Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Новости за 30.01.2022

Кыргызстанда соттордун айлыгы 160 миң сомго чейин көтөрүлдү

Azattyk.org 

Кыргызстандын Финансы министрлиги 2021-жылы президент чыгарган жарлыктын аткарылышы жөнүндө маалыматтарды сайтына жайгаштырды. Ага ылайык, өткөн жылы соттордун айлыгы орто эсеп менен 81 миң сомдон 160 миң сомго чейин жогорулады. Аскер кызматкерлериники орто эсеп менен 21 миң сомдон 28 миң сомго чейин. Медицина кызматкерлериники 8 миң сомдон 13 миң сомго чейин, маданият кызматкерлериники 7 миң сомдон, 11 миң сомго чейин көтөрүлгөн. Министрликтин толук отчетун бул жактан көрсөңүз болот. Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча... Читать дальше...

Чолпон-Атада саймалуу таштар жайгашкан аймакта курулуш жүрүп жатканы айтылды

Azattyk.org 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Ысык-Көл облусунун Сары-Камыш, Чолпон-Ата аймактарындагы тарыхый баалуу таштар, петроглифтер жайгашкан жерлерге калктуу конуштар түшүп, сарайлар курулуп жатканын маалымдады.   Мекеменин билдирүүсүнө караганда, министр Азамат Жаманкулов 30-январда петроглифтер жайгашкан аймакты кыдырып келди. Министрлик жергиликтүү бийлик органдарына эстеликтерди сактоо, андагы жер тилкелерин мамлекеттик музейлерге өткөрүү боюнча бир нече жолу кайрылганы менен жыйынтык чыга элек. Читать дальше...

Салык кызматы Google, Meta (Facebook) компанияларына кат жөнөтүлөрүн маалымдады

Azattyk.org 

Жаңы кабыл алынган Салык кодекси боюнча электрондук соодага салык киргизилип, Google же Meta (Facebook) сыяктуу чет өлкөлүк интернет ишканалардын өлкөдөн тапкан пайдасынан салык алынат. Буга байланыштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов аталган ишканаларга атайын кат жөнөтүлөрүн “Азаттыкка” кабарлады. “Баарын көзөмөлгө алуу кыйын болот. Бирок, Google, Facebook компаниялары үчүн салык абройго байланышкан маселе болуп саналат. Биз кийин изилдеп, ал компаниялардын салык төкпөй жатканын таап алсак... Читать дальше...

"Швецияда швед тилинен сабак берем". Журтташтар

Azattyk.org 

Дүйнөнүн кайсыл гана булуӊ-бурчуна барбагын, кыргыздын ондогон, жүздөгөн, атүгүл миӊдеген кымыз жыттанган уул-кыздарын жолуктура аласыӊ азыр. Алардын ар кимисинин өзүнчө тагдыры, өмүр таржымалы бар. Ар кимиси Кыргызстандагы бир же бир нече үй-бүлөнүн багуучусу. Ошол журтташтарыбыздын бири – алыскы Швецияда 2002-жылдан бери жашап-иштеп жаткан Гүлжигит Ормоновду эл-журтунан кабар алып келген учурунда кепке тартып баарлашып калдык. - Ала-Тооӊузга кош келипсиз, Гүлжигит мырза! Маегибизди өзүӊүз жөнүндө айтып тааныштыруудан баштасаӊыз? Читать дальше...

Маттарелла экинчи ирет Италиянын президенти болуп шайланды

Azattyk.org 

Италиянын парламенти 80 жаштагы Сержо Маттарелланы экинчи мөөнөткө президенттикке шайлады. Ал 29-январда парламентте өткөн добуш берүүнүн сегизинчи айлампасында 759 добуш алды. Өлкө мыйзамдарына ылайык, президенттикке талапкер босого чектен өтүү үчүн кеминде 505 добуш алышы керек. Маттарелланын кайра шайланышы саясий күчтөрдүн ортосундагы макулдашуудан улам болду. Италия саясатынын ардагери жети жылдык мөөнөткө кайра шайланууну каалаган эмес. Буга чейин Италиянын тарыхында эки ирет бийликте калгандар болбогону айтылды. Читать дальше...

