Молдова газ кризисине байланыштуу энергетикалык өзгөчө абал жарыялады
Молдова парламенти 20-январда Орусиянын “Газпром” компаниясына газ үчүн карызды берүүдөгү көйгөйдөн улам энергетикалык тармакта 60 күнгө өзгөчө абал жарыялоо тууралуу өкмөттүн сунушун бекитти. Премьер-министр Наталья Гаврилицанын айтымында, “Газпром” январь айы үчүн төлөмдү жылдыра туруу боюнча Молдованын өтүнүчүн четке каккандыктан, өлкө ушул режимде жашай турушу керек. Өкмөт “Молдовагаз” 38 миллион долларды 20-январга чейин төлөп, калган 25 миллион долларды кийин төлөөнү сунуштаганын билдирүүдө. Читать дальше...