Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Новости за 15.01.2022

Казакстандагы соңку окуяларда кеминде 225 киши каза тапты

Azattyk.org 

Казакстанда соңку нааразылык акцияларында жана тополоңдо каза тапкан 225 кишинин сөөгү өлүкканага жеткирилди. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасынын кылмыш ишин козгоо кызматынын башчысы Серик Шалабаев ишембинин кечиндеги брифингде айтты. "Алардын бир бөлүгү теракттарга катышкан, имараттар менен укук коргоо кызматкерлерине чабуул жасаган куралдуу бандиттер. Каза болгондордун ичинде 19 полиция жана аскер кызматкерлери бар", - деди Шалабаев. Ал 225 адамдын канчасы жөн-жай тургундар, канчасы... Читать дальше...

Түркия туристтерге акы төлөп вакцина сайдырууга уруксат берди

Azattyk.org 

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө туруктуу жашоого уруксаты жок же чет өлкөдөн турист катары келген жарандар германиялык Pfizer/BionTech же кытайлык Sinovac вакцинасы менен эмдөөдөн өтсө болорун билдирди. Эки доза вакцинанын акысы 30 доллардын тегерегинде экени кабарланды. Ошондой эле эки доза вакцина алган жаранга эл аралык сертификат берилет. Негизинен Түркияда туруктуу жашоого уруксат алган ар бир чет өлкөлүк жаран коронавируска каршы акысыз вакцина алса болот. Калкынын дээрлик 84% вакцинанын эки дозасын сайдырган. Читать дальше...

Каркырада кармалган кыргызстандык боюнча жооп боло элек

Azattyk.org 

Кыргыз тарап кыргыз-казак чек арасында мал издеп жүрүп кармалган деп айтылып жаткан студент Сыймык Өмүрбек уулу боюнча Казакстандан жооп ала элек. 15-январда “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов бул тууралуу “Бул маселе биздин көзөмөлдө. Тийиштүү органдарга кайрылганбыз. Жооп күтүп жатабыз” деп билдирди. 22 жаштагы Өмүрбек уулунун апасы Чынара Тамаева окуя 10-январда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра жайлоосунда болгонун, уулу мал издеп жүрүп коңшу өлкөнүн чек арасына кокусунан өтүп кетип... Читать дальше...

Алматыдагы башаламандык учурунда кармалган төрт кыргыз жараны бошоду

Azattyk.org 

Алматы шаарында башаламандык учурунда кармалган төрт кыргызстандык 15-январда абактан бошотулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, алар көп жылдан бери ошол жакта иштеп жүргөнүн айтып, Казакстандын аймагында каларын билдиришти. Закир Юбуров, Адан Хуров, Ильяс Мачо жана Абду-Рахим Жиншанло аттуу кыргыз жарандарын казак абагынан бошотуу боюнча Казакстандын тийиштүү органдары менен сүйлөшүү жүргүзүүгө Кыргызстандын Алматыдагы Башкы консулдугу... Читать дальше...

"Омикрондон" кантип коргонсо болот?

Azattyk.org 

12-январда Кыргызстанда коронавирустун "омикрон" штаммы эки бейтаптан аныкталды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эки айдын ичинде Европа калкынын жарымынан көбү "омикронго" чалдыгышы мүмкүн деп 11-январда эскертти. АКШда аны бир күндө бир миллиондон көп киши жуктуруп алды.

ЖККУ аскерлери Казакстандан кайтууда

Azattyk.org 

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) күчтөрү катары Казакстанга жөнөтүлгөн орусиялык алгачкы алты учак аскерлер мекенине кайтып, Иваново шаарындагы аэродромго жеткирилгенин 15-январда Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди. Андан ары алар туруктуу жайгашкан пункттарына жөнөйт. Мындан тышкары дагы эки учак аскерлер Москванын четиндеги "Чкаловский" аэродромуна конду. Орусиянын учактары менен Армениянын, Белорустун жана Тажикстандын аскерлери да өз өлкөсүнө кайра жеткирилди, Кыргызстандан баргандар 14-январда өз алдынча кайтып келишти. Читать дальше...

