Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Новости за 23.01.2022

Жагымдуу жылмайган Ameca  

Azattyk.org 

Жасалма интеллект тармагындагы новатордук жетишкендиктердин жардамы менен адам сымал жүзүн өзгөртө алчу робот жасалды. Британиялык Engineered Arts компаниясы Ameca роботун түзүүгө төрт жыл короткон.

Журналист менен төкмөнүн кармалышы нааразылык жаратты

Azattyk.org 

22-январда Ички иштер министрлиги кармаган иликтөөчү журналист Болот Темиров жекшембиде эч кайда кетпөө тууралуу тил кат менен, ал эми төкмө акын Болот Назаров үй камагына чыгарылды. Журналист менен төкмө акын бир күн мурун маңзатка байланыштуу шектенүү менен кармалган. Жарандык коом жана маданият өкүлдөрү алардын кармалышын "сөз эркиндигине басым жана куугунтук" деп баалап митингге чыгышты. ​ Иликтөөчү журналист менен төкмө акынды бошотууну талап кылгандар алардын кармалышына Улуттук коопсуздук... Читать дальше...

Болот Назаров: Жер шарындагы сөз эркиндиги бизден башталарын далилдедиңер (видео)

Azattyk.org 

23-январдын түнү соттун чечими менен үй камагына чыккан төкмө акын Болот Назаровду тарапташтары, активисттер, акындар тосуп алышты. Алар "Болот курчуйт, таш сынат!" деп кыйкырып, сүрөп турушту. Назаров аны бошотууга чогулгандардын аракети себеп болгонун, сөз эркиндиги адамзат үчүн канчалык баалуу экенин айтты. "Планетадагы сөз эркиндиги үчүн турдуңуздар. Планетадагы сөз эркиндиги бизден башталарын далилдедиңиздер. Эң негизгисин айткым келет... Сөз эркиндигин талап кылып жүргөн журналисттерге, жер бетиндеги журналисттерге айткым келет... Читать дальше...

Төкмө акын Болот Назаров үй камагына чыкты

Azattyk.org 

Төкмө акын Болот Назаров 23-январдын түнү соттун чечими менен шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайынан үй камагына чыкты. Аны тарапташтары тосуп алышты. Иликтөөчү журналист Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция 23-январга караган түнү кармап кеткен. ИИМдин маалыматына караганда, кылмыш иши козголуп, экөө тең шектүү катары өтүп жатышат.

Төкмө акын Болот Назаров соттун чечими менен үй камагына чыкты

Azattyk.org 

Төкмө акын Болот Назаров 23-январдын түнү соттун чечими менен шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайынан үй камагына чыкты. Аны тарапташтары тосуп алышты. Буга чейин аны Бишкек шаардык милициясынын имаратынан аны ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин коштоосунда сотко алып кетишкен. Абдиев журналисттерге сотто анын кармалышынын мыйзамдуулугу каралып, андан кийин үй камагына чыгарыла турганын билдирген. Иликтөөчү журналист Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын... Читать дальше...

Иранда абакка кесилген британ жараны ачкачылык жарыялады

Azattyk.org 

Иранда "тыңчылык кылган" деген айып менен камалган британ жараны нааразылык иретинде ачкачылык акциясын баштады. Эки мамлекеттин кош жарандуулугу бар 67 жаштагы Ануш Ашури 2019-жылы Израилдин "Моссад" чалгындоо агенттигинин пайдасына тыңчылык кылган деп айыпталып, 12 жылга эркинен ажыратылган. Анын кызы Элика Ашури социалдык тармактар аркылуу видео кайрылуу жолдоп, анда Тегерандагы Эвин түрмөсүндө отурган атасы,  эч кандай жылыш көрө албагандыктан ачкачылык акциясын баштаганын айткан. Элика Ашури Иранда кармалып тургандардын абалы АКШ... Читать дальше...

