Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Новости за 18.01.2022

Талды-Коргон: Кан жуткан тургундар, кулаган эстелик

Azattyk.org 

Казакстандагы кандуу окуялар Талды-Коргон шаарында да кайгылуу из калтырды. Бир нече үй бүлө жакындарын жоготуп, кан жутуп отурат. "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы ал жерге барып, калаа тургундарынын баянын угуп келди.

 “Нур Отан” партиясы кезексиз курултай өткөрөрүн жарыялады

Azattyk.org 

“Нур Отан” партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Бауыржан Байбек 18-январда партиянын аймактык филиалдары менен жыйын өткөрүп, кезексиз курултай өткөрүүгө даярдык башталганын жарыялады. Бул тууралуу аталган партиянын басма сөз кызматы кабарлады. Жыйында Бауыржан Байбек Назарбаевдин азыркы президенттин айланасында биригүү чакырыгын эске салып, мурдагы мамлекет башчыны сынга алгандарды айыптады. Партиянын курултайынын күнү айтылган жок. Анда лидерди алмаштыруу маселеси каралары белгилүү болду. Читать дальше...

Европарламенттин жаңы спикери болуп Роберта Метсола шайланды

Azattyk.org 

Европарламенттин жаңы төрайымы болуп Мальтанын өкүлү Роберта Метсола шайланды. Ал 43 жашта, Европарламенттин тарыхындагы эң жаш саясатчы болуп калды. Метсола Европа Биримдигинин ичиндеги эң кичинекей мамлекет саналган – Мальтанын биринчи өкүлү катары келген. Төрайымдыккка аны Европарламенттеги үч ири фракция колдоду. Роберта Метсола аборттор жөнүндө мыйзамдарды катаалдаштырууну жактаган депутат. Бирок шайланып жатып Европарламенттин башчысы катары өз көз карашын эмес, анын көпчүлүк депутаттарынын кызыкчылыктарын коргой турганын айтты. Читать дальше...

Мадумаровдун сурагы, талаштуу протоколдун таржымалы

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров 18-январда Башкы прокуратурага үчүнчү жолу чакыртылып, соңку эки күндөн бери эртеден кечке чейин сурак берди. Президенттин 17-январдагы маегинен кийин Садыр Жапаров менен Адахан Мадумаровдун тиреши күчөгөнү айтыла баштады. Жапаров менен Мадумаровдун тиреши “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу сурагы уланууда. Башкы прокуратура... Читать дальше...

Назарбаев кандуу окуялардан кийин биринчи жолу үн катты

Azattyk.org 

Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалды. Анын бошотулушун талап кылган тарапкерлери атайын кызматтын алдына митингге чыгышты. Былтыр “Кумтөрдөн" 14,5 тонна алтын казылган. Жалпысынан алтынды сатуудан 856 миллион доллар түшкөн, анын 621 миллиону ишкананы кыргыз өкмөтү колго алгандан кийинки каражат. Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев 225 адамдын өмүрү кыйылган окуялардан кийин алгачкы жолу билдирүү менен чыкты. Ал бийликти 2019-жылы эле Токаевге өткөрүп бергенин айтып... Читать дальше...

Навальныйды колдогон активист Нидерланддагы орус элчилигинин алдында акция өткөрдү

Azattyk.org 

Орусиялык активист Александр Кашеваров Орусиянын Гаагадагы элчилигинде оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды коргоп перформанс стилинде акция өткөрдү. Бул тууралуу Орусияда түзүлгөн жаштардын “Весна” кыймылы кабарлады. Уюм тараткан сүрөттө Кашеваров Иса пайгамбардын устунга кагылган элесин туурап, өзүнүн башына тикенек зым кийип, колдорун элчиликтин кашаасына байлап койгону көрүнүп турат. Ал муну Навальныйдын камалганынын бир жылдыгына байланыштуу жасаганын түшүндүрүп, аны бошотууну талап кылган. Читать дальше...

