакты чечүү үчүн эки өлкөгө тең зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалаган. Жамааттык аскердик бирикменин мындай тез реакциясынын артында эмне турат? Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдын айланасындагы суроолорубузга Москвадагы Карнеги борборунун эксперти Темур Умаров жооп берди. Читать дальше...

Байден менен Зеленский "украин кризисин" телефондон талкуулады

Azattyk.org 

АКШнын президенти Жо Байден Украинанын президенти Владимир Зеленский менен кайрадан телефондон сүйлөшүп, Орусия украин жергесине кол салса Вашингтон жана анын өнөктөштөрү “чечкүндүү жооп” кылууга даярдыгын бышыктады. Байден ошондой эле Кошмо Штаттары Киевге кошумча макроэкономикалык көмөк кылуу маселесин карап жатканын айтты. Ак Үйдүн басма сөз кызматы кабарлагандай, бул согуштук абалга байланыштуу оорлоп кеткен жагдайдан чыгуу үчүн украин бийлигине колдоо көрсөтүү. Владимир Зеленский Байден менен телефондук баарлашуу узак болгонун... Читать дальше...

Баткендеги үзгүлтүккө учураган электр жарыгы калыбына келтирилди

Azattyk.org 

Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги куралдуу кагылышта үзүлгөн электр чубалгылар оңдолуп, электр энергиясы берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Министрлик буга чейин электр линиялары тажик тарап ок чыгаргандан кийин жабыркаганынын билдирген. Анын айынан Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдарында жарык өчүп калган. Жарык өчкөн айылдарда "Ошэлектрдин" кызматкерлери иштеди. 27-январдагы чек ара жаңжалы Баткен районунун... Читать дальше...

Назарбаев “Нур Отандын” лидерлигинен кетип, Токаев шайланды

Azattyk.org 

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев “Нур Отан” партиясынын лидерлигинен кетип, жаңы төрага болуп азыркы президент Касым-Жомарт Токаев шайланды. Бул тууралуу казак президентинин администрациясы кабарлады. Лидерди алмаштыруу маселеси 28-январда партиянын кезексиз курултайында чечилген. Андагы делегаттар сунушту “бир добуштан” колдошкону маалымдалды. Токаев төрага катары сөз сүйлөп жатып, жыл соңуна чейин партия төралагынан кайра кетиши мүмкүндүгүн билдирди. Ал муну мамлекет башчы... Читать дальше...

Новости России
Москва

Новый транспортный хаб начали строить Казахстан, РФ и Китай


Баткен: чек арадагы үйлөрдүн баары өкмөттүн эсебинен камсыздандырылат

Azattyk.org 

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү министрлик-мекемелерге тапшырма берди. Ал 28-январда кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяга байланыштуу ыкчам жыйын өткөрдү. Кеңешмеде Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Ташиев тараптар чек арадагы атышууну биргелешип иликтөө үчүн комиссия түзүүнү, турак-жайын таштай качкан тургундарды кайрадан үйлөрүнө жеткирүүнү, жолдорду ачууну жана чек... Читать дальше...

Керим Турапов кызматтан бошотулду

Azattyk.org 

Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук академиялык опера жана балет театрынын жетекчиси Керим Турапов өзү жазган арыздын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу маалыматты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Тураповдун арыз жазган себеби айтылган жок. Керим Турапов менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал 2019-жылы театрга жетекчи болуп келген. Былтыр жайында театрдын кеминде жети артисти жумуштан кеткен. Арасында жогорку даражадагы балет артисти Екатерина Белоус... Читать дальше...

Kaktus.media чек ара боюнча жазгандарына түшүндүрмө берди

Azattyk.org 

Kaktus.media сайты кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча буга чейин жазгандарына түшүндүрмө берди. Буга чейин аталган сайт чек арадагы кырдаал боюнча Тажикстандын Asia Plus басылмасынын маалыматын көчүрүп жарыялаган (перепечатка). Бул айрым жарандардын нааразылыгын жараткан. "Бул басылманын жалгыз максаты – тажик тарап кандай маалыматтык саясат жүргүзүп жатканын, Тажикстандын бийлиги катардагы жарандарына кандай маалымат таратканын кыргыз коомчулугуна көрсөтүү болчу. Учурда маалыматтык согуш жүрүп жатканы анык. Читать дальше...

Индия жана Борбор Азия лидерлери онлайн саммит өткөрүштү

Azattyk.org 

Индиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын лидерлери 27-январда онлайн саммит өткөрүп, кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулашты. “Индиянын ынак жана туруктуу коңшулук түшүнүгүндө Борбор Азия башкы орунда турат”, - деди Индиянын премьер-министри Нарендра Моди саммитте. “Саммитте Индия – Борбор Азия мамлекеттеринин аткаминерлери соода, байланыш, коргонуу жана коопсуздук боюнча карым-катышты кеңейтүү темаларын кеп кылышты”, - деп айтылат Индиянын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта. Читать дальше...

Temirov LIVE каналында иштегендер шаардык милицияга чакырылды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Temirov LIVE деп аталган YouTube каналда иштеген 10дой адамды 28-январга, кечки саат 6га күбө катары суракка чакырды. Бул тууралуу  "Азаттыкка" милицияга чакырылгандар билдиришти жана алардын арасында журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров жок экенин айтышты. Азырынча шаардык милиция буга байланыштуу комментарий бере элек. Мындан бир апта мурун аталган канал Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын тууганынын... Читать дальше...

Укук коргоочу Токтонасыров чек арадагы окуяга байланыштуу пикетке чыкты

Azattyk.org 

Жарандык активист, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышка байланыштуу Бириккен Улуттар уюмунун Бишкектеги кеңсесинин алдына пикетке чыкты. Ал чек ара маселесине, өзгөчө Тажикстандын аракетине эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында чыкканын "Азаттыкка" билдирди. "Агрессия токтош керек. Бул маселеге эл аралык уюмдар көңүл бурсун", - дейт укук коргоочу. 27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Мирра Андреева замыкает год // 16-летняя российская теннисистка успешно стартовала на крупном турнире WTA в Мадриде






Лучших внутренних тренеров компаний наградили в Москве

Синоптик Тишковец: на столицу в субботу прольется 30% от месячной нормы осадков

Синоптик Ильин: дождь в Москве прекратится к вечеру

Сотни учащихся посетили предприятия «Швабе» в рамках акции «Неделя без турникетов»