Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Новости за 31.01.2022

Түркия: кыргыз келинге кол салууга шектүү кармалды

Azattyk.org 

Жекшембиде Стамбулда кыргызстандык аялга кол салып, "моюнун тилип салган" деген шек менен түрк жараны кармалганы кабарланды. Түркиялык маалымат каражаттары үрөй учурган окуяга айыпталып жаткан киши соттук териштирүү бүткөнгө чейин бошотулганын жазып чыгышты. Шектүү коюлган айыптарды четке каккан.  Окуя 17-январда Түркиянын Стамбул шаарындагы мейманканалардын биринде болгон. Чыр-чатакты уккан мейманкананын кызматкерлери бөлмөгө барганда аялдын моюну жана бети тилинип жерде жатканын көрүшкөн. Полиция... Читать дальше...

Томас-Гринфилд: Орусия Беларустагы аскерлерин көбөйтүүнү көздөп жатат

Azattyk.org 

АКШнын Улуттар Уюмундагы элчиси Линда Томас-Гринфилд Орусия Беларустагы аскерлеринин санын февралдын ортосуна чейин 30 миңге чейин көбөйтүүнү көздөп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 31-январда Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты. Томас-Гринфилд Орусия Украинага кол салса, АКШ жана анын өнөктөштөрү тез жооп кайтарарын эскертти. Ошондой эле кеңешти бир гана Орусиянын билдирүүлөрүнө эмес, анын иш-аракеттерине да баа берүүгө чакырды. «Биз талкуулап жатканда Орусия аларга көбүрөөк күч жана курал-жабдык жөнөтүп жатат»,-деди ал. Читать дальше...

Кыргызстандык мушкерлер Азия чемпионатынан сегиз байге алышты

Azattyk.org 

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы 22 жашка чейинкилер арасында өткөн Азия чемпионатынан төрт күмүш жана төрт коло байгеге ээ болушту. Дене тарбия жана спорт боюнча департаменттен билдиришкендей, мелдеш 22-30-январь күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында өттү. Күмүш байгелерди Мирзохид Имамназаров (63,5 кг), Султан Асанкул уулу (67 кг), Нурадин Рустамбек уулу (71 кг), Рустам Ырысбек уулу (92 кг), коло байгелерди Анвар Ходжиев (48 кг), Рыспек Бектенов (60 кг), Өмүрбек Бекжигит уулу (80 кг) жана Бакыт Токтосун уулу (86 кг) алды. Читать дальше...

Алматыда ондогон адам жакындарын бошотууну талап кылды

Azattyk.org 

Алматы шаардык прокуратурасынын алдына чогулган ондогон киши январь окуяларында кармалган жакындарын бошотууну талап кылышты. Алардын айрымдары туугандары убактылуу тергөө жайында «эч күнөөсүз» отурганын айтышты. Алар «Боштондук!» деген ураандарды чакырып турушту. "Улуу балам 16-январда ажылыкка кеткен. 26-январда учактан түшө электе кармалды. Аны тосуп алууга барган кичүү уулум эки досу менен кошо кармалды. Балдарым эч кимге зыяны жок адамдар. Калаа прокурорунан балдарымды бошотууну талап кылам",-деди акцияга чыккандардын бири Шергүл. Читать дальше...

Жогорку соттун төрайымы күтүүсүз кызматтан кетти

Azattyk.org 

Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова кызматтан кетүүгө арыз жазды. Бакирова буга Баш мыйзамдын өзгөргөнүн себеп катары көрсөткөн. Бийликтин бир бутагынын жетекчисинин күтүүсүз отставкасы түрдүү жоромолдорго жол ачты. Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетерин 31-январда жарыялады. Мекеме тараткан кыска билдирүүдө Бакированын отставкасы жаңы Конституцияда төраганы шайлоо тартиби өзгөргөнүнө байланыштуу экени белгиленген. Аталган органдын басма сөз кызматынын... Читать дальше...