Президент жаңы Салык кодексине кол койду

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Салык кодексине кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы 18-январда кабарлады. Документти Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алган. Президенттин администрациясы Салык кодексинин максаты салык системасынын туруктуулугун камсыздоо, салыктык жол-жоболорду санариптештирүү, ишкердикти жүргүзүүдө бирдей шарттарды түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу экенин билдирди. "Кодекс менен салык салууга карата эки негизги ыкма каралган. Пайдага салык, сатуу салыгы,... Читать дальше...

Бажы башчысынын кармалышы талкуу жаратты

Azattyk.org 

Бийлик төрт ай мурун салыкты көбөйтүү жана коррупцияны азайтуу милдети менен бажы кызматынын башына койгон Адилет Кубанычбеков паракорчулукка шектелип кармалды. Атайын кызматтын айыптоосу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков 17-январда коррупциялык схемаларга шектүү катары кармалганын билдирди. Атайын кызмат Кубанычбеков товар импорттоодо жеке компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, аларга жеңилдик шарт түзгөн деп кабарлады. УКМКнын маалыматына ылайык... Читать дальше...



Өзбекстан учкучсуз учактарды чыгара баштады

Azattyk.org 

Өзбекстан Борбор Азиядагы мамлекеттердин ичинен биринчи болуп өзүнүн учкучсуз учуучу аппараттарын өндүрүүнү баштады. Бул тууралуу өлкөнүн Коргонуу өндүрүшү боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта айтылгандай, комитеттин алдында Авиациялык учкучсуз комплекстердин илимий-өндүрүштүк борбору уюшулду. Борбор техникалык жана атайын жабдуулар, сыноо аянтчалары, кураштыруу жана учкучсуз учактарды тейлөө комплекстери менен камсыздалган. Дрондорду чыгаруучу борбор өлкөнүн кайсы аймагында жайгашканы... Читать дальше...

Мадумаров суракта башка адамдар менен беттештирилет

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров 18-январда Башкы прокуратурадан кезектеги сурактан чыкты. Ал мекеменин алдында күтүп турган тарапташтары менен жолугуп сурак 19-январда да уланарын, тергөөнүн алкагында башка адамдар менен беттештирүү болорун айтты. Саясатчы 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан тарта күбө катары суралып баштаган. Адахан Мадумаров... Читать дальше...

Орусияда кыргызстандыкка ок атылып ооруканага түштү

Azattyk.org 

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын жаранына ок атылып, ооруканага түштү. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги окуя 16-январда болгонун билдирди. Ага ылайык, автосервисте иштеген кыргызстандык менен кардардын ортосунда чыр чыгып, кардар ок чыгарган. Кыргызстандын жараны оң жаагынан жаракат алып оорунага жаткырылган. Шектүү милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, ага Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголду. Расмий маалыматтарга караганда, Орусияда... Читать дальше...

Археологдун колу кишенделген сөөгү моргдон табылды

Azattyk.org 

Казакстандагы башаламандыктарда каза болгондордун туугандары алардын өлүмүн тыкыр иликтенишин бийликтен талап кылып жатат. Башкы прокуратуранын алдын ала маалыматына ылайык, тополоң маалында 225 адам көз жумду, 4,5 миңдей киши жараат алды. Ал арада мурдагы президенттин тун кызы, парламент депутаты Дарига Назарбаева ай соңуна чейин өргүүдө болору кабарланды. "Колу кишенделген археологдун сөөгү өлүкканадан табылды" Ерлан Жагипаров тополоң курчуп турган маалда Республика аянтында каза болгондордун бири. Читать дальше...

ЖК: эки комитет министр кызматына Имановдун талапкерлигин жактырды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги (ЖК) Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети менен Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана парламенттин регламенти комитети санарип өнүктүрүү министри кызматына Талантбек Имановдун талапкерлигин жактырды. Ал тууралуу жыйындарда президенттин жана Министрлер кабинетинин ЖКдагы өкүлү Алмасбек Абытов маалымат берди. Иманов министрдин милдетин аткаруучу болуп ушул айдын башында дайындалган жана коомчулукта IT тармакка тиешеси жок адамдын келгени талаш-талкуу жараткан. Читать дальше...