Назарбаевдин "күйөө балдары" кызматтан кетти

Azattyk.org 

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алиянын күйөөсү Димаш Досанов "КазТрансОйл" мунай компаниясынын башкы директору кызматынан кетти. Назарбаевдин тун кызы Дариганын күйөөсү делген Кайрат Шарипбаев болсо "QazaqGaz" улуттук компаниясынын жетекчиси кызматынан алынды. Бул тууралуу бул компанияларга ээлик кылган "Самрук-Казына" фонду 15-январда билдирди. Расмий билдирүүдө жогорудагы эки жетекчинин ыйгарым укуктары өздөрү жазган арыздын негизинде директорлор кеңешинин чечими... Читать дальше...

Такталбаган чек ара, тажик абагында ажал тапкан маркум

Azattyk.org 

Тажикстандын түрмөсүндө каза болгон кыргызстандык жарандын сөөгү Баткенге жеткирилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. "Чек арадан мыйзамсыз өткөн" деген айып менен эки жылга соттолгон Кудайберди Бекмуратов аттуу жарандын каза тапканы 14-январда маалым болгон. Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Туллаевдин "Азаттыкка" билдиришинче, тажик абагында каза тапкан жаран тууралуу буга чейин жеригилктүү бийлик өкүлдөрү менен тиешелүү органдар кабардар болгон эмес. Читать дальше...



Орусияда АКШ берген маалыматтын негизинде ири хакердик топ аныкталды

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар Орусиянын айрым ири америкалык компанияларга чабуул жасаган деп шектелип жаткан хакердик топтун мүчөлөрүн камакка алуу тууралуу чечимин кубаттоо менен кабыл алганын 14-январда Ак үйдө иштеген жогорку кызматкерлердин бири билдирди. Анын айтымында, АКШ ал адамдардын хакерликке тиешеси бар экени аныкталса жоопко тартыларына ишенет. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы АКШнын тийиштүү органдарынын кайрылуусунун негизинде REvil хакердик тобунун 14 адамдан турган толук курамы аныкталганын... Читать дальше...

Эки миң долларга торпок алган сузактык фермер

Azattyk.org 

Сузак районунун тургуну Кахар Эшкозуев асыл тукум уйларды багат. Анын айтымында беш уйдун ордуна бир асыл тукум бодо мал кармоо алда канча пайдалуу. Фермер мал чарбачылыгынан тышкары быйылкы кургакчылык тууралуу да айтып, жылдан жылга жайыттар тарып баратканын белгиледи. Ал бул көйгөйдү малдын санын эмес, сапатын жакшыртуу жолу менен чечүү керек деген пикирде.

Абактагы адам оозун төөнөгөнү тууралуу маалымат ырасталган жок

Azattyk.org 

Жаза аткаруу кызматы Бишкекте айыпталуучу адам сот залында зым менен оозун төөнөгөнү тууралуу маалыматты четке какты. 15-январда “Азаттык” радиосуна мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдиргендей, айыпталуучу Талгат Шамиев оозун төөнөөгө аракет кылган, бирок күзөт кызматкерлери ага жол беришкен эмес: “Оозун тикпептир. Ачкачылык да жарыялабаптыр, тамак ичип жатыптыр. Сот залынан судьяга нааразылык билдирем деп аракет кылган экен”. 2020-жылдын 28-мартында Нарында бычакталган Алмаз... Читать дальше...

16-январдын аба ырайы

Azattyk.org 

16-январда Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге, кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй, Талас облустарында түнкүсүн 0...5, күндүз 10…15; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10; Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…-5; Бийик тоолордо түнкүсүн -20…-25... Читать дальше...

Кытайда "омикронго" каршы кошумча чаралар көрүлүүдө

Azattyk.org 

Кытайда дагы бир шаар коронавируска байланыштуу жаңы чараларды көрө баштады. Өлкөнүн түштүгүндөгү Чжухай шаарында коронавирустун “омикрон” штаммы жети адамда аныкталганы белгилүү болгондон кийин коомдук автобус кызматы ишин убактылуу токтотту. Шаар тургундарын жапырт текшерүү коңшу калаада “омикрон” катталгандыктан 14-январда башталган. Калкы дээрлик 2,5 миллион адам болгон Чжухай кумарканалардын борбору катары белгилүү Макао менен чектешет. Дүйнөдө коронавирус жугузуп алгандардын саны 324 миллиондон, каза болгондор 5 миллиондон ашты. Читать дальше...