Орусиялык белгилүү актер Леонид Куравлёв дүйнөдөн кайтты

Azattyk.org 

Советтер Союзу жана Орусиянын белгилүү актеру Леонид Куравлёв 85 жашында дүйнө салды. Ал өпкөсү кагынып (пневмония), 10-январдан бери Москвадагы Коммунаровка ооруканасында жаткан. COVID-19га карата анализдери таза чыккан. 22-январда Куравлёвду ооруканадан хосписке которушкан. "Коммерсантъ" басылмасы кабарлагандай, маркум пневмониядан айыкканы менен абалы оорлошуп кеткен. Куравлёв "Иван Васильевич кесибин которот" тасмасында Жорж Милославскийдин, "Афоня" тасмасында сантехник Афанасий Борщовдун ролун ойногон.

Орус элчиси 27 дипломат АКШдан чыгып кетерин жарыялады

Azattyk.org 

Орусиянын Кошмо Штаттарындагы элчиси Анатолий Антонов январдын аягына чейин 27 орусиялык дипломат үй-бүлөсү менен АКШдан чыгып кетерин билдирди. Буга чейин президентЖо Байдендин администрациясы Американын Орусиядагы дипломаттары дагы 120 адамга кыскарганын жарыялаган. Анатолий Антонов орусиялык дипломаттарды АКШ кубалап жатканын,  кадр көйгөйүнө туш болуп жатканын айтты. 2016-жылдан бери 100дөн ашуун орусиялык дипломаттар үй-бүлөсү менен АКШдан чыгып кеткен. 2021-жылдын 29-октябрына карата АКШда 200дөй орус дипломаты иштеп жаткан. Читать дальше...



Министрлик айрым дарылар атайын кагаз менен сатылышы керектигин эскертти

Azattyk.org 

Саламаттыкты сактоо министрлиги эркин сатылууга тыюу салынган психотроптук "Лирика" жана "Тропикамид" дарылары мындан ары даркынадан атайын догдурдун расмий бланкка толтурулган рецепти менен гана сатылышы керектигин эскертти. Дары-дармек жана медициналык жабдуулар департаменти бул эки дарынын эркин сатылуусуна байланыштуу тийиштүү мекемелер менен атайын жыйын өткөргөн. 2021-жылы Жалал-Абадда аты аталган дары-дармектер дарыгердин атайын көрсөтмөсү жок сатылып жатканы аныкталган. "Лирика" дарысына... Читать дальше...

Токаев январь окуяларын эл аралык деңгээлде иликтөө талабын четке какты

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 227 адамдын өмүрүн алган январь окуяларын эл аралык деңгээлде иликтөө тууралуу талаптарды четке какты. Ал өлкөдөгү башаламандыктарга "бандиттер менен террорчулар" гана күнөөлүү деп, бирок буга байланыштуу кандайдыр бир далилдерди келтирген жок. Январь окуяларынан кийин алгач ирет Токаев улуттук "Хабар" агенттигине 29-январда маек куруп, акыркы кандуу окуяларды "согушкерлердин кол салуусу" деп баалап, казак мамлекети аны өзү териштирип, иликтей алгыдай абалда экенин айтты. Читать дальше...

Акталган жана соттолгон саясатчылар: Сот кайрымы өз-жатка бөлүнөбү?

Azattyk.org 

Учурда Кыргызстанда ондогон саясатчылар өздөрүнө карата козголгон кылмыш иштерин жана сот өкүмдөрүн кайра каратып жатышат. 2020-жылы октябрдагы бийлик алмашуудан кийин Жогорку сот мурдагы айыптоо өкүмдөрүн жокко чыгарган чечимдерди өзгөчө көп кабыл алды. Жаңы бийликтин тушунда сот кайрымы кимдерге өзгөчө тийип жатат? 2021-жылы өлкө бийлигинин коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөшүнүн алкагында ондогон аттуу-баштуу саясатчылар, мамлекеттик аткаминерлер кармалып абакка киргизилди. Бирок, алардын... Читать дальше...

Коронавирус жугузган 676 бейтаптын абалы оор

Azattyk.org 

Ушул күндөрү Кыргызстанда коронавирус менен 6 716 адам ооруп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады. Ооругандардын 5 242си үйүнөн дарыланса, 1 474ү ооруканаларда. Алардын 676сы оор абалда, тагыраагы 95инин абалы өтө оор, 581и оор деп бааланган. 787 бейтаптын абалы орто, он бири канааттандырарлык деңгээлде. 30-январдагы расмий эсеп боюнча бир күндө вирус 276 кишиден табылып, төрт адам көз жумду. Пандемия башталган эки жыл ичинде вирустан каза болгондордун расмий саны 2876 кишиге жетти. Читать дальше...