Назарбаев нааразылыктар “атайын уюштурулганын” билдирди, Токаев менен тирешкенин төгүндөдү

Azattyk.org 

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев январдын башындагы тополоң менен коштолгон нааразылыктар тууралуу  кайрылуу жасады. Анын видео билдирүүсү Элбасынын басма сөз кызматынын YouTube каналында 18-январда жарыяланды. Назарбаев соңку окуяны “атайын уюштурулган башаламандыктар жана чабуулдар” деп атап, ал өлкөнүн бүтүндүгүнө шек кетиргенин билдирди. “Болуп өткөн трагедия баарыбызга сабак болду. Талап-тоноолорду жана киши өлтүрүүлөрдү ким уюштурганын аныкташ керек. Ага тергөө жооп табат”,-... Читать дальше...

Бажы кызматынын камалган башчысынын жакындары митингге чыгышты

Azattyk.org 

Коррупцияга шек саналып камалган Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбековдун жакындары Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) имаратынын алдына митингге чыгышты. Алар өлкө башчыларына кайрылып, Кубанычбеков “аткезчиликти” тыйганын, негизсиз каралоо болуп жатканын айтып, анын бошотулушун жана ишинин акыйкат тергелишин талап кылышты.   УКМК Адилет Кубанычбековду 17-январда кармаган. Ал бул кызматка былтыр октябрда эле дайындалган. Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, Бажы кызматынын жетекчилиги... Читать дальше...

Шавкат Мирзиёев түркмөн президентинин уулун кабыл алды

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 17-январда Ташкентке иш сапары менен келген Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Сердар Бердымухамедовду кабыл алды. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин сайты кабарлады. “Жогорку мартабалуу конок кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун саламын айтты жана түркмөн лидеринин жазуу түрүндөгү каалоо-тилектерин тапшырды”, - деп айтылат ал маалыматта. Сердар Бердымухамедов Түркмөнстандын... Читать дальше...

Чукул билдирүү: кээ бир аймактарда кар көп жаайт

Azattyk.org 

"Кыргызгидромет” агенттиги аба ырайы тууралуу чукул билдирүү таратты. Ага ылайык, 19-20-январь күндөрү түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош менен Нарындын кээ бир райондорунда, 19-январда күндүз айрым жерлерде жаан, тоо этектеринде, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Жалал-Абадда кээ бир аймактарда жаан-чаачын катуулашы ыктымал. 19-январда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында маал-маалы менен кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад менен Баткен облустарында катуу жаашы ыктымал. Читать дальше...

Аида Салянова Свердлов округунан депутаттыкка талапкерлигин койду

Azattyk.org 

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова Бишкектеги №29 Свердлов шайлоо округунан депутаттыкка талапкерлигин койду. Бул тууралуу  Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында жазылды. Маалыматка караганда, 18-январь, саат 16:00гө карата кайра шайлоо өтчү №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдарынан депутаттыкка талапкер болгондордун саны 40ка жетти. БШК 17-январдагы отурумунда Жогорку Кеңешке Бишкектеги эки округ боюнча кайра шайлоого төрт талапкерди каттаган. №27 Биринчи май округу боюнча Элвира Сурабалдиева... Читать дальше...

Новости России
Москва

Тема дня: На «Госуслугах» можно будет получить статус многодетной семьи с 2025 года


Улуу Британия Украинага курал жөнөтөрүн маалымдады

Azattyk.org 

Британиянын коргоо министри Бен Уоллес Украинага колдоо катары Лондон коргонуу боюнча жаңы система жөнөтөрүн маалымдады. 17-январда парламенттеги билдирүүсүндө ал курал Орусияга каршы багытталбай турганын, коргонуу үчүн колдонуларын кошумчалады.  Бен Уоллес кризис боюнча сүйлөшүү үчүн жакынкы апталарда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгуну Лондонго чакыра турганын да айтып өттү. Ал арада Украинага келген АКШнын делегациясынын башчысы, сенатор Ричард Блюменталь Вашингтон да Украинага коргонуу үчүн курал берерин кабарлады. Читать дальше...