Алматы окуясынан кийин кармалган кыргыз жараны дайынсыз болууда

Azattyk.org 

Казакстандын Тышкы иштер министрлигине кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков боюнча нота жөнөтүлгөнүн 15-январда “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов билдирди. Анын айтымында, азырынча ал тууралуу так маалымат жок болууда: “Таксисттин айтуусуна караганда, ал жигит Алматы-Бишкек жолунда кетип баратканда кармалган. Ошол маалымат боюнча азыр ал кай жерде экенин издеп жатабыз”. Эмерек орнотуучу болуп Алматыга барып-келип иштеп жүргөн 46 жаштагы Сыдыковду казак күч... Читать дальше...

Ырчы Александр Волкодавга "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси тапшырылды

Azattyk.org 

Орусияда ыр сынагынын жеңүүчүсү болгон кыргызстандык аткаруучу Александр Волкодав Кыргызстандын маданиятынын мыкты кызматкери болду. Наамдын төш белгисин жана өкмөттүн атынан 100 миң сомдук сертификатты 15-январда Бишкекте ырчыга маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов тапшырганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 32 жаштагы Александр Волкодав 2021-жылдын 30-декабрында Орусиянын “Биринчи каналы” уюштурган "Голос" долбоорунун онунчу сезонунун жеңүүчүсү болгон. Читать дальше...

Казакстанда кармалган төрт кыргыз жараны бошотулууда

Azattyk.org 

Казакстанда, Алматы-Бишкек жолундагы Карасай районунда кармалган төрт кыргызстандык бошотулууда. Бул тууралуу 15-январда “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов билдирди:   “Бошотулат деп биз да күтүп жатабыз. Эртең менен барып жолугуп, азыр келдик. Алар эч кандай мыйзам бузган эмес. Алматыдан Бишкекке, үйүнө кетип баратып, жолдон кармалган. Казакстандын Тышкы иштер жана Ички иштер министрликтери менен байланышып, иш алып бардык”. Казак бийлиги кыргызстандык 31 жаштагы З.Юбуровду... Читать дальше...

Казакстандын байлыгын чеңгелдеген 162 киши

Azattyk.org 

The Financial Times гезити 14-январдагы санында “Назарбаев жана Казакстандын келечеги үчүн бийлик күрөшү” деген аталышта көлөмдүү материалын басып чыгарды. Том Бургис Назарбаев 1995-жылы эле керектүү кагаздарга кол коюу менен кантип эбегейсиз байлык топтосо болорун, акчанын жардамы менен бурмаланган шайлоо жана саясий репрессиялар аркылуу бийликти кармап туруу жолун түшүнгөнүн жазат. Автор Казакстандагы мунай кенин сатып алууну көздөгөн америкалык Mobil компаниясын мисал келтирген. Автордун айтымында... Читать дальше...

Кыргыз-казак чек арасы: Өткөрмө бекеттерде абал туруктуу

Azattyk.org 

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттеринде абал туруктуу экенин Кыргызстандын Чек ара кызматы 15-январда эртең мененки саат 11де билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, адамдар же автомашиналар топтолгон жерлер жок. Казакстанга кыргыз жарандарынын жана чет өлкөлүктөрдүн кирүүсү убактылуу чектелүүдө. Казакстанда жүргөн чет өлкөлүктөр жана кыргызстандыктар Кыргызстанга «Ак-Тилек», «Чалдыбар», «Ак-Жол» жана "Чоң-Капка" бекеттери аркылуу кире алышат. Кыргызстанда жүргөн казак жарандары да мекенине ушул бекеттер аркылуу өтө алышат. Читать дальше...