Навальный тууралуу тасма эки сыйлыкты жеңди

Azattyk.org 

АКШнын  Солт-Лейк-Сити шаарында виртуалдык түрдө өткөн Sundance эл аралык фестивалында орусиялык оппозиционер Алексей Навальный тууралуу CNN Films жана HBO Max тарткан даректүү тасма эки сыйлыкты алды. Тасманын бет ачары 25-январда болгон. Бул тууралуу фестивалдын расмий сайтында жарыяланды. "Навальный" аттуу тасманы жаш документалист Дэниэл Роэр тарткан. Ал эми продюсерлеринин бири Навальныйдын командасында иштеген Мария Певчих болду. Тасмада Навальный өз өлкөсүндө реформаны көздөгөн, татыктуу лидер катары чагылдырылган. Читать дальше...

Аба ырайы: Күн ачык болот

Azattyk.org 

Синоптиктердин маалыматына караганда, 31-январда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында түнкүсүн кар жаайт. Күндүз күн ачык болот. Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болот. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 1…+6; Талас облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 0…+5; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2; Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10; Бийик тоолордо түнкүсүн -23…-28... Читать дальше...

Өкмөттүн токтому, дыйкандардын нааразылыгы

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин “айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө” 309-токтому жер-жерлерде дыйкандардын нааразычылыгын жаратууда. Алар мындан ары жөнөкөй дыйкандар жерди ижарага алууга мүмкүн болбой калганын, токтом ири ишкерлердин гана кызыкчылыгын көздөй турганын билдирүүдө. Айыл чарба министрлиги бул чечим үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү үчүн кабыл алынганын жүйө келтирип жатат. Министрлер кабинетинин “айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк... Читать дальше...

Коронавирустан төрт адам каза болду, 276 кишиден аныкталды

Azattyk.org 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин 30-январдагы маалыматына караганда, Кыргызстанда вирустан бир суткада төрт киши каза болду. Пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери каза болгондордун  расмий эсеби 2876 адамга жетти. Оору жаңы аныкталгандардын саны 276 кишини түздү. Учурда 6 716 киши коронавирус менен ооруп жатат. Алардын 5 242си үйүндө дарыланса, 1 474ү ооруканада. 95 адам өтө оор абалда реанимация бөлүмдөрүндө. 681 кишинин абалы оор деп бааланган. Бейтаптардын он биринин гана абалы туруктуу. Читать дальше...

Сугат системасын оңдоого 1 миллиард сом бөлүндү

Azattyk.org 

Министрлер кабинети 2022-жылы өлкөдөгү ирригациялык системаларды оңдоого 1 миллиард сом бөлүнгөнүн кабарлады. Бул каражат сугат тармагын оңдоого жана арыктарды тазалоого жумшалат. Айыл чарба министрлигинин Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, ирригациялык системалардын начарлашынан улам сугат иштеринде ири көлөмдөгү суу коромжуга учурап келген. Айрыкча 2020-2021-жылдары Борбор Азияда болгон кургакчылык жана сугат суу тартыштыгынан улам өлкөнүн ар кайсы облусундагы дыйкандар нааразылык акцияларына чыккан. Читать дальше...

Чек арага жакын айылдардын тургундары үйлөрүнө баруудан кооптонуп жатканын билдиришти

Azattyk.org 

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан айылдын айрым тургундары үйлөрүнө кайра баруудан кооптонуп жатканын билдиришти. Алар азыркы тапта Баткен шаарындагы мамлекеттик мекемелердин имаратында башкалкалап жатат. Бул тууралуу "Азаттыктын"  кабарчысы жеринен маалымдады. 27-28-январда чек арадагы айылдардан 11 миңден ашуун тургун коопсуз жайларга көчүрүлгөн. Эвакуацияланган жарандардын басымдуу бөлүгү балдар жана аялдар. Алардын ичинен 10 410 жаран туугандарынын үйүнө, 642 адам жети убактылуу жайгаштыруу пункттарына жеткирилген.


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Линетт сыграет против Соболенко во втором круге турнира WTA в Мадриде






Туристы заняли 80% номеров в нижегородских отелях на майские праздники

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Клиентская служба «Рязанский - Некрасовка» в ЮВАО г. Москвы с 27 апреля меняет адрес

61 страна, 28 тысяч площадок: «Единая Россия» в шестой раз провела «Диктант Победы»

Проект из Архангельской области стал победителем четвертого сезона Всероссийского конкурса спортивных проектов «Ты в игре»