Пакистандагы атышууда полиция кызматкери окко учту

Azattyk.org 

Пакистандын борбору Исламабадда 17-январдын түнүндө болгон атышуудан полиция кызматкери окко учту. Кол салган эки киши жок кылынды. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Рашид Ахмед 18-январда окуя болгон жерден журналисттерге билдирип, аны “террордук чабуул” деп атады. “Бул Исламабадда теракттар башталды дегенди түшүндүрөт. Демек, биз дайыма даяр турушубуз керек”,-деди ал. Маалыматта айтылгандай, куралдуу эки киши мотоцикл менен келип полициянын блокпостуна ок чыгарган. Атышууда полиция кызматкерине ок тийип, ошол жерде жан берген. Читать дальше...

"Укугун билген аял жашоодо жаңылбайт". Оштогу кризистик борборлор

Azattyk.org 

Ушу тапта өлкөдө зордук-зомбулукка кабылган аялдарга жардам көрсөткөн 17ге жакын кризистик борбор бар. Ал жерде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга психологиялык, медициналык жана юридикалык жардам көрсөтүлөт. Адистер документтерди толтурууга жардам берип, сот залында коштоп жүрүшөт. Кризистик борборлор убактылуу баш калкалоочу жай менен да камсыз кылат.

БУУнун агенттиги Беларус мажбурлап кондурган учак боюнча иликтөөсүн аяктады

Azattyk.org 

БУУнун Жарандык авиация агенттиги Беларус бийлиги журналистти кармоо үчүн Минскиге мажбурлап кондурган Ryanair компаниясынын учагы боюнча иликтөөсүн аяктады.  Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) маалыматына караганда, бул тууралуу баяндама уюмдун бардык 193 мүчөсүнө берилди. Беларуска карата кошумча чараларды көрүү жана санкцияларды киргизүү маселесин андан ары БУУнун кеңеши чечет. Аны кароо 31-январга белгиленген. Беларуста жашап келген орусиялык София Сапега жана беларус журналисти Роман... Читать дальше...

Кытай COVID-19га байланыштуу кышкы Олимпиадага билет сатууну токтотту

Azattyk.org 

Кытай коронавирус пандемиясына байланыштуу Бээжиндеги 2022-жылкы кышкы Олимпиада оюндары үчүн кеңири коомчулукка билет сатуусун токтотту. Бул тууралуу оюндун уюштуруучулары кабарлады. Мунун ордуна вирустун  алдын алуу боюнча катаал чараларды аткарууга милдеттеме алган көрүүчүлөрдүн тандалма тобу гана оюнга чакырылат. Бээжин чет өлкөлүк сүрөөнчүлөр Олимпиадага киргизилбей турганын жарыялаган. Оюндар 4-февралда башталат. Спортчулар жана оюндун башка катышуучулары спорт объектилеринде, жашаган жерлеринде... Читать дальше...

“Токаевдин бийлигинин келечеги бүдөмүк”

Azattyk.org 

Мамлекеттик ишмер, академик Осмонакун Ибраимов Казакстандагы тополоңго баасын берди. Ошондой эле мурдагы президент Нурсултан Назарбаев менен азыркы президент Касым-Жомарт Токаевдин мамлекетке кылган кызматы, кетирген катачылыктары жана келечеги тууралуу көз карашын билдирди. - Борбор Азиядагы эң стабилдүү, мартабалуу өлкө саналган Казакстанда чыккан тополоң дүйнөнүн көңүлүн бурган окуя болду. Эмне үчүн ушундай кырдаал түзүлдү? Сиз себебин эмнеден көрүп жатасыз? - Казакстан канчалык жаратылыш байлыктары көп... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Камбэком обернулся матч вундеркинда из России перед стартом Еленой Рыбакиной в Мадриде






Платформа Академика запустила подписку с самой большой коллекцией курсов от вузов

Эксперты дали советы по выбору идеального района для семейной жизни в Москве

Дожди и грозы ждут Москву в субботу

Столичные врачи спасли от разрыва аорты пациента в критическом состоянии