"Назарбаевге сыйынуу Сталиндей эле ашкереленет"

Azattyk.org 

Дүйнөлүк маалымат каражаттары Казакстандагы кырдаалды, кан төгүүдөн кийинки саясий окуяларды чагылдырып, талдоонун үстүндө. Шамалгандагы музей жана Назарбаевдин керт башына сыйынуу The Guardian гезити 20-январдагы санында Нурсултан Назарбаевдин керт башына сыйынуу көрүнүшү четинен жок болуп баратканын жазды. Басылманын кабарчысы Петр Сауэр макаласын Элбашынын кичи мекени - Шамалган айылынан дарядаган репортаждан баштаган. Журналист айтып бергендей, туңгуч президентке арналган музейде Назарбаев туулуп өскөн үйдүн макетин... Читать дальше...



Төкмө акындар нааразылыгын ыр менен билдиришти

Azattyk.org 

Бишкекте иликтөөчү журналист Болот Темиров жана төкмө акын Болот Назаровдун бошотулушун талап кылган митингге журналисттерден сырткары чыгармачыл адамдар, айрым жазуучулар, төкмө акындар чыгышты. Алардын бири - төкмө акын, Эмгек сиңирген артист Азамат Болгонбаев Кыргызстан эгемендик алган 30 жылда бийликти катуу сындап келген акынды камоо фактысы болбогонун айтты.

Казакстанда "терроризм" беренелери менен 464 адам камакка алынды

Azattyk.org 

Январь окуясынан кийин Казакстандын Башкы прокуратурасы 819 кылмыш иши тергелип жатканын билдирди. Бул тууралуу 22-январдагы брифингде Башкы прокуратуранын биринчи кызматынын жетекчисинин орун басары Елдос Килымжанов билдирди. Анын айтымында, 45 иш "террордук актылар" боюнча тергелүүдө (өлкө бийлиги "эл аралык террористтик топтордун кол салуулары" тууралуу буга чейин билдирген) 36 иш  "массалык баш аламандык", 15и адам өлтүрүү боюнча иш тергелүүдө. Каракчылык, уурулук, курал-жарактарды уурдоо жана... Читать дальше...

Жаңы Зеландиянын премьер-министри коронавирустан улам үлпөт тоюн жылдырды

Azattyk.org 

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн “омикрон” штаммынын жайылышына байланыштуу кийинки аптада кире турган чектөөлөрдөн улам үлпөт тоюн жылдырды. Бул тууралуу Sky News каналы билдирди. "Жашоо ушундай. Мен пандемиянын кесепеттерин баштан кечирген миңдеген жаңы зеландиялыктардан эч айырмаланбайм. Мисалы, жакындарым катуу ооруп калганда алар менен бирге боло албайм. Бул бардык кайгыдан ашып түшөт", - деди ал. Ардерн менен Кларк Гэйфорддун үлпөт тою келерки аптада Гисборндо өтүшү керек эле. Читать дальше...

Милиция: Болот Назаров үй камагына чыгарылды

Azattyk.org 

Төкмө акын Болот Назаров камактан бошотулду. Бир нече мүнөт мурда Бишкек шаардык милициясынын имаратынан аны ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин коштоосунда алып чыгышты.  Абдиев журналисттерге "Азыр сотко алынып баратат, мыйзамдуулугун текшергенге. Үй камагына чыгарылды. Ал жерде 15-20 мүнөт болот, андан кийин үйүнө кетет" деп билдирди. Назаров өзү аны колдоп, милициянын жанында акция өткөрүп жаткандарга ыраазылыгын билдирип, "Ак ийилет, сынбайт" деп айтты. Иликтөөчү журналист... Читать дальше...

Ошто журналист Темировду колдогондор акцияга чыгышты

Azattyk.org 

Ош шаарында журналисттер жана активисттер Темировду колдогон акция өткөрдү. Алар Темировдун кармалышын “саясий буйрук” деп аташты. Акцияга 30га жакын жергиликтүү журналисттер жана активисттер катышты. Баары бир ооздон журналисттерге карата куугунтуктоону токтотууну талап кылышты. Журналист Ыдырыс Исаков Темировдун кармалышын анын акыркы иликтөөсү менен байланыштырды. “Нормалдуу өлкөдө иликтөө чыккандан кийин иликтөөнүн башкы каарманы болгон адам дароо иштен алынышы керек. Ал президент болсо дагы кызматынан четтеши керек. Читать дальше...