Машинанын айнегин караңгылатуу сунушу жактырылды

Azattyk.org 

Кыргызстанда автомашинанын алдыңкы айнектерин акы төлөп караңгылатууга уруксат берүүчү долбоор жактырылды. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 14-январда билдиргендей, машинанын алдыңкы эшиктеринин айнегин караңгылатууга уруксат берүү үчүн төлөм киргизүү каралган мыйзамды өзгөртүү долбоору колдоо тапты. Төлөмдүн өлчөмүн жана төлөө тартибин мыйзам күчүнө киргенден кийин Министрлер кабинети аныктай турганы белгилүү болду. Уруксат берүү демилгесин Экономика жана коммерция министрлиги көтөрүп чыккан. Читать дальше...

Новости России
Москва

Жёсткие экологические требования решат инновационные энерготехнологии


"Кумтөрдүн" иши боюнча маалымат берилди

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин быйылкы жылдагы алгачкы отурумунда каралган маселелердин бири Кумтөр алтын кениндеги иштер болгонун 14-январда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин сайтындагы маалыматта “«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк алтын кениндеги 2021-жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча отчет берди” деп айтылды. Андан башка маалымат берилген жок. Канадалык “Центерра” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган. Читать дальше...

Мүнүшкөрдү байыткан бир олоңдун баяны

Azattyk.org 

Cардарбек Рыскулов улуттук каада-салт, элдик өнөр, көчмөн жашоо-турмушту, санжыра-санаттарды мыкты билген жазуучу эле. Сүрөткердин "Бир олоң" аңгемесинде саятчылык (алгыр куштарды кармап, таптап, аңчылык кылуучу адам​), өнөр ышкысы, жөнөкөй турмуш агымы кызыктуу баяндалган. Сайтал Мүнүшкөр адамдын жашоо-турмушун алгыр кушсуз, тоо-ташсыз, жапайы жаныбарларсыз элестетүү мүмкүн эмес. Карымшак да бүркүтү жок калгандан кийин табылып каларбы деген үмүт менен Чоң-Кеминге барган. Түлкү алууга жарай турган бүркүтү кагынып өлүп, алгыр издеп чыккан. Читать дальше...

COVID-19: Дагы бир адам каза болду, 607 бейтап жаңы катталды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 15-январдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан бир адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2828 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус менен дагы 607 адам катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (404 адам). Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 188 813 адамга жетти. 12-январда Кыргызстанда оору көбөйгөнү, коронавирустун "омикрон" штаммы катталганы... Читать дальше...

Санарип министрлигин жетектеген Имановдун айланасындагы талаш

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш 19-январдагы сессиясында санарип өнүктүрүү министри кызматына Талантбек Имановдун талапкерлигин колдоду. Ага 53 депутат "макул", үчөө "каршы" добуш беришти. Жыйында Талантбек Иманов аталган мекеменин түзүмү, штаты тууралуу суроолорго жооп берди. Ага ылайык, бул министрликте жалпысынан 6 миңдей адам иштейт, министрдин беш орун басары бар. "Борбордук аппаратта 150дөй адам иштейт. Дастан Догоев (мурдагы министр -ред.) жакшы команда түзгөн экен. Ушулар менен эле жумушту улантарыма көзүм жетип турат. Читать дальше...

Санарип министрлигин жетектеген Иманов ким? 

Azattyk.org 

Кыргызстанда санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп Талантбек Иманов дайындалды. Ал буга чейин "Дастан" заводун жетектеген. IT тармакка таптакыр тиешеси жок адамдын министрликтин башына келиши коомчулукта ар кыл суроолорду жаратып, талкууга жем таштады. Жаңы жылдын башталышы менен Кыргызстанда санариптик өнүктүрүү министри алмашты. 6-январда бул органды жетектеп келген Дастан Догоев кызматтан алынып, ушул эле күнү министрдин милдетин аткаруучу болуп "Дастан" заводунун жетекчиси Талантбек Иманов дайындалды. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Вторая ракетка Казахстана опустилась в чемпионской гонке WTA






Пыль из пустыни Сахара добралась до улиц Москвы

Гражданское судно пострадало в результате ракетного удара у берегов Йемена

В Центре Крови Подмосковья рассказали, как записываться на компоненты крови

Трасса М11 в сторону Москвы будет перекрыта из-за работ на путепроводе под Тверью