Иранда жүздөгөн мугалимдер нааразылык акциясына чыгышты

Azattyk.org 

Иранда жүздөгөн мугалимдер нааразылык акциясына чыгып, айлык акынын убагында төлөнүшүн, пенсия маселесинин чечилишин жана камактагы кесиптештеринин бошотулушун талап кылышты. 31-январда мугалимдер Тегерандагы парламент имаратынын жана башка шаарлардагы билим берүү башкармалыктарынын алдына чыгышты. Буга чейин алар эки күн мектептен чыкпай каршылык акциясын өткөрүшкөн. Өткөн айда Ирандын парламенти бир нече күндүк каршылык акцияларынан кийин мугалимдердин маянасын көтөрүүгө макул болгон. Соңку... Читать дальше...

Бээжин - 2022: Кыргызстандын намысын жалгыз Максим коргойт

Azattyk.org 

Эл аралык мелдештердин катышуучусу жана жеңүүчүсү, лыжа спортунун чебери Максим Гордеев Кыргызстандын атынан кышкы Олимп оюндарына жолдомо алган жалгыз спортчу. Ал "Азаттык" менен болгон маегинде февралда Бээжинде өтчү Олимп оюндары, Кыргызстандагы тоо лыжа спорту жана Каракол лыжа базасы тууралуу ойлору менен бөлүштү.



Бишкек таштандыдан кантип арылат?

Azattyk.org 

Чек ара чатагынын каскагынан Баткенге үч миллион сомдук зыян келтирилген. Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова кызматын өз каалоосу менен тапшыруу арызын президентке жолдоду. Ооганстанда талибдер ондогон мурдагы аткаминерлерди жана аскер кызматкерлерин жок кылганын Бириккен Улуттар Уюму билдирди.

Жонсон Путинге "жардан алыс болууну" эскертет

Azattyk.org 

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон 31-январда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып "Путинге мен эмне демек элем, буга чейин айтылгандай эле баарыбызга жардан алыс болуу керек экенин эскертем. Менимче, Украинага басып кирүү бүтүндөй дүйнө үчүн чоң алааматка айланат, эң биринчи кезекте Орусия үчүн алаамат болот", - деди. Буга чейин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен 1-февралда телефондон сүйлөшөрүн билдирген. 31-январда кечирээк... Читать дальше...

Баткен: Тажикстандан көчүп келген кыргыздар

Azattyk.org 

2021-жылдын жазында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдан кийин Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыздардын саны көбөйгөнү байкалган. Баткенде Тажикстандан көчүп келген кыргыздардын жалпы саны миңге жакын. Алардын теңи жарандык алуу үчүн арыз менен кайрылган. "Данисте" берүүсү этникалык кыргыздар көп жайгашкан Баткендин айылдарын кыдырып, алардын турмушуна кызыкты.

Алматынын мэри Сагинтаев кетип, ордуна Досаев келди

Azattyk.org 

Казакстанда президент Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен Алматы шаарынын мэри Бакытжан Сагинтаев «башка ишке өткөнүнө» байланыштуу кызматтан бошотулду.  Анын ордуна буга чейин Улуттук банкты жетектеп келген Ерболат Досаев дайындалды. Алматынын тургундары кол топтоп Сагинтаевдин иштен кетишин талап кылышкан. Ага 26,5 миң адам кол койгон. «Сагинтаев жашоосундагы эң башкы сыноодон өтпөй калды. Ал оор күндөрдө шаардыктарды моралдык жактан да, физикалык жактан да колдогон жок. Ал жада калса алматылыктарга... Читать дальше...

Кайра шайлоо: Талапкерлерден документтерди кабыл алуу мөөнөтү аяктады

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңешке Бишкектеги №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча кайра шайлоого 37 талапкерди каттады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл алуу 30-январда аяктады. Арыз жазган 72 кишинин 55и керектүү документтер топтомун тапшырып үлгүргөн. Тогуз талапкер шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз берди (алардын бирөө – катталган талапкер). Боршайком бир талапкерди каттоодон баш тартты. Читать дальше...

Чек ара: Ташиев 39-протокол тууралуу суроолорго жооп берди

Azattyk.org 

Тажикстандын Кожалы айылы менен Ворух анклавын байланыштырган, Кыргызстандын Ак-Сай айылы аркылуу өтө турган жолдун курулушуна байланыштуу талкуу токтой элек. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев аталган жол, кыргыз-тажик чек арасы, №39 протоколдун мазмуну тууралуу айтып берди.