Төкмө акындар нааразылыгын милициянын алдында ыр менен билдирүүдө

Azattyk.org 

Ушу тапта Бишкек шаардык милициясынын алдында кечээтен бери камакта отурган төкмө акын Болот Назаровдун бошотулушун талап кылган акция уланууда. Ага катышкан белгилүү төкмө акындар окуя тууралуу пикирин ыр менен билдирип, бийликти адилет чечим кабыл алууга үндөп жатышат. Иликтөөчү журналист Болот Темировду жана Болот Назаровду милиция 23-январга караган түнү кармап кеткен. Кеңседе тинтүү жүргүзүлүп, компьютерлерди алып кетишкен. Адвокат Нурбек Токтакунов кылмыш иши Жазык кодексинин 287-беренеси... Читать дальше...

Болот Темиров: Болот Назаровду эки, мени бир берене боюнча күнөөлөп жатышат

Azattyk.org 

Иликтөөчү журналист Болот Темиров чогуу иштешкен төкмө акын Болот Назаровду эки, өзүн бир берене менен күнөөлөп жатышканын 23-январда камактан бошотулгандан кийин “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып айтты: “Аныкы эки эсе оорураак. Бирок, эң негизгиси, ак ийилет, бирок сынбайт”. Темиров аларга каршы арыз Адылбек кызы Айпери атуу жарандан түшкөнү белгилүү болгонун, өзү андайды тааныбай турганын, көргөн эместигин билдирди. Темировдун айтымында, тинтүү учурунда кеңседе маңзат табылган жок... Читать дальше...

Президент журналист Темировдун ишине көз саларын билдирди

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышына байланыштуу өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына комментарий жазды. Анда мамлекет башчы Болот Темиров жана башкалардын баңгизат менен кармалгандыгына байланыштуу иштердин адилет тергелишине толук көз салып турарын айткан. "Мыйзам алкагында жүргүзүлгөн кандай гана кесиптик ишмердүүлүк болбосун, анын ичинде журналисттик ишмердүүлүк дагы, басым-кысымдын тигил же бул түрүнө себеп болбошу керек. Ар бир иш бардык жагдайларды эске алуу менен калыс иликтениши зарыл. Читать дальше...

Болот Темиров камактан чыкты

Azattyk.org 

Иликтөөчү журналист Болот Темиров камактан чыкты. Бишкектин Свердлов райондук сотунун алдынан 23-январда саат 14:30 чамасында аны журналисттер жана активисттер, укук коргоочулар тосуп алышты. Темировду күч кызматкерлери 23-январга караган түнү кармап кетишкен. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев ал жана төкмө акын Болот Назаров маңзатка байланыштуу арыздын негизинде кармалышканын айткан. Ички иштер министрлиги алар экөө тең бир иштин алкагында шектүү катары өтүп жатышканын маалымдаган. Читать дальше...

Коронавирустан дагы үч киши каза болуп, 787 кишиден жаңы аныкталды

Azattyk.org 

Соңку бир күн ичинде (23-январга карата-ред.) Кыргызстанда коронавирус 787 адамдан жаңы аныкталды. Саламаттык сактоо министрлиги вакцина албаган үч бейтап каза болгонун билдирди. Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары (512 адам). Чүй облусу – 154 Жалал-Абад облусу – 42 Баткен облусу - 29 Ысык-Көл облусу – 20 Талас облусу - 11 Ош облусу – 9 Нарын облусу - 5 Ош шаары - 5 Акыркы суткада 486 адам илдеттен сакайып чыкты.  1162 бейтап ооруканада, 7 миңдей адам үйүндө дарыланууда. Читать дальше...

24-январдын аба ырайы

Azattyk.org 

24-январда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Нарын облусунун тоолорунда кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 0…5; Талас жергесинде түнкүсүн -3...-8, күндүз -2…+3; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8... Читать дальше...