УКМК: мөөнөтү өткөн дарыларды саткан фармкомпаниянын башчысы камалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Кыргызстандагы медициналык жайларга мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектерди, анын ичинде балдарга керектүү препараттарды сатып жүргөн фармацевтикалык компания аныкталганын билдирди. Бул фактыга байланыштуу кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды жана компаниянын "А.К" аттуу жетекчиси камалды. "Бул компания саламаттыкты сактоо тармагы жана дарыканалар аркылуу дарыгерлерге жана фармацевттерге акчалай сый акыларды жана бонустарды төлөп берүү менен импорттук... Читать дальше...

Бишкекте бир нече автоунааны өрттөөгө шектелген адам кармалды

Azattyk.org 

Бишкек шаарында бир нече автоунааны өрттөөгө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 31-январь күнү саат 01:45 чамасында милицияга Ахунбаев менен Абай көчөлөрүнүн кесилишинде жеңил автоунаа өрттөнүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Шаар тургуну окуя болгон жерге барган райондук милициянын тергөө тобуна Ахунбаев көчөсүндө токтоп турган "Мерседес Спринтер" үлгүсүндөгү машинесин белгисиз адамдар өрттөп салышканын билдирген. Читать дальше...

Түркмөнстанда аксакалдар жаштарды өкмөткө каршы маалыматтардан оолак болууга чакырды

Azattyk.org 

Түркмөнстандын Мары облусунда аксакалдар жаштарды өкмөткө каршы маалыматтардан оолак болуп, аларды окубоого чакырышты. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы жогорку класстардын окуучуларына жана студенттерге таянып жазды. "Аксакалдар менен жолугушуулар дээрлик күн сайын мектептердин бириндеги залдарда өтөт. Алар студенттерге "өлкөнүн гүлдөшүнө ишенерин, Интернетте президентти каралап жаткан адамдар бар экенин" айтышат", - деди жыйынга катышкан окуучулардын бири. Түркмөнстанда аксакалдар... Читать дальше...

Милиция көчөдө аялын ур-тепкиге алган жаранды жети күнгө камады

Azattyk.org 

Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринде аялын токмоктогон жаран жети күнгө камакка алынды. Аны шаардагы Ленин райондук соту Үй-бүлө кодексинин 70-беренеси (үй-бүлөдөгү зомбулук ) менен күнөөлүү деп тапты. Ошондой эле анын аялына милиция коргоо ордерин берди. Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын билдиришинче, бул маалымат 30-январда түнкү саат 11лер чамасында түшкөн. Окуя болгон жерге барганда келин жолдошуна дооматы жок экенин айтып, ага каршы арыз жазуудан баш тартканы менен милиция бул окуяны териштирип-иликтеп жатканын билдирген. Читать дальше...

Болот Темировдун оозун жабуу аргасынын артындагы сырлар

Azattyk.org 

Кыргызстандагы алдыңкы эркин журналисттердин бири жемкорлукту ашкерелеген иликтөөлөрү үчүн милиция ага баңгизат салып койгонун айтып жатат. Бирок бул көпчүлүккө көрүнбөгөн көмүскө иштердин бир гана өңүтү. Өлкөдөгү журналисттик иликтөө менен алектенген башкы медиа каражаттарынын бири секс-шантажга, жалган жалаага жана аңдууга туш болгону аныкталды. Журналист Актилек Капаров кофе алайын деп имараттан чыгары менен көчөдөгү адаттан тыш кымгуут кыймыл көзүнө урунган. “Беткапчан, кадимки кийимчен кишилер жана эки милиционер жүргөн эле. Читать дальше...

Новости России
Москва

Тема дня: На «Госуслугах» можно будет получить статус многодетной семьи с 2025 года


Бишкекте бир күндө сегиз автоунаа күйүп кетти

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Бишкек шаарында бир суткада сегиз автоунаа өрттөнгөнүн кабарлады. Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө беш өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Кырсыктан жабыркагандар жок. Учурда унаалардын өрттөнүшүнө кандай себеп болгону такталууда. Автоунаалардын өрттөнүшүнө байланыштуу ӨКМ айдоочуларга тиешелүү эрежелерди сунуштады. Маалыматта автоунаа тез күйүүчү буюмдардан турары эскертилип, айдоочуларды өрт тутанган учурда 90 секунд ичинде машинени таштап кетүүгө чакырды. "Автоунаа... Читать дальше...