Новости России
Москва

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)


Болгонбаев: Болот Назаров чыгармачылыгы, акыйкат пикири үчүн кармалды

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин имаратынын алдына иликтөөчү журналист Болот Темиров жана төкмө акын Болот Назаровдун бошотулушун талап кылган митингге журналисттерден сырткары чыгармачыл адамдар, айрым жазуучулар, төкмө акындар чыгышты. Алардын бири - төкмө акын, Эмгек сиңирген артист Азамат Болгонбаев Кыргызстан эгемендик алган 30 жылда бийликти катуу сындап келген акынды камоо фактысы болбогонун айтты. "Байыркы Токтогул акыйкатты ырдаган үчүн дарга асылган, кийинки Токтогул акыйкатты ырдаган үчүн Сибирге сүргүнгө айдалган. Читать дальше...

Адвокат: Болот Назаров 48 саатка камакка алынды

Azattyk.org 

Төкмө акын Болот Назаров 48 саатка камалды. Бул тууралуу 23-январда саат 13:30дар чамасында адвокат Нурбек Токтакунов билдирди. Анын айтымында, Назаров милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мыйзам боюнча, кармалган адамдын бөгөт чарасы 48 саат ичинде аныкталууга тийиш. Иликтөөчү журналист Болот Темировду жана төкмө акын Болот Назаровду милиция 23-январга караган түнү кармап кеткен. ИИМдин маалыматына караганда, кылмыш иши козголуп, экөө тең шектүү катары өтүп жатышат. Темиров эч... Читать дальше...

Медиа жана жарандык коомдун өкүлдөрү Темировдун кармалышына байланыштуу кайрылуу жолдоду

Azattyk.org 

Кыргызстандагы медиа сектор жана жарандык коомдун өкүлдөрү иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышы жана Temirov LIVE деп аталган YouTube-каналынын кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүшүнө байланыштуу ачык кайрылуу жолдошту. Анда "мурдагы жана азыркы бийлик төбөлдөрүнүн, саясатчылардын коррупциялык фактыларын иликтеген журналист кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү же террористтей кармалганы" сынга алынган. Бул аракеттер мыйзамдарга карама-каршы келе турганы айтылган. "Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин... Читать дальше...

Темировду колдоо акциясы Ошто да өтүүдө

Azattyk.org 

Ош шаарында 23-январда иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышына каршы жана сөз эркиндигин колдоого арналган акция өтүп жатат. Ага жергиликтүү журналисттер жана активисттер катышууда. Соңку жарыяланган иликтөөсүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин аты аталган "Temirov Live" YouTube каналынын негиздөөчүсү Болот Темиров 23-январга караган түнү кармалган. Күч органдары аны жана төкмө акын Болот Назаровду маңзатка байланыштуу түшкөн арыздын негизинде кармашканын... Читать дальше...

Митинг өтүп жаткан ИИМдин тегерегинде милиция топтолууда

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин алдында иликтөөчү журналист Болот Темировду бошотуу талабы менен тынч митинг өтүп жаткан жерге милиция кызматкерлери топтолууда. "Азаттыктын" кабарчылары маалымдагандай, ал жерден күч кызматкерлеринен тышкары милициянын атайын жеңил автомашиналарын да көрүүгө болот. Журналисттер, блогерлер, укук коргоочулар жана жарандык активисттер демилгелеген митингге ондогон адам катышууда.  Соңку жарыяланган иликтөөсүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы... Читать дальше...

Болот Темировду кармоонун мыйзамдуулугу сотто каралып жатат

Azattyk.org 

Журналист Болот Темировдун бөгөт чарасы ушу тапта Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жатат. Сот кызматкерлери дем алыш күндөрү отурумдар жабык өтөрүн жүйө келтирип, залга журналисттерди киргизген жок. Темиров эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен чыгарылганын бир аз мурдараак Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын көзөмөлдөө, усулдук башкармалыгынын башчысы Сапарбек Аманкулов билдирген. Ал "тергөөчү өзүнүн эч жакка чыкпоо тууралуу токтомун чыгарды. Азыр сотто анын кармалганынын мыйзамдуулугу каралып жатат. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Ига Свёнтек

Свёнтек: я чувствую, что с каждым годом получаю всё большую поддержку






Беспроводной сканер штрих-кодов Heroje S-H29W

Проект из Архангельской области стал победителем четвертого сезона Всероссийского конкурса спортивных проектов «Ты в игре»

Суд снова оштрафовал авиакомпанию «Сибирь» за овербукинг

В Москве начали отключать отопление