Ташиев: инимдин мандаты тууралуу маселени шайлоочулар, фракция чечет

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаты, бир тууган иниси Шаирбек Ташивдин мандаты тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна учкай жооп берди. Анда бул маселени анын шайлоочулары менен парламенттеги "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы чечерин билдирди. "Анын өзүнүн шайлоочулары бар. Мен өзүмдүн оюмду айттым. Шайлоочуларынын, фракциянын чечимине мен кийлигише албайм",- деди Ташиев. Буга чейин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев Шаирбек... Читать дальше...

Журналисттер сөз эркиндигине байланыштуу бийликке кайрылды

Azattyk.org 

Журналисттик коомчулуктун өкүлдөрү сөз эркиндигине байланыштуу кайрылуу жолдоду. Анда журналисттер демократиялык коомдун принциптеринен жана баалуулуктарынан четтөө өңдүү тынчсыздандырган көрүнүштөр болуп жатканын белгилешкен. Ошондой жалпыга маалымдоо каражаттарына жана сөз эркиндигине туш тараптан жапырт чабуул коюлуп жатканын айтышкан. Бул аракеттер айрым мыйзамдарды кабыл алуу, ири суммадагы доо арыздар, оозеки коркутуулар, мыйзамсыз кармоо жана суракка чакыруу аркылуу ишке ашып келатканына токтолушкан. Читать дальше...

БУУ: Талибдер ондогон аткаминерлерди жана аскерлерди жок кылган

Azattyk.org 

Талибдер ондогон мурдагы ооган аткаминерлерин жана аскерлерин жок кылганы Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериштин баяндамасында белгиленген. Анда жазылгандай, Ооганстанда талибдер бийликке келип, чет өлкөлүк күчтөр чыгарылгандан кийин ондогон аткаминерлер, коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери жана эл аралык контингент менен кызматташкан жарандар өлтүрүлгөн. Кылмыштардын үчтөн экиси талибдер жана анын тарапташтары тарабынан жасалган. Документте ошондой эле "Ислам мамлекети" террордук... Читать дальше...

УКМК Түркиянын жаранын уурдоого катышкандардын бири кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) түркиялык ишкерди уурдоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 1998-жылы туулган Кыргызстандын жараны кармалганын билдирди. Шектүү милиция менен биргеликте колго түшкөн. Ал түрк жаранын уурдоону уюштургандардын бири экени УКМК тараткан маалыматка белгиленген. "Учурда кылмыш ишинин негизги катышуучусу, 1971-жылы туулган Кыргызстандын жараны изделип жатат. Ал укук коргоо органдарынан из жашырып жүрөт. Ошондой эле, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө... Читать дальше...

Түндүк Корея Америкага жете турган баллистикалык ракетасын сынаганын ырастады

Azattyk.org 

Түндүк Корея АКШнын Гуама аймагына чейин жете турган орто аралыктагы "Хвасон-12" баллистикалык ракетасын сынаганын ырастады. Мамлекеттик агенттиктер сыноонун сүрөттөрүн жарыялашты. Буга чейин Сеул менен Токио Түндүк Корея баллистикалык ракетасын сынаганын жекшембиде билдирген. Алардын баамында, ракета 2000 чакырым бийиктикке жетип Жапониянын жээгине жакын сууга түшкөн. Пхеньян жыл башынан бери жети жолу баллистикалык ракетаны сыноодон өткөрүп, АКШ, Жапония, Түштүк Корея баш болгон эл аралык коомчулуктун айыптоосуна кабылды. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Вторая ракетка Казахстана опустилась в чемпионской гонке WTA






Филиалы МОККВД изменят график работы в праздничные дни

Путин скоро шокирует всю элиту, вытащив мощный козырь — Хазин

Столичные школьники выиграли золото и серебро на Менделеевской олимпиаде по химии

Евгению Гуцул встретили её сторонники в аэропорту Кишинёва